Загрузка документа…
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин 2022-жылдын 24-мартындагы № 6/1.1 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезексиз III сессиясынын жыйыны
2021-жылдын 20-декабры № 3/3
Ылай-Талаа айыл аймагынын Кызыл-Суу участкасындагы № 1713 контурунда турган жалпы 1,00 га жер аянтын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан таштанды таштоо үчүн "Өнөр жай жана транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" 2013-жылдын 15-июлундагы №145 жана 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтомдорунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү токтому менен бекитилген убактылуу жобонун талаптарына ылайык Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" 2013-жылдын 15-июлундагы №145 жана 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтомдорунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү токтому менен бекитилген убактылуу жобонун талаптарына ылайык Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн аймагында ишке ашырылсын.
2. Ылай-Талаа айыл аймагынын Кызыл-Суу участкасындагы № 1713 контурунда турган (1,00 га жайыт,) жалпы жер аянты 1,00 га жер аянтын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан таштанды таштоо үчүн "Өнөр жай жана транспорт,байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер " категориясына которууга (трансформациялор) макулдук берет.
3. Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовко тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Кадамбаева |