Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 20-майы № 259
"2020-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо тууралуу макулдашууну (Салыктык башкаруу жана статистика системасын модернизациялоонун долбоорун) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2020-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо тууралуу макулдашууну (Салыктык башкаруу жана статистика системасын модернизациялоонун долбоорун) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2020-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо тууралуу макулдашууга (Салыктык башкаруу жана статистика системасын модернизациялоонун долбооруна) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен ушул мыйзамдын долбоорун кезексиз тартипте кечиктирилгис катары кароо суралсын.
4. Салыктык башкаруу жана статистика системасын модернизациялоонун долбоорунун 1, 2 жана 5-компоненттерин ишке ашыруу үчүн жооптуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, ал эми 3, 4 жана 5-компоненттерин ишке ашыруу үчүн - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети аныкталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министри | М.Д. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо тууралуу макулдашууну (Салыктык башкаруу жана статистика системасын модернизациялоонун долбоорун) ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2020-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо тууралуу макулдашуу (Салыктык башкаруу жана статистика системасын модернизациялоонун долбоору) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы тууралуу белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 259 токтому менен жактырылган |
2020-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо тууралуу макулдашууга (Салыктык башкаруу жана статистика системасын модернизациялоонун долбооруна) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2020-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо тууралуу макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) (Салыктык башкаруу жана статистика системасын модернизациялоонун долбоору) жалпысынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келет.
Макулдашуу "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 11 жана 12-пунктчаларына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланууга тийиш.
Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тийиштүү комитеттери (Бюджет жана финансы комитетинин 2020-жылдын 15-апрелиндеги, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2020-жылдын 14-апрелиндеги, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 2020-жылдын 8-апрелиндеги чечимдери) менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-апрелиндеги № 149-б буйругу менен жактырылган жана 2020-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган.
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (мындан ары - ЭӨА) Салыктык башкаруу жана статистика системасын модернизациялоонун долбоору (мындан ары - Долбоор) үчүн жеңилдетилген каржылоону берет. Долбоордун максаты салыктарды чогултуунун жана статистика системасынын иштешинин натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.
ЭӨА жеңилдетилген каржылоону он эки миллион жети жүз миң зайым алуунун атайын укуктары өлчөмүндө (12700000 ЗАУ - 17500000 АКШ доллар эквивалентинде) грант түрүндө жана он эки миллион жети жүз миң зайым алуунун атайын укуктары өлчөмүндө (12700000 ЗАУ - 17500000 АКШ доллар эквивалентинде) кредит түрүндө берет.
Каржылоо тууралуу макулдашуу Долбоорду ишке ашыруу боюнча ЭӨАнын финансылык жардамынын шарттарын жана жол-жоболорун чагылдырат: төлөө механизмдерин, каржылоо каражаттарын тандоону, каржылоо каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчетторду. Долбоор боюнча чыгымдарды каржылоо үчүн каражаттарды эсептен чыгаруу жетишилген натыйжалардын негизинде конкреттүү индикаторлорго карата өлчөп жүргүзүлөт. Долбоордун жабыла турган датасы - 2025-жылдын 30-сентябры.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Долбоорду аткаруучу агенттиктер болуп саналат.
Он эки миллион жети жүз миң зайым алуунун атайын укуктары өлчөмүндө (12700000 ЗАУ - 17500000 АКШ доллар эквивалентинде) грант кайтарылгыс болуп саналат жана мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт.
Он эки миллион жети жүз миң зайым алуунун атайын укуктары өлчөмүндө (12700000 ЗАУ - 17500000 АКШ доллар эквивалентинде) кредит ЭӨАнын стандарттуу шарттарында берилет, тындыруунун жалпы мөөнөтү - 38 жыл, анын ичинде жеңилдетилген мезгили - 6 жыл. Кредиттик каражаттардын чыгарып алынган калдыгын тейлөө үчүн комиссия жылына бир (1) пайыздын төрттөн үчүн (3/4) (0,75%) түзөт.
Каржылоо каражаттарынын эсептен чыгарылбаган калдыгын резервдөө үчүн комиссиянын максимумдук өлчөмү жылына жарым пайызды (1%дын 1/2) түзөт.
Төлөө графиги: 2026-жылдын 15-августунан 2058-жылдын 15-февралына чейин.
Макулдашууну ишке ашыруу кандайдыр бир терс экономикалык, социалдык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.