Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2006-жылдын 5-декабрындагы ПЖ № 579 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2006-жылдын 25-июлу ПЖ № 392
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде жогорку офицердик курамдагы адамдар тарабынан ээленүүчү кызмат орундарын оптималдаштыруу жана иретке салуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 8-октябрындагы № 279 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү кадр иштеринин айрым маселелери жөнүндө" Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде жогорку офицердик курамдагы адамдар тарабынан ээленүүчү аскердик кызмат орундарынын Тизмесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 7-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
7. Кыргыз Республикасынын Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн колбашчысы - 1.";
- 9-пункт алып салынсын.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 8-октябрындагы № 279 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү кадр саясатынын айрым маселелери жөнүндө" Указына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 27-апрелиндеги № 189 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 8-октябрындагы № 279 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү кадр иштеринин айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |