Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 5-апрели № 28
"Бишкекжылуулуктармак" ААКсынын 2021-жылда жасаган иши жана 2022-жылга пландары тууралуу отчету
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесине, Кыргыз Республикасынын "Борбордун статусу жөнүндө" Мыйзамына ылайык, "Бишкекжылуулуктармак" ААКсы тарабынан жер алдындагы өтмөк аркылуу магистралдык жылуулук тармакты куруу себеби боюнча жабылган Лев Толстой жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктү калыбына келтирүү жана ачуу, жөө адамдардын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле, мындан ары Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарынын окуучуларынын катышуусу менен жол-транспорттук кырсыктарды болтурбоо максатында, "Бишкекжылуулуктармак" ААКсынын 2021-жылда жасаган иши жана 2022-жылга пландары тууралуу отчетун угуп жана талкуулап чыгып, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бишкекжылуулуктармак" ААКсынын 2021-жылда жасаган иши жана 2022-жылга пландары тууралуу отчету канааттандыраарлык эмес деп табылсын.
2. Бишкек шаарынын мэриясы, "Бишкекжылуулуктармак" ААКсы:
Лев Толстой жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктү калыбына келтирүү жана ачуу боюнча тийиштүү чараларды көрсүн;
Лев Толстой жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктү калыбына келтирүү "Бишкекжылуулуктармак" ААКсынын каражаттарынын эсебинен жүргүзсүн;
көрүлгөн чаралар тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин турак жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясын маалымдасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына, турак жай коммуналдык чарба маселелерин тейлеген вице-мэрге жүктөлсүн.
Төрага | К.Конгантиев |