ЖарлыкКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 4-августундагы №412 «№ 37 Мырзааке бир мандаттуу аймактык шайлоо округу боюнча чыгып кеткендин ордуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

                            КР Президентинин

               2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына

                         ылайык күчүн жоготту

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 4-августу ПЖ № 412

 

             КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

       № 37 Мырзааке бир мандаттуу аймактык шайлоо округу боюнча

         чыгып кеткендин ордуна Кыргыз Республикасынын Жогорку

             Кењешинин депутатын шайлоону дайындоо жөнүндө

 

     Кыргыз Республикасынын  Конституциясынын  46-статьясындагы 6-пунк-

ттун 3-пунктчасына, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кодекстин

69-статьясынын 7-пунктуна ылайык токтом кылам:

     1. № 37 Мырзааке бир мандаттуу аймактык шайлоо округу боюнча  Кыр-

гыз  Республикасынын  Жогорку  Кењешинин  депутатын  шайлоо  жекшембиге

2006-жылдын 29-октябрына дайындалсын.

     2. Кыргыз  Республикасынын  Шайлоо  жана референдум өткөрүү боюнча

Борбордук комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына  ыла-

йык өткөрүүнү камсыз кылсын.

     3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

     - көрсөтүлгөн  шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин депутатын шайлоону өткөрүүнү финансылоо маселесин чечсин;

     - шайлоону  даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти, Кыр-

гыз Республикасынын  Конституциясын  жана  мыйзамдарын  сактоону камсыз

кылсын.

     4. Ош облусунун Каракулжа, Өзгөн райондорунун жергиликтүү өзалдын-

ча башкаруу органдары жана мамлекеттик администрациялары шайлоону даяр-

доо  жана өткөрүү учурунда уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө шай-

лоо комиссияларына көмөк көрсөтсүн.

     5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын

     Президенти                                          К.Бакиев