Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 4-августу ПЖ № 412
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
№ 37 Мырзааке бир мандаттуу аймактык шайлоо округу боюнча
чыгып кеткендин ордуна Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутатын шайлоону дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясындагы 6-пунк-
ттун 3-пунктчасына, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кодекстин
69-статьясынын 7-пунктуна ылайык токтом кылам:
1. № 37 Мырзааке бир мандаттуу аймактык шайлоо округу боюнча Кыр-
гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутатын шайлоо жекшембиге
2006-жылдын 29-октябрына дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
Борбордук комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ыла-
йык өткөрүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- көрсөтүлгөн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутатын шайлоону өткөрүүнү финансылоо маселесин чечсин;
- шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти, Кыр-
гыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоону камсыз
кылсын.
4. Ош облусунун Каракулжа, Өзгөн райондорунун жергиликтүү өзалдын-
ча башкаруу органдары жана мамлекеттик администрациялары шайлоону даяр-
доо жана өткөрүү учурунда уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө шай-
лоо комиссияларына көмөк көрсөтсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев