Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 токтому менен бекитилген |
"Кыргыз Республикасында улуттук аккредитациялоо системасы жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 695 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Кыргыз Республикасында улуттук аккредитациялоо системасы жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) төмөнкүлөрдү белгилейт:
- шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоонун улуттук системасын түзүү, иштөө принциптери, жайылтуу тармагы;
- аккредитациялоонун негизги катышуучуларынын функциялары; аккредитациялоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн жалпы тартиби.
2. Кыргыз Республикасында улуттук аккредитациялоо системасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоону Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген аккредитациялоо боюнча улуттук орган жүзөгө ашырат.
2. Негизги терминдер жана аныктамалар
3. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
аккредитациялоо - аккредитациялоо боюнча органдын шайкештикти баалоо боюнча конкреттүү иштерди аткарууда юридикалык жактын компетенттүүлүгүн расмий таануунун жол- жобосу;
апелляция - аккредитациялоонун кааланган статусуна карата аккредитациялоо боюнча орган кабыл алган ар кандай терс чечимди кайра кароо жөнүндө шайкештикти баалоо боюнча органдын кайрылуусу;
аккредитациялоо аттестаты - аккредитациялоо белгилүү бир тармак үчүн берилгендигин ырастаган расмий документ;
даттануу - апелляциядан айырмаланып, адам же уюм жооп алууну күткөн учурда, ошол органдын же аккредитацияланган шайкештикти баалоо органынын ишине тиешелүү болгон аккредитациялоо органынын дарегине адам же уюм тарабынан билдирилген нааразычылык;
аккредитациялоо белгиси - аккредитациялоо боюнча орган тарабынан берилүүчү жана алардын аккредитациялоо статусун белгилөө максатында шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдар тарабынан колдонууга арналган белги;
инспекциялык контролдоо - кайра баалоодон тышкары, шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган орган тарабынан аккредитациялоого карата талаптардын үзгүлтүксүз аткарылышына мониторинг жүргүзүү боюнча иштин түрлөрүнүн топтому;
консультация берүү - аккредитациялоого тийиш болгон шайкештикти баалоо боюнча органдын кандайдыр бир ишине катышуу;
аккредитациялоо критерийлери - иштин (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) билдирилген түрү боюнча аккредитациялоо аттестатын алуу үчүн аккредитациялоо субъектиси канааттандырууга тийиш болгон талаптардын жыйындысы;
аккредитациялоо боюнча органдын логотиби - аккредитациялоо боюнча орган тарабынан өзүн идентификациялоо үчүн пайдаланылуучу эмблема;
аккредитациялоо боюнча улуттук орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аккредитациялоо боюнча иштерди жүргүзүүгө жана аккредитациялоо боюнча эл аралык жана региондук уюмдарда Кыргыз Республикасынын атынан чыгууга ыйгарым укук берилген орган;
түзөтүүчү аракеттер - дал келбестиктин себебин жоюу жана анын кайра келип чыгышынын алдын алуу үчүн жасалган аракеттер;
аккредитациялоо тармагы - шайкештикти баалоо боюнча аккредитациялоо суралган же берилген иштердин конкреттүү багыттары;
шайкештикти баалоо боюнча орган - шайкештикти баалоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жак;
шайкештикти баалоо - тиешелүү талаптардын аткарылгандыгын түз же кыйыр түрдө аныктоого байланышкан иштер;
баалоо - конкреттүү стандарттын (стандарттардын) жана/же башка ченемдик документтердин негизинде жана аккредитациялоонун белгилүү бир тармагы үчүн шайкештикти баалоо боюнча органдын компетенттүүлүгүн аныктоо максатында аккредитациялоо боюнча орган тарабынан жүзөгө ашырылуучу процесс;
баалоочу - шайкештикти баалоо боюнча органды өз алдынча же баалоочулар тобунун курамында баалоо үчүн аккредитациялоо боюнча орган тарабынан дайындалган адам;
техникалык эксперт - аккредитациялоо боюнча орган тарабынан дайындалган, баалоочунун жетекчилиги астында иштеген, аккредитациялоонун баалануучу тармагында атайын билимге же эксперттик жөндөмгө ээ болгон жана баалоону өз алдынча жүргүзбөгөн адам;
ISO/IEC 17011 стандарты - шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча органдарга талаптарды белгилөөчү эл аралык стандарт.
3. Аккредитациялоо боюнча иштин негизги максаттары жана принциптери
4. Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо алардын компетенттүүлүгүн ырастоо, аларга болгон ишенимди камсыз кылуу, алардын ишинин натыйжаларын таануу үчүн шарттарды түзүү максатында жүзөгө ашырылат.
5. Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо төмөнкүдөй принциптерге ылайык жүзөгө ашырылат:
- ыктыярдуулук;
- аккредитациялоо эрежелеринин ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү;
- аккредитациялоону жүзөгө ашыруучу органдын компетенттүүлүгү жана адилеттүүлүгү;
- атаандаштыкты чектөөгө жана шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдардын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга тоскоолдуктарды түзүүгө жол бербөө;
- аккредитацияланууга талапкер болгон бардык адамдардын укуктарынын, мыйзамдуу кызыкчылыктарынын теңдигин камсыз кылуу;
- аккредитациялоо боюнча иш процессинде алынган купуя маалыматты ачыкка чыгарбоо;
- аккредитациялоо, шайкештикти ырастоо жана мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды бир уюмда айкалыштырууга жол бербөө.
4. Улуттук аккредитациялоо системасы жана анын катышуучулары
6. Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоонун улуттук системасы аккредитациялоо боюнча иштерди аткаруу эрежелеринин, анын катышуучуларынын жана Кыргыз Республикасында аккредитациялоонун иштөө эрежелеринин жыйындысын билдирет.
7. Евразия экономикалык бирлигине мүчө башка мамлекеттердин аккредитациялоо боюнча органдары тарабынан аккредитацияланган шайкештикти баалоо боюнча органдарды кошпогондо, шайкештикти милдеттүү баалоо чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу шайкештикти баалоо боюнча органдар улуттук аккредитациялоо системасында аккредитацияланууга тийиш.
8. Улуттук аккредитациялоо системасынын катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
- шайкештикти баалоо боюнча органдар жана аккредитацияланууга талапкерлер/арыз берүүчүлөр;
- Кыргыз Республикасынын шайкештикти баалоо боюнча органдарын аккредитациялоо боюнча улуттук орган (мындан ары - улуттук орган);
- Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңеш;
- баалоочулар;
- техникалык эксперттер;
- аккредитациялоо боюнча техникалык комитеттер.
9. Шайкештикти баалоо (сыноо/изилдөө, калибрлөө, инспекциялоо, менеджмент системасын, персоналды, продукцияны, процесстерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификациялоо, квалификацияны текшерүү, стандарттык үлгүлөрдү өндүрүү, валидациялоо жана верификациялоо) чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү органдар аккредитациялоо объекттери болуп саналат.
10. Шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдар жана аккредитацияланууга арыз берүүчүлөр төмөнкүлөргө милдеттүү:
- аккредитациялоо суралган же берилген тармактарда аккредитациялоо талаптарын үзгүлтүксүз аткарууга жана алардын аткарылышынын күбөлүктөрүн берүүгө;
- аккредитациялоо талаптарынын аткарылышын текшерүү үчүн зарыл болгон шайкештикти баалоо боюнча органдардын персоналына, иш жүргүзүү ордуна, жабдууларына, маалыматтарына, документтерине жана жазууларына жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга;
- улуттук органга алардын аккредитацияланышына байланышы бар өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат берүүгө;
- аккредитациялоо жана инспекциялык контролду жүргүзүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө;
- аккредитациялоого жана инспекциялык контролду жүргүзүүгө байланышкан иштерге акы төлөөгө (аккредитациялоону алгандан кийин);
- улуттук орган белгилеген, шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча жол-жоболор менен белгиленген талаптарды аткарууга.
Шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдар аккредитацияланган иштин түрү боюнча гана аккредитациялоого таянышы керек.
11. Улуттук орган ISO/IEC 17011 талаптарына, ошондой эле төмөнкүлөргө ылайык келүүгө тийиш:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган юридикалык жак болуу, анын аккредитациялоо жаатындагы ишин камсыз кылуучу юридикалык укуктарга жана милдеттерге ээ болуу;
улуттук органдын иштеши үчүн зарыл болгон финансылык ресурстарга ээ болуу;
аккредитациялоо боюнча чечимдерди кабыл алуу, анын ичинде аккредитациялоону берүү, аккредитациялоо чөйрөсүн сактоо, кеңейтүү, аны кыскартуу, токтото туруу, жокко чыгаруу жана аккредитациялоону таануу үчүн жооптуу болуу;
- өз ишинин объективдүүлүгүнө жана калыстыгына кепилдик берүү;
- керектүү каражаттарга жана документтелген жол-жоболорго ээ болуу;
- өзүнүн логотибине ээ болуу.
12. Улуттук орган квалификациялуу кадрларга ээ болушу керек. Мамлекеттик органдар, кызмат адамдары, коомдук уюмдар, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан аккредитациялоонун натыйжаларына түздөн-түз кызыкчылыгы бар адамдар же уюмдар тарабынан улуттук органдын ишине кийлигишүүгө жол берилбейт.
13. Улуттук орган өзүнүн расмий сайтында же жалпыга маалымдоо каражаттарында жана/же башка мамлекеттик маалыматтык ресурстарда улуттук орган жөнүндө, аккредитациялоо процесси жөнүндө, шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдар жөнүндө, аккредитациялоонун эрежелери жана жол-жоболору жөнүндө маалыматты, аккредитациялоонун натыйжаларын таануу жөнүндө маалыматты жана иш жөнүндө ар жылдык отчетту жарыялоого жана зарыл болгон учурда жаңылоого милдеттүү.
14. Улуттук органдын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) аккредитациялоо жаатындагы эл аралык жана региондук уюмдардын саясаттарын жана колдонмолорун эске алуу менен ISO/IEC 17011 стандартынын талаптарына ылайык эрежелерди жана жол-жоболорду иштеп чыгуу жана өркүндөтүү;
2) берилген өтүнмөлөрдүн негизинде шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоону уюштуруу жана өткөрүү, шайкештикти баалоо боюнча органдарды кайра баалоону жүргүзүү;
3) шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдардын ишине инспекциялык контролду (мезгилдүү баалоону) уюштуруу жана жүргүзүү;
4) Кыргыз Республикасында аккредитациялоо процессинин алкагында лабораториялар аралык салыштырма сыноолорду жана өлчөөлөрдү жүргүзүү боюнча ишти уюштуруу жана координациялоо;
5) шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган жана таанылган органдардын реестрин, баалоочулардын, техникалык эксперттердин реестрин (эсебин), улуттук орган тарабынан уюштурулган квалификацияны текшерүү программаларын жана башка салыштырууларды түзүү жана жүргүзүү, ошондой эле көрсөтүлгөн реестрлерден маалыматтарды берүү;
6) Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдардын бирдиктүү реестринин улуттук бөлүгүн түзүү жана жүргүзүү;
7) шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдардан шайкештикти баалоо боюнча бул аккредитацияланган органдарга карата улуттук орган тарабынан кабыл алынган чечимдерди кайра кароо жөнүндө түшкөн кайрылуулар боюнча жана шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдардын же улуттук органдын аракеттерине (аракетсиздигине) кайсы болбосун адамдардын даттануулары боюнча чечимдерди кабыл алуу;
8) шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жаатында чечимдерди кабыл алуу үчүн шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдарга карата жарандардан, жеке ишкерлерден жана юридикалык жактардан келип түшкөн кайрылууларда баяндалган фактыларды компетенциясынын чегинде текшерүүнү жүзөгө ашыруу;
9) белгиленген формадагы аккредитациялоо аттестаттарын берүү;
10) техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча ыйгарым укуктуу органга кызматташтык жөнүндө эл аралык келишимдерди белгиленген тартипте түзүү жана шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдарды өз ара таануу тууралуу сунуштарды киргизүү;
11) аккредитациялоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларды жана ченемдик документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык ченемдерге жана эрежелерге шайкеш келтирүү боюнча иштерге катышуу;
12) шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча техникалык комитеттердин ишин координациялоо;
13) аккредитациялоо эрежелеринин жана жол-жоболорунун жеткиликтүүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылуу;
14) баалоочуларды жана техникалык эксперттерди тандоо, окутуу жана расмий дайындоо жол-жобосун белгилөө;
15) Евразия экономикалык бирлигинин техникалык жөнгө салуу системасынын алкагында Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекетин аккредитациялоо боюнча орган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган юридикалык жак болуп саналган шайкештикти баалоо боюнча органды аккредитациялоодо байкоочу катары чыгуу.
15. Улуттук орган калыстыкка таасир этиши мүмкүн болгон кызматтарды көрсөтпөшү керек (шайкештикти баалоо боюнча органдар аткарган ошол шайкештикти баалоо боюнча жол-жоболор же консультация берүү). Улуттук орган ISO/IEC 17011 стандартында белгиленген калыстыктын талаптарын сактайт.
16. Улуттук орган техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча аккредитациялоо боюнча региондук жана эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргойт.
17. Объективдүүлүктү жана калыстыкты камсыз кылуу, Кыргыз Республикасында улуттук аккредитациялоо системасынын принциптерин жана саясатын иштеп чыгуу жана колдоо үчүн Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) түзүлөт.
Кеңеш жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
18. Баалоочулар жана техникалык эксперттер төмөнкүлөргө катышат:
- аккредитациялоого арыз берүүчүлөрдүн документтерине экспертиза жүргүзүүгө жана тиешелүү корутундуларды даярдоого;
- аккредитациялоого арыз берүүчүлөрдүн ишин жеринде баалоого;
- шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдардын ишине инспекциялык контролдоо жүргүзүүгө.
Баалоочулар жана техникалык эксперттер улуттук органдын талаптарына туура келүүгө тийиш.
Баалоочулар жана техникалык эксперттер аккредитациялоо жаатындагы талаптарды, документтерди жана жол-жоболорду үйрөнүү үчүн атайын даярдыктан өтүүгө тийиш.
19. Аккредитациялоо боюнча техникалык комитеттер улуттук орган тарабынан шайкештикти баалоо боюнча органдардын ишинин конкреттүү багыттары боюнча адистерден түзүлөт.
Аккредитациялоо боюнча техникалык комитеттердин негизги функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:
- иштин атайын тармактарында аккредитациялануучу объекттерге карата талаптарды белгилеген аккредитациялоо боюнча эл аралык документтерди колдонуу боюнча сунуштамаларды даярдоо;
- иштин тиешелүү тармактарында адистерди тандоо боюнча талаптарды белгилөө үчүн сунуштарды киргизүү жана иштин тиешелүү тармактарында аккредитациялоо өткөрүү үчүн техникалык адистерди тандоо боюнча сунуштарды берүү.
Аккредитациялоо боюнча техникалык комитеттердин адистери улуттук орган тарабынан аккредитациялоо боюнча иштерге, шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдардын ишине инспекциялык контролдоону жүргүзүүгө жана аккредитациялоо боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн тартылышы мүмкүн.
Техникалык комитеттер жөнүндө жобону улуттук орган бекитет.
5. Аккредитациялоо өткөрүүнүн негизги этаптары
20. Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык стандарттардын, ушул Жобонун негизги талаптарына, ошондой эле улуттук орган тарабынан бекитилген эрежелерге жана тартиптерге ылайык жүзөгө ашырылат.
21. Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо талапкерлердин/арыз берүүчүлөрдүн документтеринин комплекти менен берилген өтүнмөлөрдүн негизинде жүргүзүлөт.
22. Аккредитациялоо тартиби төмөнкүдөй негизги этаптарды камтыйт:
- аккредитациялоонун билдирилген тармактарында аккредитациялоого талапкерлердин документтеринин комплекти менен өтүнмө берүү, аккредитациялоо тармактарын кеңейтүүгө арыздарды берүү;
- өтүнмө боюнча иштерди жүргүзүү үчүн аккредитациялоо боюнча улуттук органдын ресурстарын талдоо;
- аккредитациялоого талапкердин документтерин талдоо жана оң натыйжаларда баалоо жүргүзүү;
- чогултулган материалдарды талдоо жана аккредитациялоо жөнүндө чечим кабыл алуу;
- шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдын ишине инспекциялык контролдоону жүргүзүү. Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жол-жоболору улуттук орган тарабынан бекитилет.
23. Аккредитациялоо жөнүндө чечимди улуттук орган өзү белгилеген жол-жобого ылайык кабыл алат.
Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда белгиленген үлгүдөгү аккредитациялоо аттестаты тапшырылат жана аккредитация белгисин пайдалануу укугу берилет.
Аккредитациялоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган учурда арыз берүүчүгө аккредитациялоодон расмий баш тартуу анын себептерин көрсөтүү менен жиберилет.
24. Аккредитациялоодон баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) арыз берүүчүнүн шайкештикти баалоо боюнча органдарга карата аккредитациялоо чөйрөсүндөгү талаптарга ылайык келбеши;
2) аккредитациялоого өтүнмөдө жана тиркелген документтерде, ошондой эле аккредитациялоо жол-жобосунун жүрүшүндө арыз ээси тарабынан берилген башка документтерде аккредитациялоо критерийлерине шайкештигин ырастоо максатында туура эмес же бурмаланган маалыматтардын болушу;
3) аккредитациялоо боюнча жол-жоболордо белгиленген мөөнөттө шайкештикти баалоо боюнча органдарга аккредитациялоо чөйрөсүндөгү талаптарга табылган ылайык келбөөлөрдү жоюуну ырастаган документтерди жана/же маалыматтарды бербөө;
4) арыз берүүчүнүн ал берген документтерди жана маалыматтарды экспертизадан өткөрүүдөн, баалоодон баш тартуусу же четтөөсү;
5) аккредитациялоо боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон жана милдеттүү кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жөнүндө документтерди бербөө же көрсөтүлгөн документтерди белгиленген мөөнөттөрүн бузуу менен берүү;
6) улуттук орган тарабынан аккредитациялоонун колдонулушун токтотуу жөнүндө мурда чечим кабыл алынган арыз берүүчүнүн аккредитациялоо жөнүндө арызынын аккредитациялоонун колдонулушу токтотулган күндөн тартып эки жыл өткөндөн кийин келип түшүшү;
7) ушул бөлүктүн 4-пунктунда каралган негиздер боюнча аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечимди улуттук орган кабыл алган күндөн тартып алты ай өткөндөн эрте арыз берүүчүдөн аккредитациялоо жөнүндө арыздын улуттук органга келип түшүшү.
Аккредитациялоо аттестаты аларды Шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдардын реестрине каттаган күндөн тартып күчүнө кирет жана мөөнөтсүз болуп саналат. Аккредитациялоо белгисинин сүрөттөмөсү жана колдонуу эрежеси улуттук орган тарабынан белгиленет.
25. Аккредитациялоо аттестаты колдонулган мезгилде улуттук орган түзүлгөн келишимдин негизинде шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдын ишине инспекциялык контролдоону жүргүзүп турат.
Улуттук орган аккредитациялоо боюнча талаптарды аткаруу предметине шайкештигин баалоо боюнча аккредитацияланган органдын ишине мониторинг жүргүзүү үчүн инспекциялык контролду жүргүзүү жол-жоболорун жана пландарын, шайкештикти баалоо боюнча органдарды кайра баалоону, мезгилдүүлүгүн белгилейт.
26. Аккредитациялоо тармактарын кеңейтүү, кыскартуу, токтотуу, жокко чыгаруу же жаңыртуу, таануу ISO/IEC 17011 стандартынын талаптарынын негизинде улуттук органдын жол-жоболоруна ылайык жүзөгө ашырылат.
27. Улуттук орган тарабынан аккредитациялоо аттестатынын колдонулушун токтотуу үчүн негиздер болуп шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдын демилгеси, аны жоюу же кайра уюштуруу менен байланышпаган табылган бузуулар болуп саналат:
1) шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдын улуттук органдын шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча жол-жоболору менен белгиленген талаптарды, продукциянын шайкештигин баалоо эрежелерин, ченемдик укуктук актыларды, техникалык жөнгө салуу, анын ичинде аккредитациялоо жана шайкештикти баалоо жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Евразия экономикалык бирлигинин актыларын, ошондой эле шайкештикти баалоо жаатында Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзбөгөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди бузуусу;
2) шайкештикти баалоо боюнча органдын иштин аккредитацияланбаган чөйрөсүнө карата аккредитациялоого шилтемеси;
3) шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган орган тарабынан улуттук органга шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдын ишине инспекциялык контролдоо/кайра баалоо (кайра аккредитациялоо) жүргүзүүгө келишим түзүүнүн жана аткаруунун алкагында толук эмес же анык эмес маалыматтын берилиши, эгерде мындай маалымат аккредитациялоо үчүн олуттуу мааниге ээ болсо;
4) шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдын ишине инспекциялык контролдоо/кайра баалоо (кайра аккредитациялоо) жүргүзүүгө келишим түзүүдөн же аткаруудан шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдын баш тартуусу же четтөөсү;
5) мезгил-мезгили менен баалоо жүргүзүүнүн (инспекциялык контролдоонун) жүрүшүндө шайкештикти баалоо боюнча органдардын компетенттүүлүгүн ырастабоо.
28. Аккредитациялоо аттестатынын колдонулушу улуттук орган тарабынан белгиленген жол-жобого ылайык аккредитациялоо аттестатынын колдонулушун токтотуп туруу үчүн негиз болгон бузуулар же жагдайлар алардын себептери жоюлган учурга чейин, бирок аккредитациялоо аттестатынын колдонулушун токтотуп туруу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып алты айдан көп эмес улуттук орган тарабынан токтотулат.
29. Аккредитациялоо аттестатынын колдонулушу төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
1) шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган орган тарабынан улуттук органга аккредитациялоо жаатындагы ишти токтотуу жөнүндө арыз берүү;
2) юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жактын ишин токтотуу;
3) юридикалык жакты бөлүү формасында кайра уюштуруу;
4) аккредитациялоо аттестатынын колдонулушу токтотулган шайкештикти баалоо боюнча орган тарабынан бекитилген жана улуттук орган менен макулдашылган түзөтүүчү иш-аракеттердин планында белгиленген мөөнөттөргө ылайык келбөөлөрдү жок кылбоо;
5) шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган орган тарабынан аккредитациялоо аттестатынын колдонулушун токтотууга алып келген, продукциянын шайкештигин ырастоо жол-жобосунун талаптарынын жыл ичинде экиден кем эмес бузуу фактыларын табуу;
6) атайылап жалган жана/же анык эмес маалыматтарды берүү фактысын белгилөө, анын негизинде улуттук орган тарабынан аккредитациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган, ошондой эле эксперттик топ тарабынан атайылап жалган жана/же анык эмес корутундулар берилген (документтерди экспертизалоо, баалоо, арыз берүүчү же шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган орган аккредитациялоо критерийлерине туура келбөөлөрдү жоюу);
7) аккредитациялоо белгисинин шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган орган тарабынан улуттук органдын уруксаты жок же белгиленген талаптарды бузуу менен пайдаланылышы;
8) аккредитациялоо тармагына ылайык шайкештикти баалоо жаатында бир жыл ичинде иштерди аткарбоо, улуттук органга бир жылдын ичинде өзүнүн ишинин натыйжалары жөнүндө, кадрдык курамдын өзгөрүшү жана компетенттүүлүгү (бар болсо), техникалык жабдылышынын өзгөрүүлөрү жана аккредитациялоо статусуна таасир этүүчү башка өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтарды бербөө;
9) себептери шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган орган тарабынан түзөтүүчү иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу аркылуу жоюлушу мүмкүн эмес белгилүү болгон бузуулар же жагдайлар;
10) себептери шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган орган тарабынан түзөтүүчү иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу аркылуу жоюлушу мүмкүн белгилүү болгон бузуулар же жагдайлар, бирок шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган орган аккредитациялоо аттестатынын колдонулушун токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 15 жумуш күндүн ичинде аларды жоюуга жазуу жүзүндө макулдугун билдирген эмес;
11) аккредитациялоо аттестатынын колдонулушун токтотуу мөөнөтү аяктаганда, мында белгилүү болгон бузуулар же жагдайлар, алардын себептери шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган орган тарабынан улуттук орган менен макулдашылган түзөтүүчү иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу аркылуу четтетилбесе.
6. Апелляцияларды жана даттанууларды кароо
30. Улуттук органдын же шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдын ишине канааттанбаган учурда жак же уюм улуттук органга даттануу менен кайрыла алат.
Улуттук орган даттанууну кароого жана аталган адамга (уюмга) негизделген жооп берүүгө тийиш.
31. Шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдын статусуна карата улуттук орган тескери чечим кабыл алган учурда ал улуттук органга аны кайрадан кароо тууралуу апелляция бере алат.
32. Апелляциялар жана даттануулар улуттук органга берилет, ал апелляциялар жана даттануулар боюнча комиссия түзөт. Комиссия даттанууну карап жана көрсөтүлгөн адамга (уюмга) негизделген жооп берет. Апелляцияларды/даттанууларды кароонун жол-жобосу, ошондой эле апелляциялар жана даттануулар боюнча комиссиянын ишинин тартиби улуттук орган тарабынан белгиленет.
33. Апелляциялар жана даттануулар боюнча комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча кабыл алынуучу улуттук органдын чечимдери соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.
7. Аккредитациялоо боюнча иштерге акы төлөө
34. Аккредитациялоо жана инспекциялык контролдоо боюнча иштерге акы төлөө монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча улуттук орган тарабынан бекитилген прейскурантка ылайык келишимдердин негизинде шайкештикти баалоо боюнча орган тарабынан жүргүзүлөт.
8. Чет өлкөлүк органдар жүргүзгөн аккредитациялоону таануу
35. Аккредитациялоо боюнча чет өлкөлүк органдар тарабынан берилген шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө аттестаттар (күбөлүктөр, сертификаттар) аккредитациялоо системаларды жана аккредитациялоодо колдонулуучу талаптарды бирдей деп таануунун негизинде улуттук орган тарабынан таанылат.".