Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги V сессиясы
2020-жылдын 28-июлу №5-8
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кещешинин 2020-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кещешинин 2020-жыл үчүн иш планын бекитүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кещеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кещешинин 2020-жылга карата иш планы бекитилсин (тиркеме №1 тиркелет 2 (эки) баракта);
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т. Иманбердиевага жүктөлсүн;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары | К. Асанбаева |
Каттоо № 48
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кещешинин
28-июль 2020-жылдагы
№5-8 токтомуна №1 тиркеме
Ат-Башы айылдык Кещешинин 2020-жыл үчүн
ИШ ПЛАНЫ
№ | Каралуучу маселелердин мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1 | Айылдык Кещештин 2020-жылга иш планын бекитүү | 1-квартал | Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Т.Иманбердиева |
2 | 2019-жыл ичиндеги айыл өкмөт башчысынын жасаган иштери тууралуу отчетун угуу | 1-квартал | Айыл өкмөт башчысы К. Чоробеков |
3 | Айыл өкмөттүн 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө | 1-квартал | Туруктуу комиссиянын төрагасы К. Айдыралиев, Айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Т.Жусубалиев |
4 | Айылдагы диний экстремизм, терроризм, кылмыштуулуктун алдын алуу, коррупцияга каршы күрөшүү, Кыргыз Республикасынын «Бузуулар» боюнча мыйзамынын аткарылышы жана Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) ишин жандандыруу жөнүндө | 2-квартал | Айыл өкмөттүн башкы адиси-юристи Д. Курманбек уулу |
5 | Айылдын жашылдандыруу көрктөндүрүү, тазалык иштеринин жүрүшү, арык, канал, өткөөлдөрдүн абалы, көчөлөрдү асфальттоо иштери жөнүндө | 2-квартал | Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров, «Көрктүү аймак» ишканасы |
6 | Айылдагы жазгы айдап-себүү, сугат жана көчүп-конуу иштеринин, жайыттын абалы, айыл өкмөткө ички жана сырткы инвестиция тартуу, Ат-Башы айылынаөзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштери жөнүндө | 2-квартал | Айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча жетектөөчү адиси, инвестиция тартуу боюнча башкы адис Асанкул уулу Р, жайыт комитетинин төрагасы Ж. Кожобердиев |
7 | Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай боюнча иштеринин абалы (соода- сатык түйүндөрүнүн жайгашуусунун мыйзамдуулугу, айыл тургундарынын турак үйлөрүнүн, короолорунун кызыл сызыкка туура келиши) жана Эл, турак жай фондун каттоонун жыйынтыгы жөнүндө | 2-квартал | Айыл өкмөттүн кызматкерлери, жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана сатып алуулар боюнча башкы адиси, туруктуу комиссиянын төрагасы, райондук архитектуранын башчысы М.Муталипов, Экотех инспекциянын Ат-Башы району боюнча инспектору Б.Жумабаев |
8 | Жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология иштери жөнүндө | 3-квартал | Айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча жетектөөчү адиси, туруктуу комиссиянын төрагасы |
9 | 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн айыл өкмөт башчысынын жана айыл өкмөттүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын жасаган иштери тууралуу отчетун угуу | 3-квартал | Айыл өкмөт башчысы К. Чоробеков, «Көрктүү аймак» ишканасынын директору Д.Сулайманов |
10 | Айылдагы күзгү ооруп-жыюунун жана көчүп-конуунун жыйынтыгы, айыл тургундарынын малдарын жугуштуу оорулардан алдын алуу боюнча иштердин абалы жөнүндө | 3-квартал | Айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адис, ветеринария боюнча башкы адис А. Жаныбек уулу, туруктуу комиссиянын төрагасы, жайыт комитетинин башчысы |
11 | Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала-бакчалардын, айыл тургундарынын кышка карата даярдыктары жөнүндө | 3-квартал | Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров |
12 | Кыргыз Республикасынын Президентинин «2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы деп жарыялоо жөнүндөгү» жарлыгы боюнча аткарылган иштердин жүрүшү тууралуу | 4-квартал | Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров |
13 | Айылда жашаган жетим, жарым жетим, ошондой эле мигранттардын балдары жана балдарга карата көрсөтүлгөн зордук зомбулуктун, өспүрүмдөр арасындагы суициддин алдын алуу иштери жөнүндө | 4-квартал | Айыл өкмөттүн социалдык жактан коргоо жана социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси К.Казиева |
14 | Салык жана жыйымдардын аткарылышы жөнүндө | 4-квартал | Айыл өкмөттүн киреше жана жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси |
15 | Туруктуу комиссияларынын 2019-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө | 4-квартал | Туруктуу комиссиялардын төрагалары |
Айылдык кещештин катчысы | Т. Иманбердиева |