Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-январы № 10
«Компьютерде иштеген убактысы үчүн эмгек акысына үстөк төлөм белгилөө жөнүндө»
Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштарындын типтүү тизмегиндег 42 пунктунун 17 пунктчасына ылайык “компьютер менен иштөө” жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 258 “Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана өзгөчө шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегин (оор жумуштар, зыяндууу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттарындагы жумуштар) бекитүү” жөнүндөгү токтомуна жана Эмгек шарттары боюнча жумуш орундарын аттестациялоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиянын кеңешмесинин № 1,2 протоколуна ылайык, Оро айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын кезектеги 34-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 19-ноябрындагы № 423 электромагниттик нурлануунун жана чуу көлөмүн өлчөө протоколунда көрсөтүлгөн, Оро айыл өкмөтүндөгү кызматкерлердин эмгек акысына 25% пайызга чейинки өлчөмдө белгиленсин жана 2020-жылдын 01-январь айынан баштап эсептөө иштери жүргүзүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Казымовго милдеттендирилсин.
Тѳрайымы | З.Тойчубекова |