Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 551 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңеш жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-мартындагы № 93 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
Кеңешти түзүүнүн максаты болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү үчүн ишкердикти жана инвестициялык ишти колдоо жана өнүктүрүү, ошондой эле экономиканын атаандаштыкка жөндөмүн жогорулатуу боюнча системалуу, комплекстүү жана координацияланган сунуштарды жана саясий чараларды иштеп чыгуу саналат.
2. Кеңештин милдеттери, функциялары жана укуктары
2. Кеңештин милдеттери жана функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- рынок институттарынын иштөө механизмдерин өркүндөтүү, артыкчылыктуу багыттардагы экономикалык реформаларды тездетүү боюнча сунуштарды даярдоо;
- ишкердикти колдоого жана өнүктүрүүгө, атаандаш экономиканын өнүгүшүнө дем берүүгө багытталган саясат чаралары жана практикалык чаралар боюнча сунуштарды кароо (инвестициялык климатты жакшыртуу, мамлекеттик ишканаларды башкаруу, жаңы заманбап технологияларды жана башкаруу, сапариптештирүү методдорун киргизүү, фискалдык жол-жоболорду өркүндөтүү ж.б.);
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча, бюрократиялык тоскоолдуктарды кыскартуу жана бизнести жүргүзүү үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүү маселелери боюнча чараларды көрүүгө көмөктөшүү;
- мамлекеттик-жеке диалогдун жана өнөктөштүктүн натыйжалуу инструменттерин түзүү;
- ишкердик субъекттердин комплекстүү коопсуздугун жана укуктары менен менчигин коргоону камсыздоо маселелерин кароо;
- тышкы рынокторго чыгуу менен ата мекендик ишканалардын жана өндүрүштүн потенциалын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү, экспорттук потенциалды жана импортту алмаштырууну ырааттуу жогорулатуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жана ишкерлердин кызыкчылыктарын эки тараптуу деңгээлде жана Кыргыз Республикасы катышкан интеграциялык, соода жана экономикалык бирикмелерде (Бүткүл дүйнөлүк соода уюму, Евразия экономикалык бирлиги ж.б.) коргоо аркылуу;
- мамлекеттик менчикти башкаруу системасын модернизациялоо боюнча сунуштарды кароо;
- кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдерди аткаруунун алкагындагы иш-чаралардын ишке ашырылышын баалоо жана мониторинг жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын стратегиялык өнүктүрүү документтеринде аныкталган башка милдеттер.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-мартындагы № 93 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кеңештин курамы жана анын ишин уюштуруу
3. Кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
4. Кеңештин жыйындарын төрага алып барат, ал жок учурда төраганын орун басары алып барат.
Кеңештин төрагасы:
- Кеңештин ишин жетектейт жана жыйындарда кабыл алынган чечимдерди аткарууну уюштурат;
- Кеңештин мүчөлөрү менен макулдашуу боюнча иштөө регламентин, жыйындын күн тартибин, Иш-чаралар планын жана аларды аткаруунун графигин бекитет.
5. Кеңештин туруктуу иш алып баруучу жумушчу органы болуп Кеңештин катчылыгы (мындан ары - Катчылык) саналат. Катчылыктын ишин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмү координациялайт.
6. Кеңештин жыйындары зарылдыгына жараша өткөрүлөт. Кезексиз жыйын Кеңештин төрагасынын чечими боюнча өткөрүлүшү мүмкүн.
Төраганын, ал эми ал жок учурда - төраганын орун басарынын чечими менен Кеңештин жыйыны Кеңештин иш планы менен бекитилген маселелер боюнча, ошондой эле кечиктирилгис маселелер боюнча да видео байланыш каражаттарын пайдалануу менен видеоконференция байланыш (мындан ары - ВКБ) режиминде аралыктан өткөрүлүшү мүмкүн. Кеңештин аралыктан өткөрүлгөн жыйынына ар бир катышуучу өзү гана катышат.
Катчылык Кеңештин мүчөлөрүнө жыйынды ВКБ режиминде өткөрүү жөнүндө маалымдайт.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-мартындагы № 93 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кеңештин жыйындары анын курамынын үчтөн экисинен көбү катышса мыйзамдуу деп эсептелет.
8. Кеңештин мүчөлөрү өзүнүн иштөө процессинде жана чечимдерди кабыл алууда бирдей укуктарга ээ. Кеңештин мүчөсү өзүнүн ыйгарым укуктарын башка кызмат адамдарына өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
9. Каралып жаткан маселелер боюнча Кеңештин чечимдери жыйынга кагышып жаткан Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана Кеңештин чечиминин протоколу түрүндө таризделет. Добуштар бирдей болгон учурда Кеңештин жыйынында төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынат.
Кеңештин чечими сырттан добуш берүү аркылуу (сурамжылоо жолу менен) кабыл алынышы мүмкүн. Сырттан добуш берүү үчүн негиздер:
- Кеңештин зарыл болгон сандагы мүчөлөрүнүн катышуусу менен жыйынды өткөрүүнүн мүмкүн эместиги;
- Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди шашылыш (ыкчам) тартипте кабыл алуунун зарылдыгы.
Кеңештин жыйынында сырттан добуш берүү же ар бири өзү келип добуш берүү аркылуу кабыл алынган чечимдер бирдей күчкө ээ.
Катчылык, сырттан добуш берүү күнү пландаштырылган күндөн эки күндөн кечиктирбестен, добуш берүү үчүн материалдарды жана сурамжылоо баракчаларын Кеңештин бардык мүчөлөрүнө электрондук почта аркылуу, сурамжылоо баракчаларын кабыл алуу мөөнөтүн көрсөтүү менен жөнөтөт.
Кеңештин ар бир мүчөсү каралып жаткан маселелер боюнча өз сунуштарын сырттап добуш берүүнүн пландаштырылган күнүнө чейин бир күндөн кечиктирбестен киргизүүгө укуктуу.
Сырттан добуш берүү Кеңештин мүчөсү (аты-жөнү, ээлеген кызматы) жөнүндө маалыматты камтыган сурамжылоо барагын толтуруу, чечимди кабыл алуу жана добуш берүүнүн варианттары ("Макул", "Каршы", "Калыс") боюнча маселелерди түзүү аркылуу жүргүзүлөт. Кеңештин мүчөлөрү добуш берген вариантынын тушуна белги коёт. Толтурулган сурамжылоо барагына Кеңештин мүчөсү кол коюшу керек. Сурамжылоо баракчасын Катчылыкка жеке өзү же сканерден өткөрүлгөн түрдө (электрондук почта аркылуу) белгиленген мөөнөттө, түп нускасын кийин жөнөтүү менен берүүгө болот.
Алынган сурамжылоо баракчасынын негизинде Катчылык Кеңештин мүчөлөрү сырттан добуш берүү протоколун тариздейт.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-мартындагы № 93 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Кеңештин чечимдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты тарабынан каралып жаткан маселелер боюнча аткаруу үчүн тийиштүү мамлекеттик органдарга жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (макулдашуу боюнча) белгиленген компетенциясынын чегинде кароого жиберилет
11. Ыкчам чечимдерди кабыл алуу жана Кеңештин жыйындарына материалдарды даярдоо үчүн Кеңештин мүчөлөрү (Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - экономика жана финансы министри, Кыргыз Республикасынын юстиция министри, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы, Аналитикалык топтун жетекчиси жана жумушчу топтун жетекчиси) тар чөйрөдө чогула алат.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-мартындагы № 93 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Кеңештин алдында Аналитикалык топ иштейт жана зарыл болгон учурда конкреттүү маселелерди кароо жана сунуштарды даярдоо үчүн жумушчу топтор түзүлөт.
4. Аналитикалык топтун функциялары жана ыйгарым укуктары
13. Кеңештин алдында экономиканын ар кайсы тармактарында, анын ичинде ишкердикти жана инвестициялык ишти колдоо жана өнүктүрүү жаатында заманбап теорияны жана практиканы терең билген, алдыңкы адис-эксперттерди бириктирген Аналитикалык топ түзүлөт (20 кишиден ашык эмес).
Аналитикалык топтун милдеттери төмөнкүлөр:
- Кеңеш тарабынан аныкталуучу багыттар боюнча, ошондой эле кийин Кеңештин жыйындарына материалдарды киргизүү үчүн көйгөйлөргө талдоо жүргүзүү жана сунуштарды иштеп чыгуу;
- Кеңеш тарабынан аныкталган багыттар боюнча сунуштарды кийин даярдоо менен маалыматтарды, анын ичинде мыкты эл аралык тажрыйбаларды жыйноо жана талдоо;
- Кеңеш тарабынан аныкталган милдеттерди чечүү үчүн чечимдердин уюштуруу-техникалык жана башка долбоорлорун даярдоо;
- мамлекеттик органдарды координациялоону жакшыртуунун жана экономикалык реформаларды жана ишкердикти, инвестициялык ишти колдоо жана өнүктүрүү жаатындагы саясаттын чараларын даярдоо жана ишке ашыруу чөйрөсүндөгү Кеңештин чечимдерин сапаттуу аткаруунун алкагында ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү механизмдерин жана жол-жоболорун иштеп чыгуу;
- Кеңештин жыйындарында каралган тобокелдиктердин мүмкүн болгон кесепеттерин алдын алуу жана минималдаштыруу боюнча сунуштарды даярдоо;
- зарыл болгон учурда, эл аралык жана улуттук тажрыйбаны эске алуу менен Кеңештин чечимдеринин алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун жана сунуштарды иштеп чыгуу;
- калктын, ишкерлердин жана башка максаттуу топтордун арасында социологиялык сурамжылоону уюштуруу;
- Кеңеш тарабынан аныкталган башка милдеттер, ошондой эле эксперттердин жана Аналитикалык топтун демилгелик иштеп чыгуулары.
Аналитикалык топ Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин орун басарынын төрагалыгынын алдында түзүлөт.
Аналитикалык топ ушул Жободо аныкталган милдеттерди жана ыйгарым укуктарды эске алуу менен өзүнүн иштөө регламентин аныктайт. Иштөө регламенти Аналитикалык топтун жетекчиси тарабынан бекитилет.
Аналитикалык топ зарылдыгына жараша төмөнкүлөргө укуктуу:
- конкреттүү кырдаалды же милдеттерди талдоо үчүн максаттуу жумушчу топторду түзүүгө, Кеңештин жыйында кароо үчүн сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгууга;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, көз карандысыз адистерди, эл аралык эксперттерди жана башкаларды ишке тартууга.
Аналитикалык топтун ишине тартылган эксперттерди каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
5. Кеңештин Катчылыгынын функциялары жана ыйгарым укуктары
14. Кеңешти уюштуруучулук-техникалык жана маалыматтык-аналитикалык камсыздоону Кеңештин Катчылыгы - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги (мындан ары - Катчылык) ишке ашырат.
Катчылык белгиленген тартипте:
- Кеңештин төрагасынын бекитүүсү үчүн Кеңештин жыйындарында маселелерди кароонун тартибин жана күн тартибин түзөт;
- мамлекеттик органдардан Кеңештин иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды суроого укуктуу;
- Кеңештин ишин уюштурууга, материалдарды даярдоого жана Кеңештин жыйынынын протоколун жүргүзүүгө жооп берет;
- Кеңештин чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылат;
- зарыл болгон учурда конкреттүү милдеттерин чечүү үчүн мамлекеттик органдардын, коомдук, эксперттик-аналитикалык, илимий жана башка уюмдардын өкүлдөрүн тартат;
- Кеңешке тийиштүү сунуштарды жана сунуштамаларды даярдайт жана киргизет;
Кеңештин ишинин натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырат;
- Катчылык тарабынан иштелип чыккан милдеттерди ишке ашыруу үчүн уюштуруучулук-техникалык чечимдерди даярдоону камсыз кылат.
Катчылык төмөнкү негизги функцияларды ишке ашырат:
- Кеңештин ишин уюштуруу, материалдарды даярдоо жана аларды өз убагында таркатуу жана аны өткөрүү белгиленген датага чейин үч жумуш күндөн кечиктирбестен Кеңештин мүчөлөрүнө маалымдоо;
- Кеңештин жыйынынын протоколун жүргүзүү;
- Кеңиштин чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу жана жүргүзүлгөн иштин натыйжалары жөнүндө Кеңешке маалымдоо;
- зарыл болгон учурда Кеңештин жыйынына документтерди даярдоодо Кеңештин төрагасына жана мүчөлөрүнө сунуштарды киргизүү;
- Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун, эксперттик жана бизнес коомчулуктун, илимий-изилдөө мекемелеринин өкүлдөрүнүн сунуштарын жалпылоо.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-мартындагы № 93 токтомунун редакциясына ылайык)