Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 15-августундагы ПЖ N 283 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары Өкмөт Үйү
2006-жылдын 3-июну №306
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын калктар боюнча
Улуттук комиссиясы жөнүндө
Кыргыз Республикасында демографиялык саясаттын жалпы негиздерин
жана принциптерин иштеп чыгуу жана 2009-жылы эл жана туракжай фондун
каттоону өз убагында даярдоо жана сапаттуу өткөрүү боюнча бийлик
органдарынын ишин координациялоо максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын калктар боюнча Улуттук комиссиясы
(мындан ары - Комиссия) тиркелген тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Комиссиянын
аткаруучу органы деп эсептелсин.
2. Комиссиянын башкы милдеттери болуп төмөнкүлөр санала тургандыгы
белгиленсин:
- мамлекеттин демографиялык саясатынын негиздерин иштеп чыгууну
уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын Президентине калктар жана демография
маселеси боюнча докладдарды жана рекомендацияларды даярдоо;
- калктар жана демография маселелери боюнча мыйзам актыларынын
негизги долбоорлорун иштеп чыгууну уюштуруу;
- 2009-жылы эл жана туракжай фондун каттоону өз убагында даярдоо
жана сапатту өткөрүү максатында ишчараларды иштеп чыгуу жана
аткаруу бийлик органдарынын ишин координациялоо.
3. Милдеттерди аткаруу максатында Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- белгиленген тартипте өз ишине аткаруу бийлик жана жергиликтүү
өзалдынча башкаруу органдарынын адистерин, коомдук, илимий жана
эларалык уюмдардын өкүлдөрүн тартууга;
- белгиленген тартипте мамлекеттик, коомдук уюмдардан жана
жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынан адистерин, коомдук илимий
жана эларалык уюмдардын өкүлдөрүн тартууга;
- белгиленген тартипте мамлекеттик коомдук уюмдардан жана
жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынан зарыл документтерди жана
материалдарды суратууга.
Комиссия өз компетенциясынын чегинде кабыл алган чечимдер аткаруу
бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан
милдеттүү түрдө аткарылат.
4. Комиссиянын төрагасы эки айлык мөөнөттө 2009-жылы Кыргыз
Республикасында эл жана туракжай фондун каттоону өз убагында жана
сапаттуу даярдоо жана өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын
министрликтери менен ведомстволорунун аткарышын караган негизги
иштердин Календардык планын бекитсин.
5. Кыргыз Республикасынын калктар боюнча Улуттук комиссиянын
тиркелген Жобосу бекитилсин.
6.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 7-августундагы
№244 «Кыргыз Республикасынын калктар боюнча Улуттук комиссия
жөнүндөгү» Указы күчүн жоготту деп табылсын.
7. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2006-жылдын 3-июнундагы № 306
Жарлыгынын тиркемеси
Кыргыз Республикасынын калктар боюнча Улуттук комиссиясынын
КУРАМЫ
(КР Президентинин
2008-жылдын 2-сентябрындагы ПЖ № 314 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Комиссиянын төрага-
сы;
- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссия-
нын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы-
нын эл жана турак жай фондун каттоо маселелери боюнча орун басары, Ко-
миссиянын катчысы;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри;
- Кыргыз Республикасынын финансы министри;
- Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
- Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри;
- Кыргыз Республикасынын миграция жана ишке орноштуруу боюнча мам-
лекеттик комитетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кыймылсыз мүлккө болгон
укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
- Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери
боюнча Улуттук агенттиктин директору;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрли-
гине караштуу экономикалык стратегиялар Борборунун директору;
- Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) университетинин эконо-
микалык теория кафедрасынын башчысы;
- Бишкек шаарынын мэри;
- Ош шаарынын мэри;
- Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губер-
натору;
- Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - гу-
бернатору;
- Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - гу-
бернатору;
- Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губерна-
тору;
- Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернато-
ру;
- Талас облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губерна-
тору;
- Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернато-
ру