Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-июнундагы №306 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калктар боюнча Улуттук комиссия жөнүндө ЖОБО 1. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын калктар боюнча Улуттук комиссиясы(мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын Президентине тикелейбаш ийген, Кыргыз Республикасынын демографиялык саясаттын жалпынегиздерин жана принциптерин иштеп чыгууну, 2009-жылы КыргызРеспубликасында эл жана туракжай фондун катооону өз убагында даярдоожана сапаттуу өткөрүү максатында аткаруу бийлик жана жергиликтүүөзалдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоону камсыз кылганведомстволор аралык коомдук орган болуп саналат. 2. Комиссиянын ишинин укуктук негизин Кыргыз РеспубликасынынКонституциясы, мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын башка ченемдикукуктук актылары жана ушул Жобо түзөт. 3. Комиссия оз ишин таламдаш министрликтер, администрациялыкведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жанажергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, илимий жана коомдук уюмдарменен өзара аракеттенүү менен жүргүзөт. II. Комиссиянын негизги милдеттери жана укуктары 4. Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: - мамлекеттин демографиялык саясатынын негиздерин иштеп чыгуунууюштуруу; - Кыргыз Республикасынын Президентине калктар маселеси боюнчадокладдарды жана рекомендацияларды даярдоо; - калктар жана демография маселелери боюнча мыйзам актыларыныннегизги долбоорлорун иштеп чыгууну уюштуруу; - 2009-жылы эл жана туракжай фондун каттоону өз убагында даярдоожана сапаттуу өткөрүү максатында ишчараларды иштеп чыгуу жана аткаруубийлигинин жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ишинкоординациялоо; - Кыргыз Республикасынын Президенти Комиссияга жүктөгон башка милдеттерди жүргүзүү. 5. Комиссия алдыга коюлган милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүлөргөукуктуу: - белгиленген тартипте өз ишине аткаруу бийлик жана жергиликтүүозалдынча башкаруу органдарынын адистерин, коомдук, илимий жанаэларалык уюмдардын өкүлдөрүн тартуута; белгиленген тартипте мамлекеттик, коомдук уюмдардан жанажергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынан зарыл документтерди жанаматериалдарды суратууга; - Комиссиянын алдына коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча зарыл чаралардын комплексин иштеп чыгууга жана жүргүзүүгө. III. Комиссиянын иштөө тартиби 6. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Комиссиянынаткаруу органы болуп саналат, ал Комиссиянын чечимдеринин долбоорун,зарыл маалымкаттык жана маалыматтык материалдарды даярдайт, ошондойэле Комиссиянын уюштуруу, усулдук жана башка ишин камсыз кылат. 7. Комиссиянын жыйналышынын мезгилдүүлүгүн Комиссиянын төрагасы алжокто Комиссиянын төрагасынын орунбасары аныктайт. 8. Комиссиянын жыйналышы протокол менен таризделет Комиссиянынчечими Комиссиянын мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экиси жыйналышка катышканшартта анын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.Добуштар тењ болуп калган учурда торагалык кылуучу жактап добуш бергенчечим кабыл алынды деп эсептелет. Комиссия өз компетенциясынын чегинде кабыл алган чечимдер аткаруубийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынанмилдеттүү түрдө аткарылат. Комиссиянын төрагасы Комиссиянын мүчөлөрүн кат жүзүндө сурамжылоожолу менен Комиссиянын мүчөлөрү катышпаган жыйналышын өткөрө алат. 9. Комиссиянын төрагасы: - Комиссиянын ишине жалпы жетекчилик кылат; - Комиссиянын иши жонүндө Кыргыз Республикасынын Президентинебилдирип турат: - Комиссиянын иш-планын, жыйналыштарды өткөрүү графигин жана арбир жыйналыштын күн тартибин бекитет; - Комиссиянын жыйналышын өткөрөт; - Комиссия кабыл алган чечимдердин аткарылышына котролдуктууюштурууну камсыз кылат.