Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги V сессиясы
2020-жылдын 28-июлу №5-5
Ат-Башы айылынын Өнүктүрүү фондунун уставын жана байкоочу кещешинин курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин, Кыргыз Республикасынын “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” Мыйзамдарынын негизинде жана Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башкы адис-юристи Курманбек уулу Досумбектин Ат-Башы айылынын өнүктүрүү фондунун (мындан ары өнүктүрүү фонду) Уставын жана байкоочу кещешинин курамын бекитүү жөнүндөгү берген маалыматына ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылынын өнүктүрүү фондунун (мындан ары-өнүктүрүү фонду) Уставын жана байкоочу кещешинин курамы тизмеге ылайык бекитилсин; Тиркеме №1 тиркелет 7 баракта.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башкы адис-юристи Д. Курманбек уулуна милдеттендирилсин.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары | К. Асанбаева |
Каттоо № 45
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кещешинин
28-июль 2020-жылдагы
№5-5 токтомуна №1 тиркеме
Ат-Башы айылын өнүктүрүү фондунун
Уставы
1. Жалпы жоболор
1.1. Ат-Башы айыл айылын өнүктүрүү фонду (мындан ары-өнүктүрүү Фонду) деп атала турган Ат-Башы районунун Ат-Башы айылын өнүктүрүүнү пландаштыруу жаатында, Ат-Башы айыл аймагына караштуу карьерлерди иштеткен ишканалардан жардам катары түшкөн социалдык пакеттерди жана Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин юридикалык жактары, ошондой эле айрым жарандар ыктыярдуу которгон каражаттарды натыйжалуу пайдаланууда жергиликтүү калкты социалдык жактан колдоого муктаждарды, айылдын активдүү, таланттуу жаштарын, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жана тургундарын колдоо, коомдук пайдалуу программаларды ишке ашыруу максатында түзүлдү.
1.2. «Өнүктүрүү Фонд» укуктук жактан коммерциялык эмес уюм болуп саналат, юридикалык жактын статусуна ээ. Фонд юридикалык жактын статусун, ошондой эле өзү мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн баштап өз ишин жүзөгө ашыруу боюнча укуктар менен милдеттенмелерге ээ болот жана сотто доочу жана жоопкер катары чыга алат.
1.3. Өнүктүрүү Фонддун уюштуруучусу болуп Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл өкмөтү болуп саналат.
1.4. Өз ишинде өнүктүрүү Фонду Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексин, Кыргыз Республикасынын «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын, ушул Уставдын жоболорун жетекчиликке алат.
1.5. Өнүктүрүү Фонду юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдары менен каралган тартипте кайра уюштурулушу жана жоюлушу мүмкүн.
1.6. Өнүктүрүү Фонддун иш кагаздары кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. Жумушчу тил болуп: кыргыз жана орус тилдери саналат.
1.7. Өнүктүрүү Фонду уюштуруучулук формасы боюнча-коомдук бирикме.
1.8. Өнүктүрүү Фонддун толук фирмалык аталышы:
кыргыз тилинде: Ат-Башы айылын «өнүктүрүү фонду»;
орус тилинде: «Фонд развития» села Ат-Баши;
өнүктүрүү Фонддун кыскартылган фирмалык аталышы:
кыргыз тилинде: «Ат-Башы АӨФ»
орус тилинде: «ФРС Ат-Баши»
1.9. Өнүктүрүү Фонддун жайгашкан орду: Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Ат-Башы району, Ат-Башы айылы, М.Өмүракунов көчөсү №85.
1.10. Өнүктүрүү Фонду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде өзүнүн обочолонгон мүлкү, мөөрү, штампы, кызматтык кат алмашуу үчүн атайын эмблемасы (символикасы) жана Кыргыз Республикасынын банктарында жана чет өлкөлүк банктарда өзүнүн валюталык, эсептик жана башка счёттору болот.
1.11. Өз милдеттерин аткарууда өнүктүрүү Фонду төмөнкү принциптерди бекем сактайт: калыстык, обьективдүүлүк, чынчылдык, коомчулуктун алдында ачыктык, камкордук жана өнөктөштүк, натыйжалуулук, өз алдынчалуулук, экологиялык коопсуздук.
2. Өнүктүрүү Фонддун максаттары жана милдеттери
2.1. Өнүктүрүү Фонддун негизги максаты айыл аймагындагы жергиликтүү жарандардын жашоо дещгээлин жогорулатууга, жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган артыкчылыктуу демилгелерин колдоо болуп саналат.
Өнүктүрүү Фонду жергиликтүү денгээлдеги социалдык маселелерди чечүүгө жардамды төмөнкүлөр аркылуу көрсөтүү болуп саналат:
-социалдык жактан муктаж болгон жарандарга жардам көрсөтүү;
-жергиликтүү жаштарды анын ичинен активдүү жана таланттуу жаштарга колдоо көрсөтүү;
-айыл аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, тургундарга материалдык колдоо көрсөтүү;
-асыл тукум, үрөөн, багбанчылык жана аарычылык чарбаларын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү;
2.2. өнүктүрүү Фонддун каражаттарын майрамдык иш-чарларды, юбилейлерди уюштуруу боюнча иш-чараларга, белгиленген ченемден жогору сый акыларды төлөөгө жана Фонддун максаттарына, милдеттерине ылайык келбеген башка иш-чараларга пайдаланууга жол берилбейт.
3. Өнүктүрүү Фонддун мүлкү жана каражаттары
3.1. Өнүктүрүү Фонддун мүлкү жана каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
-Фондго Ат-Башы айыл аймагына караштуу карьерлерди иштеткен ишканалардан жардам катары түшкөн социалдык пакеттин каражаттарынан;
-Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин юридикалык жактары, ошондой эле айрым жарандар ыктыярдуу которгон каражаттардан;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен тыюу салынбаган башка булактардан.
3.2. Өнүктүрүү Фонду уюштуруучу тарабынан берилген мүлкүнө оперативдүү башкаруу укугуна ээ. өнүктүрүү Фонду мүлккө ээ жана аны Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык пайдаланат жана тескейт. өнүктүрүү Фонду өзүнүн милдеттерин жабуу үчүн ресурстары жетишсиз болгон учурда милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
3.3. Каражаттар бекитилген бюджетке ылайык пайдаланылат.
3.4.Жылына бир жолу финансылык/операциялык, жыл аяктагандан кийин өнүктүрүү Фонду өзүнүн финансылык ресурстарын жана ишине ички аудит жүргүзөт.
Өнүктүрүү Фонддун башкаруу органдары
4.1. Өнүктүрүү Фонддун башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
-уюштуруучу;
-көзөмөлдөөчү органы болуп байкоочу кещеши саналат;
-башкаруунун аткаруучу органы болуп төрага саналат.
4. Өнүктүрүү Фонддун уюштуруучусу
4.1. Уюштуруучунун ыйгарым укуктары:
-Өнүктүрүү Фонддун төрагасын дайындоо;
-ӨБайкоочу кещештин сунушунун негизинде өнүктүрүү Фонддун төрагасын бошотуу;
-Өнүктүрүү Фонддун приоритеттик багытарын аныктоо;
-Өнүктүрүү Фонддун Байкоочу кещешин жана төрагасын дайындоо;
-Өнүктүрүү Фонддун уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
-активдерди (мүлктү) берүү жөнүндө маселени чечүү;
-нүктүрүү Фонддун ишин токтотууга (өзгөртүп уюштурууга, жоюуга) байланышкан маселелерди кароо.
-Өнүктүрүү Фондун офистик жабдуулар жана техникалык жактан камсыздоо.
5. Өнүктүрүү Фонддун Байкоочу кещеши
5.1. Байкоочу кещеш 7 мүчөдөн турат, анын ичинен бирөө төрага болуп дайындалат.
-Байкоочу кещештин курамына кызматы боюнча Ат-Башы айылдык кенешинин депутаттарынан жана коомдук уюмдардан кирип, айылдык Кещеш тарабынан бекитилет.
5.2. Байкоочу кещештин өзгөчө компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
-ушул Уставга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына, өнүктүрүү Фонддун ишине тиешелүү юридикалык макулдашууларга ылайык өнүктүрүү Фонддун ишине багыт берүү жана контролдоо;
-Өнүктүрүү Фонддун Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды берүү;
-Өнүктүрүү Фонддун төрагасын дайындоо жана кызматтан бошотуу жөнүндө Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысына сунуш киргизүү;
-Өнүктүрүү Фонддун жылдык бюджетин жана ага ар кандай өзгөртүүлөрдү бекитүү;
-Өнүктүрүү Фонддун отчетторун жана бухгалтердик баланстарын бекитүү;
-Өнүктүрүү Фонддун аткаруу органынын жылдык отчеттун угуу жана бекитүү;
-Өнүктүрүү Фонддун негизги каражаттарын тескөө жөнүндө чечим кабыл алуу;
-Өнүктүрүү Фонддун иши менен байланышкан башка маселелерди чечүү;
5.3. Байкоочу кещештин мүчөлөрү өнүктүрүү Фондуна карата лоялдуулукту сактоого тийиш. Алар ушул Уставга каршы келген максаттарда өздөрүнө берилген мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана алышпайт же өнүктүрүү Фонддун мүлктүк же мүлктүк эмес кызыкчылыктарына зыян келтиришпейт.
6. Өнүктүрүү Фонддун Байкоочу кенешинин жыйналышын өткөрүү тартиби
6.1. Байкоочу кенештин биринчи жыйналышы ал юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин эки жуманын ичинде өнүктүрүү Фонддун төрагасы тарабынан уюштурулат.
6.2. Төрага байкоочу кещештин 7 мүчөсүнүн ичинен Уюштуруучу тарабынан бекитилет.
6.3. Байкоочу кещештин мүчөлөрү өз ишин коомдук башталышта аткарат. Байкоочу кещештин мүчөсү катары өз ишин аткаргандыгы үчүн өнүктүрүү Фонддон же башка булактардан эмгек акы, калем акы же башка компенсация алышпайт.
6.4. Байкоочу кенеш өз ишин ушул Уставдын негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана өнүктүрүү Фонддун ишине тиешелүү укуктук актыларына ылайык жүргүзөт.
6.5. Байкоочу кещештин жыйналышы кеминде үч айда бир жолудан өткөрүлөт. Атайын жыйналыштар байкоочу кещештин төрагасынын, өнүктүрүү Фонддун төрагасынын же байкоочу кещештин эки мүчөсүнүн сунушу боюнча чакырылышы мүмкүн. Бардык мүчөлөрдөн 50% ашыгы катышса, байкоочу кещештин кворуму бар деп эсептелинет. Байкоочу кещештин чечими катышып отурган мүчөлөрдүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Байкоочу кещештин бардык мүчөлөрү байкоочу кещештин жыйналышы жөнүндө ал өткөрүлгөнгө чейин кеминде он жумушчу күндөн кечиктирбестен талаптагыдай кабардар кылынууга тийиш. Атайын же өзгөчө жыйналыштар болгон учурда билдирүү байкоочу кенештин мүчөлөрүнө кеминде үч жумушчу күндүн ичинде жөнөтүлүшү мүмкүн. Билдирүүдө күн тартибине байланышкан бардык зарыл документтерди тиркөө менен алдыда боло турган жыйналыштын күн тартиби камтылууга тийиш.
Байкоочу кещештин жыйналышында протокол жазылат. Протоколго төрага жана катчысы кол коет жана байкоочу кещештин бардык мүчөлөрүнө жана өнүктүрүү Фонддун төрагасына берилет.
Байкоочу кещештин ишин уюштуруу жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу өнүктүрүү Фонд тарабынан жүргүзүлөт.
6.6. Өнүктүрүү Фонддун байкоочу кенешинин мүчөсү өзүнүн материалдык таламына тике же кыйыр тиешеси бар маселе боюнча добуш берүүгө катыша албайт.
6.7. Байкоочу кещештин мүчөсү жыйналыштарга жүйөөлүү себепсиз көп учурда катышпай калганда же ал өнүктүрүү Фонддун таламдарына ар кандай формада кыйла зыян келтирген учурда, байкоочу кенештин мүчөлөрү көпчүлүк добуш менен өнүктүрүү Фонддун Уюштуруучусуна байкоочу кенешинин мүчөлүгүнөн чыгаруу жөнүндө сунуш жиберет. Байкоочу кенештин мүчөсүн чыгаруу жок эле дегенде анын мүчөлөрүнүн үчтөн экиси добушун талап кылат.
Байкоочу кещештин мүчөсү кещештин курамынан өз демилгеси боюнча чыгышы мүмкүн.
7. Өнүктүрүү Фонддун төрагасы
7.1. Өнүктүрүү Фонддун төрагасы Байкоочу кещештин 7 мүчөсүнүн ичинен Ат-Башы айыл өкмөтүнүн буйругу менен дайындалат.
7.2. Өнүктүрүү Фонддун төрагасы бир нече жолу жащы мөөнөткө кайра дайындалуу мүмкүнчүлүгү менен төрт жылдык мөөнөткө дайындалат.
7.3. Өнүктүрүү Фонддун төрагасы Байкоочу кещешке отчет берет.
7.4. Байкоочу кещеш өнүктүрүү Фонддун төрагасы өз милдеттерин тиешелүү аткарбаган, өнүктүрүү Фондуна материалдык зыян келтирген учурда аны кызматтан бошотуу жөнүндө Уюштуруучуга сунуш киргизе алат.
7.5. Өнүктүрүү Фонддун төрагасы өнүктүрүү Фондуна материалдык зыян келтирген учурда мыйзам чегинде жоопко тартылат.
7.6. Өнүктүрүү Фонддун төрагасы Фонддун учурдагы ишине жооп берет. өнүктүрүү Фонддун төрагасы өзүнүн ишин ушул Уставдын жоболоруна ылайык жүргүзөт.
7.7. Өнүктүрүү Фонддун төрагасы айылдык Кещештин катчылыгын иш кагаздарын тариздөө үчүн тарта алат.
7.8. Өнүктүрүү Фонддун төрагасы Кыргыз Республикасындагы юридикалык жана жеке жактардын алдында өнүктүрүү Фонддун атынан чыга алат, өнүктүрүү Фонддун атынан келишимдерди, протоколдорду, макулдашууларды, учурдагы операциялык ишине тиешелүү башка документтерди түзүүнү, анын компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды аткара алат.
8. Өнүктүрүү Фонддун Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби
8.1. Ушул Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мыйзамга ылайык жүргүзүлөт.
Уставга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик катталууга жатат.
9. Өнүктүрүү Фонддун ишин токтотуу тартиби
9.1. Өнүктүрүү Фонддун ишин уюштуруучунун чечими боюнча же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негизде сот тарабынан токтотулат.
9.2. Өнүктүрүү Фонду жоюлган учурда кредиторлор менен эсептешкенден кийин калган мүлк жана акча каражаттары өнүктүрүү Фонддун уставдык максаттарына жумшалат.
9.3. Өнүктүрүү Фонддун иштөө процессинде пайда болгон документтер «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары | К.Жапаров |
Ат-Башы айылын өнүктүрүү фондунунун Байкоочу кещешине сунушталгандардын тизмеси
1. Төрагасы- Ат-Башы айылдык Кещешинин төрагасынын орун басары;
2. Катчысы - Ат-Башы айылдык Кещешинин жооптуу катчысы.
Мүчөлөрү:
3. Ат-Башы айылдык Кещешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
4. Ат-Башы айылдык Кещешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо жаштар спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
5. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн Карыялар Кещешинин төрагасы;
6. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн Аялдар Кещешинин төрайымы;
7. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн Жаштар Кещешинин төрагасы;
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары | К.Жапаров |