Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-сентябры № 194-27
«Ыкчам башкаруу жөнүндө»
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын айыл аймагынын тургундарынын турмуш-тиричилик шартьш жакшыртуу максатында Аламүдүн айылындагы почта бөлүмдөрүн ыкчам башкаруу жөнүндө келишим түзүү тууралуу маалыматын карал чыгьш жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сесспясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн Аламүдүн айылындагы Алма-Ата көч, № 141 жана Суворов көч, № 133 боюнча жайгашкан почта бөлүмдөрүн ыкчам башкаруу келишими бекитилсин.
2. Ушул келишимде аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын укуктарьшын жана милдеттеринин аткарылышьш контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Филимоненко |
| БЕКИТИЛДИ Аламүдүн айылдык кеңешинин 2020-жылдын 17-сентябры № 194-27 токтому |
Оперативдүү башкаруу
КЕЛИШИМИ
Аламүдүн а. № 194-27 2020-ж.
1. Келишимдин тараптары
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштук уставынын негизинде иштеп жаткан башчы Н.А.Кольбаевдин жүзүндөгү Аламүдүн айыл өкмөтү (мындан ары - Айыл өкмөтү) бир тараптан, “Kыpгызпoчтacы,, мамлекеттик ишканасынын Аламүдүн райондук филиалынын директору А.С.Курбанов экинчи тараптан, төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү:
2. Келишимдин предмети
2.1. Чүй обдусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айылы Суворова коч., № 133 дареги боюнча жайгашкан “Кыргызпочтасьг МИнин Аламүдүн райондук филиалынын 2-почта бөлүмүнүн имараты Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 231-беренесинин талаптарына ылайык калктын турмуш-тиричилигин камсыз кылуу жана жакшыртуу үчүн Аламүдүн айыл өкмөтүнө оперативдүү башкаруу укугунда өткөрүлүп берилет.
3. Келишимдин жарактуулук мөөнөтү
3.1. Келишимдин оперативдүү башкаруу укугунун жарактуулук мөөнөтү 2020-жылдын 1-сентябрынан тартып 2023-жылдын 1-сентябрына чейин белгиленет.
3.2. Ушул Келишим белгиленген мыйзам тартибинде каттоого алынган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Мүлктү өткөрүп берүү тартиби
4.1. Мүлктү оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү Кабыл алуу-өткөрүү актысы боюнча жүргүзүлөт. Имаратты откөрүп берүү актысы колдонуудагы ченемдик документтерге ылайык таризделет, белгиленген мыйзам тартибинде каттоого алынат, тараптар тарабынан күбөлөндүрүлөт жана Келишимди тариздөө боюнча көктөмодө сакталат.
4.2. Аталган турак жай эмес имарат ушул Келишимдин жарактуулук мөөнөтү аралыгында Аламүдүн айыл өкмөтүнүн балансында болуп эсептелинег.
5. Тараптардын укуктары жана милдеттери
5.1. “КыргызпочтасьГ МИнин Аламүдүн райондук филиалынын укуктары жана милдеттери.
5.1.1. “Кыргызпочтасы” МИнин Аламүдүн райондук филиалы Аламүдүн айыл өкмөтүнө оперативдүү башкарууга өткөрүлүп берилген мүлктүн максаттуу пайдаланылышын жана сакталашын контролдоого укуктуу.
5.2. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн укуктары жана милдеттери.
5.2.1. Аламүдүн айыл өкмөтү төмонкүлоргө укуктуу:
• өзүнө берилген мүлккө мыйзамдын талаптарында, ишинин максаттарында, менчик ээсинин тапшырмаларында белгиленген чекте ээлик кылууга, тескөөгө жана пайдаланууга, ошондой эле максаттуу пайдаланууга;
5.2.2. Аламүдүн айыл өкмөтү төмөнкүлөргө милдеттүү:
• турак жай эмес имаратты техникалык эксплуатациялоонун эрежелерине жана ченемдерине ылайык күтүүгө;
• Аламүдүн айыл өкмөтүнүн ишине байланышкан капиталдык жана күнүмдүк оңдоп-түзөө, бөлмөлөрдү кайра жабдуу иштерин жүргүзүүгө;
• “КыргызпочтасьГ МИнин Аламүдүн райондук филиалынын жазуу жүзүндөгү уруксатысыз Аламүдүн айыл өкмөтүнүн ишине байланыштуу бөлмөлөрдү эч кандай кайра пландоону жана кайра жабдууну жүргүзбөөгө;
Аламүдүн айыл өкмөтү өзүнө бекитилип берилген мүлктү ээликтен ажыратууга же башка жол менен тескөөгө, төмөнкүлөрдү жүргүзүүгө укугу жок:
• сатууга, башка адамга бекер берүүгө, ижарага (кош ижарага) берүүгө;
• мүлктү күрөөгө коюуга;
• мамлекеттик мүлккө өзү ээлик кылууга алып келген башка аракеттерди жүргүзүүгө;
5.2.3. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башка юридикалык жана (же) физикалык жактарга оперативдүү башкаруу укугуна өткөрүп берүүгө укугу жок.
6. Келишимдин мөөнөтүнөн мурда бузулушу
Келишим төмөнкү учурда бузулушу мүмкүн:
• тараптардын келишүүсү боюнча;
• колдонуудагы мыйзамдарга ылайык тараптарды жойгондо же кайра уюштурганда.
7. Башка шарттары:
7.1. Ушул Келишим эки нускада түзүлдү (тиешелүү негизде “Кыргызпочтасы” Минин Аламүдүн райондук филиалы тарабынан боо өткөрүлгөн, номерленген жана күбөлөндүрүлгөн, бир нускасы айыл өкмөтүндө, экинчиси “Кыргызпочтасы” МИде сакталат).
7.2. Маалымдаректер өзгөрүлгөндө тараптар бири-бирин жазуу жүзүндө тапшырык аркылуу кабарландырууга милдеттүү.
7.3. Тескөө документтеринен тышкары, Келишимге кандайдыр бир кошумча мүлктүк талаптарды киргизүүгө жол берилбейт.
7.4. Келишим боюнча пайда болгон талаштар колдонуудагы мыйзамдарга ылайык каралат.
7.5. Ушул Келишим күчүнө кирген учурдан баштап мүлккө ээлик кылуу укугу боюнча буга чейинкилер жана аларды түзүү шарттары жараксыз деп эсептелинет. Келишимге башка өзгөртүүлөр Келишим түзгөн тараптар кол койгон кошумча макулдашуу менен гана киргизилет.
Аламүдүн айыл өкмөтү Аламүдүн району, Аламүдүн а. Набережная коч, 300 А ИНН: 20307199710024 ОКПО: 04509686 Банк: КР ФМ Борбордук казыналыгы Алыш-бериш эсеби: 4403011001000391 Аламүдүн айыл аймагынын башчысы Н.А.Кольбаев (колу) | Аламүдүн “Кыргызпочтасы” МИси Аламүдүн “Кыргызпочтасы” МИси с.Лебединовка а., Жеңиш пр., 363 ИНН 01504199410099 БИК 129004 Алыш-бериш эсеби: 1290043230036644 Алыш-бериш эсеби: 4403011001001708 А.С.Курбанов (колу) |