Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы кезектеги IV сессиясы
(Кыргыз Республикасынын Талас шаардык кеңешинин 2021-жылдын 9-сентябрындагы № 31/6-8 токтомуна редакциясына ылайык)
2021-жылдын 13-июлу №15/4-8
"2020-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн суммасын бөлүштүрүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин мыйзамынын 44-беренеси, Талас шаарынын мэриясынын 29.06.2021-жылдагы №01-21/995 сандуу, 2020-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн 26008,0 миң сом акча каражатын бөлүштүрүү боюнча катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын №3 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн 26008,0 миң сом акча каражатын өмөндөгүдөй бөлүштүрүүгө макулдук берилсин:
- Талас шаарынын А.Оторбаев, Ч.Сатаев, Б.Баатыр, Э.Мадиев көчөлөрүнө жол чырактарын орнотуу үчүн 1000,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарынын Үмөт Молдо көчөсүнүн курулуш, ондоо жумуштарынын кредитордук карыздарын төлөө үчүн 1372,0 миң сом акча каражаты Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарындагы борбордук паркты реконструкциялоо жумуштарына 1280,2 миң сом акча каражаты Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарынын “Тынчтык” жана “Жаштык” конуштарынын көчөлөрүнө кум шагыл төшөө, ички сугат системалары үчүн латокторду сатып алуу жана 6 көпүрөсүн ондоп түзөө жумуштары үчүн 2098,4 мин сом акча каражаты Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарындагы А.Алдашукуров-Токтогулов Каракойчу көчөлөрүнүн кесилишине балдар аянтчасынын курулушуна 400,0 миң сом, Молдосанов-Алымкулов көчөлөрүнүн кесилишине балдар ойноочу аянтчасын куруу үчүн 900,0 миң сом жана Ч.Сатаев-О.Омүрбеков көчөлөрүнүн кесилишине (ТМУнун капталы) сквер жасоо жумуштарына 200,0 миң сом, жалпы 1500,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.
- Борбордук паркты реконструкциялоо жумушунун кредитордук карызын төлөө үчүн 300,0 миң сом акча каражаты Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарынын №6 С.Абдылдаев орто мектебинин жанындагы курулуш ондоо жумуштарынын кредитордук карыздары үчүн 983,4 миң сом акча каражаты Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарынын ички жолдорун, көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна бордюр орнотуп, асфальт төшөө үчүн 8443,8 миң сом акча каражаты Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарынын коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына атайын техникаларды сатып алуу үчүн 5700,0 миң сом акча каражаты Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарынын ички көчөлөрүнө жамоо жумуштарын жүргүзүү үчүн 1357,0 миң сом акча каражаты Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарында 2020-жылга карата мал санактарды жүргүзүү кызматынын кредитордук карыздары үчүн 108,5 миң сом акча каражаты Талас шаарынын мэриясы аркылуу каржылансын.
- Талас шаардык Согуштун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын, ооруктун эмгекчилеринин ардагерлеринин коомдук бирикмесине 180,0 миң сом акча каражаты Талас шаарынын мэриясы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарындагы Санарип аймак автоматтык маалымат тутумуна калктын маалыматын киргизүү үчүн чарба китептерин түзүүгө 100,0 миң сом акча каражаты Талас шаарынын мэриясы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарында Аксакалдар сотунун ишин уюштуруу үчүн керектелүүчү товарларды алып берүүгө 30,0 мин сом сом акча каражаты Талас шаарынын мэриясы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарындагы №19 Е.Абилдаев атындагы балдар бакчасынын 2020-жылдагы кредитордук карызын жоюу үчүн 174,7 мин сом акча каражаты Талас район шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу каржылансын.
- Талас шаарынын №6 орто мектебине “NICE Kуrqhуzstan” программасына өздүк салымы үчүн 280,0 мин сом акча каражаты Талас район шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу каржылансын.
- Талас шаардык балдарга билим берүү борборуна эл аралык фестивальдарда алдынкы орундарды жеңген окуучуларды жана топ жетекчилерин сыйлоо үчүн 100,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык балдарга билим берүү борбору аркылуу каржылансын.
- Талас шаардык үй бүлөлүк дарыгерлер борборуна келишимдин негизинде, врачтардын депозити үчүн 100,0 мин сом акча каражаты Депутаттардын Талас шаардык кенеши аркылуу каржылансын.
- Шаардык билим берүү бөлүмүнө жана чет тилдер лицейине ар кандай чыгымдар беренесине мугалимдерди медициналык кароодон өткөрүү жана коммуналдык чыгымдарды төлөө үчүн 280,0 мин сом Талас район шаардык билим берүү бөлүм аркылуу, 20,0 миң сом чет тилдер багытындагы лицейи аркылуу каржылансын.
- Талас шаарынын мектептер жана лицейлер арасында облустук жана республикалык олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарды камсыздаган окуучуларды жана мугалимдерди акчалай сыйлоо үчүн 300 ,0 мин сом акча каражаты Депутаттардын Талас шаардык кеңеши аркылуу каржылансын.
- Талас каржы башкармалыгына сатып алуу, унаа жана ар кандай чыгымдар беренесине 100,0 мин сом акча каражаты Талас каржы башкармалыгы аркылуу каржылансын.
- Социалдык тейлөөгө муктаж жалгыз бой, майып жарандардын үйүнө барып социалдык жактан тейлөө кызматына 80,0 сом акча каражаты Талас райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы аркылуу каржылансын.
- Сессияларды онлайн режиминде өткөрүү боюнча керектүү аппараттарды сатып алуу үчүн 120,0 миң сом акча каражаты Депутаттардын Талас шаардык кенеши аркылуу каржылансын.
(Кыргыз Республикасынын Талас шаардык кеңешинин 2021-жылдын 9-сентябрындагы № 31/6-8 токтомуна редакциясына ылайык)
2. Талас каржы башкармалыгына (Ж.М.Ниязалиев) бөлүнгөн акча каражатын өз убагында каржылоо жагы милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Э.Аскаров) жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Кушубеков |