Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 15-марты № 93
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 551 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамынын жаңылануусуна жана түзүмүнүн өзгөрүүсүнө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 551 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңеш жөнүндө жободо:
- 2-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдерди аткаруунун алкагындагы иш-чаралардын ишке ашырылышын баалоо жана мониторинг жүргүзүү;";
- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Кеңештин жыйындары зарылдыгына жараша өткөрүлөт. Кезексиз жыйын Кеңештин төрагасынын чечими боюнча өткөрүлүшү мүмкүн.
Төраганын, ал эми ал жок учурда - төраганын орун басарынын чечими менен Кеңештин жыйыны Кеңештин иш планы менен бекитилген маселелер боюнча, ошондой эле кечиктирилгис маселелер боюнча да видео байланыш каражаттарын пайдалануу менен видеоконференция байланыш (мындан ары - ВКБ) режиминде аралыктан өткөрүлүшү мүмкүн. Кеңештин аралыктан өткөрүлгөн жыйынына ар бир катышуучу өзү гана катышат.
Катчылык Кеңештин мүчөлөрүнө жыйынды ВКБ режиминде өткөрүү жөнүндө маалымдайт.";
- 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Каралып жаткан маселелер боюнча Кеңештин чечимдери жыйынга кагышып жаткан Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана Кеңештин чечиминин протоколу түрүндө таризделет. Добуштар бирдей болгон учурда Кеңештин жыйынында төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынат.
Кеңештин чечими сырттан добуш берүү аркылуу (сурамжылоо жолу менен) кабыл алынышы мүмкүн. Сырттан добуш берүү үчүн негиздер:
- Кеңештин зарыл болгон сандагы мүчөлөрүнүн катышуусу менен жыйынды өткөрүүнүн мүмкүн эместиги;
- Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди шашылыш (ыкчам) тартипте кабыл алуунун зарылдыгы.
Кеңештин жыйынында сырттан добуш берүү же ар бири өзү келип добуш берүү аркылуу кабыл алынган чечимдер бирдей күчкө ээ.
Катчылык, сырттан добуш берүү күнү пландаштырылган күндөн эки күндөн кечиктирбестен, добуш берүү үчүн материалдарды жана сурамжылоо баракчаларын Кеңештин бардык мүчөлөрүнө электрондук почта аркылуу, сурамжылоо баракчаларын кабыл алуу мөөнөтүн көрсөтүү менен жөнөтөт.
Кеңештин ар бир мүчөсү каралып жаткан маселелер боюнча өз сунуштарын сырттап добуш берүүнүн пландаштырылган күнүнө чейин бир күндөн кечиктирбестен киргизүүгө укуктуу.
Сырттан добуш берүү Кеңештин мүчөсү (аты-жөнү, ээлеген кызматы) жөнүндө маалыматты камтыган сурамжылоо барагын толтуруу, чечимди кабыл алуу жана добуш берүүнүн варианттары ("Макул", "Каршы", "Калыс") боюнча маселелерди түзүү аркылуу жүргүзүлөт. Кеңештин мүчөлөрү добуш берген вариантынын тушуна белги коёт. Толтурулган сурамжылоо барагына Кеңештин мүчөсү кол коюшу керек. Сурамжылоо баракчасын Катчылыкка жеке өзү же сканерден өткөрүлгөн түрдө (электрондук почта аркылуу) белгиленген мөөнөттө, түп нускасын кийин жөнөтүү менен берүүгө болот.
Алынган сурамжылоо баракчасынын негизинде Катчылык Кеңештин мүчөлөрү сырттан добуш берүү протоколун тариздейт.";
- 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Ыкчам чечимдерди кабыл алуу жана Кеңештин жыйындарына материалдарды даярдоо үчүн Кеңештин мүчөлөрү (Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - экономика жана финансы министри, Кыргыз Республикасынын юстиция министри, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы, Аналитикалык топтун жетекчиси жана жумушчу топтун жетекчиси) тар чөйрөдө чогула алат.";
- 13-пунктунун он биринчи абзацы "Кыргыз Республикасынын Экономика" деген сөздөрдөн кийин "жана финансы" деген сөздөр менен толукталсын;
- 14-пунктунун биринчи абзацы "Кыргыз Республикасынын Экономика" деген сөздөрдөн кийин "жана финансы" деген сөздөр менен толукталсын;
аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 26-мартындагы N 26 жарыяланды
Премьер-министр | У.А. Марипов |
| Тиркеме | |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңештин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - экономика жана финансы министри, Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары, Кеңештин төрагасынын орун басары(*).
Кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри;
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Бизнес-омбудсменинин орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);
Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын бизнес курамасынын директору (макулдашуу боюнча);
"ЖИА бизнес ассоциациясынын" аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Бизнес ассоциациялар улуттук альянсынын төрагасы (макулдашуу боюнча).
Эскертүү: (*) Кеңештин курамына кызмат орду боюнча киргизилген Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары (биринчи орун басары), Кеңештин төрагасынын орун басары Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - экономика жана финансы министри, Кеңештин төрагасы тарабынан аныкталат.".