Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII-чакырылыштагы кезектеги X сессиясынын
2022-жылдын 11-февралы № 67/10-8
Талас шаарынын муниципалдык обьектилеринин жана жер аянттарды ижарага берүүдө ижара акыларынын жаңы тарифтери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 02.02.2022-жылдын №01-21/231 чыгыш сандуу катынын жана Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын №1 протоколдук сунушунун негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 13.07.2021-жылдагы №17/4-8 сандуу Талас шаарынын муниципалдык обьектилерин жана жер аянттарды ижарага берүүдө ижара акыларынын тарифтери жөнүндө токтому жокко чыгарылсын.
2. Талас шаарынын муниципалдык обьектилерин жана жер аянттарды ижарага берүүдө ижара акыларынын жаңы тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы багыт” газетасына, Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Иманалиев) тапшырылсын.
5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | А. Курамаев |