Загрузка документа…
Талас шаардык кеңешинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 67/10-8 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы кезектеги IV сессиясы
2021-жылдын 13-июлу №17/4-8
Талас шаарынын муниципалдык обьектилеринин жана жер аянттарды ижарага берүүдө ижара акыларынын тарифтери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 11.03.2021-жылдын №01-26/22 чыгыш сандуу катынын жана Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун №3 протоколдук сунушунун негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын муниципалдык обьектилерин жана жер аянттарды ижарага берүүдө ижара акыларынын тарифтери 1-2- тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ижара берүүдөгү ижара акыларынын жаңы тарифтерин ишке киргизүү 2022-жылдын II кварталынын баштап жүргүзүлсүн жана 2021-жылдын III кварталынан баштап ижарага берилип жаткан жер тилкелерине жана ижара мөөнөтүн узартуу боюнча келишимдерди түзүүдө жаны тарифтер менен иш алып баруу жагы Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (М.Долдоев) милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Э.Аскаров) тапшырылсын.
Тѳрага | А. Жусупбеков |