Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 21-майы № 265
"2009-жылдын 26-январында Бонн шаарында Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эл аралык агенттиктин Уюштуруучу конференциясында кабыл алынган Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эл аралык агенттиктин (IRENA) уставын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2009-жылдын 26-январында Бонн шаарында Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эл аралык агенттиктин Уюштуруучу конференциясында кабыл алынган Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эл аралык агенттиктин (IRENA) уставын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2009-жылдын 26-январында Бонн шаарында Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эл аралык агенттиктин Уюштуруучу конференциясында кабыл алынган Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эл аралык агенттиктин (IRENA) уставына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | М.Д. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 26-январында Бонн шаарында Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эл аралык агенттиктин Уюштуруучу конференциясында кабыл алынган Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эл аралык агенттиктин (IRENA) уставын ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2009-жылдын 26-январында Бонн шаарында Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эл аралык агенттиктин Уюштуруучу конференциясында кабыл алынган Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эл аралык агенттиктин (IRENA) уставы ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болуп эсептелген Германия Федерация Республикасынын Өкмөтүнө ратификациялык грамотаны депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-майындагы № 265 токтому менен жактырылган |
2009-жылдын 26-январында Бонн шаарында Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эл аралык агенттиктин Уюштуруучу конференциясында кабыл алынган Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эл аралык агенттиктин (IRENA) уставына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2009-жылдын 26-январында Бонн шаарында Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эл аралык агенттиктин Уюштуруучу конференциясында кабыл алынган Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эл аралык агенттиктин (IRENA) уставы жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эл аралык агенттиктин (IRENA) уставынын долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери (Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитети - 2010-жылдын 13-январындагы чечим, Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык комитети - 2010-жылдын 13-январындагы чечим) менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 6-б буйругу менен жактырылган.
Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын (мындан ары - ЭКБ) потенциалын натыйжалуу пайдалануу жана өркүндөтүү, айлана-чөйрөнү сактоо, анын ичинде туруктуу өнүктүрүү максатында, 2009-жылдын 26-январында Бонн шаарындагы Эл аралык конференцияда Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эл аралык агенттик (IRENA) (мындан ары - Агенттик) түзүлгөн.
Азыркы учурда Агенттиктин толук кандуу мүчөлөрүнүн катарына 161 мамлекет кирет жана дагы 22 мамлекет, анын ичинде Кыргыз Республикасы агенттиктин мүчөсү болуу баскычында турат.
Агенттик мүчө мамлекеттердин энергетика тармагын ЭКБны пайдаланууга кайра багыттоосуна колдоо көрсөтүү менен жашыл энергетиканын келечеги туруктуу болушуна көмөк көрсөтөт.
Агенттик өлкөлөрдүн туруктуу энергетикалык келечекке өтүшүнө колдоо көрсөтүүчү өкмөттөр аралык уюм болуп эсептелет, алдыңкы тажрыйбалардын борбору жана саясаттын, технологиялардын, ресурстар менен финансынын сактагычы, эл аралык кызматташуу үчүн негизги платформа катары кызмат кылат.
Ошондой эле, Агенттик ЭКБ жаатындагы билим алмашууну жана технологияларды берүүнү жеңилдетет, ЭКБны жайылтууну тездетүү үчүн саясаттын маселелери боюнча практикалык куралдарды жана сунуштамаларды берет.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 6-б буйругу менен сүйлөшүүлөргө катышууга жана Агенттиктин уставдык документтерине кол коюу ыйгарым укугуна ээ болгон.
2010-жылдын январында Абу-Даби шаарында Агенттиктин үчүнчү отурумунда Кыргыз Республикасынын Энергетика министри аталган уюмдун уюштуруучулук документине кол койгон.
Агенттиктин Уставына ылайык мүчөлүк төгүмдөрдүн суммасы БУУнун шкаласы боюнча аныкталып, Кыргыз Республикасына тиешелүү мүчөлүк төгүмдөр Агенттиктин бюджетинин 0,002% (421 АКШ долларын) түзөт. Акысын төлөө Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин чыгымдар сметасынын чегинде же атайын каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.
Агенттиктин Уставын ратификациялоо кандайдыр бир терс финансы-экономикалык, социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка кесепеттерге алып келбейт.