Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 31-январы № 5/9
“Жаңы-Жол айыл аймагында көрсөтүлүүчү кошумча муниципалдык кызматтардык тизмесин бекитүү жөнүндө”
Күн тартибиндеги Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчы М.Акматовдун билдирүүсүн жана бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы токтом кылат:
1. Жаңы-Жол айыл аймагында көрсөтүлүүчү кошумча муниципалдык кызматтардык тизмеси тиркемеге ылайык бетилсин.
2. Жергиликтүү бюджетти тузүүдө кошумча муниципалдык кызматтардык тизмесин эске алуу менен ФЭБ башчы Үркүнбай уулу Нуралы жургузулсүн.
3. 2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. 3.Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Төрага: | К.Бейшеналиев |
| Жаңы-Жол айылдык кеңешинин 2022-жылдын 31-январы № 5/9 токтомуна №1 тиркеме |
Жаңы-Жол айылдык аймагында корсотүлүүчу кошумча муниципалдык кызматтардык тизмеси
№ | Муниципалдык кызматтын аталышы | Кызматты стандарттоо үчүн жоопкерчиликтүү органдын аталышы | Муниципалдык кызматты аткаруучу тарап/органы | Кызматтын көрсөтүлүүчү шарттары (акылуу же акысыз) |
1 | Тоголок жетимдердин кышкы мезгилде отун көмур менен камсыздоо | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
2 | Ар кандай үй-бүлөлүк аныктама берүү (чарбалык китептен көчүрмө) | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
3 | Жер үлүшү бар же жок экендиги тууралуу аныктама берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
4 | Кургак учук менен ооруган жарандарга облус аймагына дарыланууга барган жол киресин төлөп берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
5 | Терс айылында айыл башчы тарабынан ар түрдүү аныктамаларды берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
6 | Окуучуларга бир жылда бир жолу Республикалык денгээлде өткөн олимпиядаларга барган жол киресин төлөп берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
7 | Мектептердин алдынкы окуучуларына 5000сомдон стипендия берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |