Фрунзе айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-майындагы № 18 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакыруунун 2-кезексиз сессиясы
2021-жылдын 28-майы № 1
«Фрунзе айылдык аймагынын Фрунзе айылдык кенешинин жобосун бекитүү жөнүндө»
Фрунзе айылдык кенешинин депутаттык группанын Фрунзе айылдык аймагынын Фрунзе айылдык кеңешинин жобосунун долбоорун карап жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017 жылдын 27-июнундагы № 5 токтому менен кабыл алынган Фрунзе айылдык округунун Фрунзе айылдык кеңешинин жобосун күчүн жоготту деп табылсын.
2. Фрунзе айылдык аймагынын Фрунзе айылдык кеңешинин жобосу бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Исмаилов |