Загрузка документа…
КР Президентинин
2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2006-жылдын 13-июлу ПЖ № 380
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын
30-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө"
Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү тууралу
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 223 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын коррупциянын алдын алуу боюнча Улуттук агентгигинин түзүлгөндүгүнө байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Мамлекеттик башкаруу органдарынын мамлекеттик кызмат орундарынын ченемдик түзүмү" деген № 5 тиркеменин эскертүүсүндө:
1-пункт "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын коррупциянын алдын алуу боюнча Улуттук агенттиги," деген сөздөр менен толукталсын;
2-пункт "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын коррупциянын алдын алуу боюнча Улуттук агенттиги" деген сөздөр менен толукталсын.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 223 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана финансы маселелерин чечсин, ошондой эле өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |