Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
                 Кыргыз Республикасынын Президентинин          2008-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 223 Жарлыгына ылайык                             КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 15-июлу ПЖ № 382              КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ            Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын    30-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын       түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү                  жана толуктоолорду киргизүү тууралу      Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында башкаруу  система-сын андан ары өркүндөтүү максатында токтом кылам:      1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы№ 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптимал-даштыруу жөнүндө" Жарлыгына  төмөнкүдөй  өзгөртүүлөр  жана  толуктоолоркиргизилсин:     - аталган  Жарлыктын  "Кыргыз  Республикасынын  министрликтеринин,мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун, баш-ка аткаруу органдарынын мамлекеттик кызматчыларынын санынын чеги" деген№ 1 тиркемесинин 19-пунктунда:     - биринчи абзацтагы "542" деген сан "546" деген сан менен алмашты-рылсын;     - төртүнчү абзацтагы "региондор аралык органдары  деген  сөздөрдөнкийин  "жана  кыймылсыз  мүлк жана жер ресурстары боюнча Баткен зоналыкборбор" деген сөздөр кошулсун.  "20" деген сан "24" деген сан менен ал-маштырылсын.     2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:     - ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана башка маселелерди чеч-син;     - өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.     3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын Президенти               К.Бакиев