Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
КР Президентинин
2010-жылдын 27-сентябрындагы ПЖ № 204 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2006-жылдын 15-июлу ПЖ № 385
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-статьясына ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 17-июнундагы № 182 "Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук боюнча агентствосун түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Жарлыктын мамлекеттик тилдеги аталышында жана бүткүл текстинде "Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук боюнча агентствосу" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук агенттиги" деген сөздөр менен тийиштүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 7-августундагы № 261 "Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук боюнча агентствосунун Жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Жарлыктын мамлекеттик тилдеги аталышында, преамбуласында жана 1-пунктунда "Кыргыз Республикасынын баңгизаттарга контролдук кылуу боюнча агентствосу" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук агенттиги" деген сөздөр менен тийиштүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын; - жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттиги жөнүндө Жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жобонун мамлекеттик тилдеги аталышында жана 1-пунктунда "Кыргыз Республикасынын баңгизаттарга контролдук кылуу боюнча агентствосу" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук агенттиги" деген сөздөр менен тийиштүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын;
Жобонун мамлекеттик тилдеги 3-пунктунда "баңгизаттарга контролдук кылуу боюнча" деген сөздөр "баңгизатка контролдук" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
Жобонун мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча "Агентство" деген сөз "Агенттик" деген сөз менен тийиштүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 11-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук боюнча агентствосунда кызмат өтөөнүн шарттары жөнүндө" Жарлыгына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Жарлыктын мамлекеттик тилдеги аталышында жана бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын баңгизаттарга контролдук боюнча агентствосу" жана "Кыргыз Республикасынын баңгизаттарга контролдук боюнча орган" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук агенттиги" жана "Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук органы" деген сөздөр менен тийиштүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган жарлык менен бекитилген (1-тиркеме) Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук боюнча агентствосунда кызмат өтөө жөнүндө Жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жобонун мамлекеттик тилдеги аталышында жана бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын баңгизаттарга контролдук боюнча орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук органы" деген сөздөр менен тийиштүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын;
Жобонун мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча "Агентство" жана "баңгизаттарга контролдук боюнча орган" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Агенттик" жана "баңгизатка контролдук органы" деген сөздөр менен тийиштүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын;
Жобонун мамлекеттик тилдеги 6-статьясында "баңгизаттарга контролдук боюнча" деген сөздөр "баңгизатка контролдук" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
Жобонун мамлекеттик тилдеги 19-статьясында:
үчүнчү абзацта "Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарга контролдук боюнча агентствосуна" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук агенттигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
бешинчи абзацта "Баңгизаттарга контролдук боюнча Агентствонун" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук агенттигинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген (2-тиркеме) Кыргыз Республикасынын баңгизаттарга контролдук боюнча агентствосунун кызматкерлеринин Антына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Анттын мамлекеттик тилдеги аталышында жана текстинин 1-абзацында "Баңгизаттарга контролдук боюнча" деген сөздөр "баңгизатка контролдук" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук агенттиги үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарына ушул Жарлыктан улам келип чыгуучу түзөтүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоорлорун даярдасын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |