Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХХVII сессиясы
2020-жылдын 28-апрели № 37/5
Айылдык Кеңештин жооптуу катчысы кызмат ордун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 «Айылдык кенештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомунун негизинде Ак-Кыя айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Ак-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысы кызмат оруну бекитилсин.
2. Жооптуу катчынын айлык акысын Кочкор райондук финансы бөлүмүнүн башкармалыгы менен макулдашып, бекитүү жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы, башкы бухгалтер Р.Калмамбетовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы өкмөт башчы Т.Турдубековго тапшырылсын.
Төрага | Р.Зарлыков |