Загрузка документа…
ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 21-январы № 1
Компьютерде иштеген убактысы үчүн эмгек акысына үстөк төлөм белгилөө жөнүндө
Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегиндеги 42 пунктунун 17 пунктчасына ылайык “компьютер менен иштөө” жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27- апрелиндеги № 258 “Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегин (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар) бекитүү” жөнүндөгү токтомуна жана Эмгек шарттары боюнча жумуш орундарын аттестациялоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиянын кенешмесинин № 1 Протоколуна ылайык депутаттардын Өзгөрүш айылдык кенешинин 7- чакырылышынын 1-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. 2019-жылдын 19- ноябрындагы № 426 сандуу электромагниттик нурлануунун жана чуу көлөмүн өлчөө протоколунда көрсөтүлгөн Өзгөрүш айыл өкмөтүндөгү кызматкерлердин эмгек акысына 25% пайызга чейинки өлчөмдө белгиленип жана 2020-жылдын 08-январынан баштап эсептөө иштери жүргүзүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага: | А.Атамбеков |