Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 12-декабры № 218
Борбордун статусу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 1-июнундагы № 95, 2019-жылдын 18-майындагы № 66 , 2019-жылдын 8-июлундагы № 83 , 2019-жылдын 8-августундагы № 115 , 2019-жылдын 8-августундагы № 118, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152, 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 166, 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 , 2026-жылдын 2-июлундагы № 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Бишкек шаарында жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун өзгөчөлүктөрү
3-глава. Корутунду жоболор
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын борборунун - республикалык маанидеги шаар болуп саналган Бишкек шаарынын статусун аныктайт, жергиликтүү өз алдынча башкаруусун уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрүн, анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын түзүүнүн тартибин, алардын иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын, мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара мамилелерин белгилейт, ошондой эле Бишкек шаарында башкарууну жүзөгө ашыруунун укуктук, уюштуруучулук, экономикалык, финансылык жана социалдык шарттарын бекемдейт.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Бишкек шаарынын статусу
1. Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын борбору болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын борборунун статусу мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өзгөчөлүктөрү менен шартталган Бишкек шаарынын укуктук абалын, ошондой эле Бишкек шаары тарабынан Кыргыз Республикасынын борборунун иш-милдеттеринин жүзөгө ашырылышына байланыштуу алардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
3. Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын борбору катары:
1) республиканын администрациялык-саясий, экономикалык, илим-билим берүүчү, тарыхый-маданий борбору;
2) башкаруу мамлекет тарабынан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча мамлекеттик башкаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун принциптерине айкалыштырылып жүзөгө ашырылган, өзгөчө мамлекеттик мааниси бар администрациялык-аймактык бирдик;
3) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын текстинин түп нускасы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорунун эталондору турган жер;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 мамлекеттик резиденциясы, жогорку мамлекеттик бийлик органдары, башка мамлекеттик органдар, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, консулдук мекемелери жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү жайгашкан жер болуп саналат.
Айрым мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык борбордон тышкары жайгашышы мүмкүн.
4. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик символдорду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланууга укугу бар.
Борбор Бишкек шаардык кеңеши бекиткен өз символдоруна (гербине, туусуна, гимнине) ээ.
2-берене. Борбордун статусу жөнүндө мыйзамдар
Борбордун статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамынан, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан жана башка ченемдик укуктук актылардан турат.
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Бишкек шаары тарабынан борбордун иш-милдеттерин жүзөгө ашырууну камсыз кылуунун кепилдиктери
Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Бишкек шаары тарабынан борбордун иш-милдеттеринин жүзөгө ашырылышынын кепилдиктерин төмөнкү жол менен камсыз кылат:
1) борбордун иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүү;
2) шаар тарабынан борбордун иш-милдеттерин ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча башка чараларды көрүү.
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Бишкек шаары тарабынан борбордун иш-милдеттерин жүзөгө ашырууда мамлекеттик бийлик органдарынын көмөк көрсөтүүсү
Бишкек шаары тарабынан борбордун иш-милдеттерин жүзөгө ашырууда мамлекеттик бийлик органдары төмөнкүлөргө катышуу жолу менен көмөк көрсөтүшөт:
1) республиканын борбору катары шаарды өнүктүрүүнүн максаттуу программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга;
2) шаар тарабынан борбордун иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон объекттерди шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдерге жана макулдашууларга ылайык куруу, реконструкциялоо жана күтүү пландарын жүзөгө ашырууга;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шаардын аймагында шаар тарабынан борбордун иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу менен байланышкан байланыш каражаттарын, автомобиль жолдорун, транспорт тутумдарын күтүүгө жана өнүктүрүүгө;
4) шаардын калкынын социалдык-маданий жана коммуналдык-тиричилик муктаждыктарын канааттандырууга багытталган турак жай-коммуналдык чарба объекттерин өнүктүрүүгө;
5) жаратылышты коргоо иш-чараларын, коомдук тартипти, өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча, өзгөчө кырдаалдардан коргоо жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө.
5-берене. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттери
Бишкек шаары тарабынан борбордун иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга байланыштуу шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
1) мамлекеттик бийлик органдарына жана алардын аймактык бөлүмчөлөрүнө, ошондой эле чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнө мыйзамда белгиленген тартипте муниципалдык менчикте турган жер участокторун, имараттарды, курулуштарды, курулмаларды жана жайларды, турак жай фондун, турак жай-коммуналдык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү берет;
2) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен республикалык жана эл аралык иш-чараларды өткөрүү үчүн зарыл шарттарды камсыз кылат;
3) шаарды өнүктүрүүнүн республикалык максаттуу программаларын иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат;
4) шаардын аймагы аркылуу өткөн байланыш каражаттарын, автомобиль жолдорун күтүүгө жана өнүктүрүүгө катышат, калкты транспорт менен тейлөөнү камсыз кылат;
5) муниципалдык менчикте турган тарых жана маданият эстеликтеринин сакталышын камсыз кылат жана мамлекеттик менчикке таандык болгон тарых жана маданият эстеликтерин күтүүгө катышат;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
6-берене. Бишкек шаарынын аймагы
1. Бишкек шаарынын аймагы "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана жер мыйзамдарына ылайык аныкталган шаардын чек араларынын чектеринде түзүлөт.
2. Бишкек шаарынын аймагына категорияларына жана менчигинин формасына карабастан шаардын администрациялык-аймактык чек арасы менен белгиленген чектердеги бардык шаардык жерлер кирет.
3. Шаарда жергиликтүү өз алдынча башкарууну оптималдуу уюштуруу жана натыйжалуу жүзөгө ашыруу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, ушул Мыйзам менен белгиленген иш-милдеттерди тиешелүү түрдө аткаруу максаттарында Бишкек шаарынын аймагы өз алдынча администрациялык-аймактык бирдиктер болуп саналбаган администрациялык райондорго бөлүнөт.
4. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын администрациялык райондору шаардын тарыхый, географиялык, шаар куруу өзгөчөлүктөрүн, калктын санын, социалдык-экономикалык мүнөздөмөлөрүн, транспорттук коммуникацияларынын жайгашуусун, инженердик инфратүзүмүнүн болушун жана аймактын башка өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен 4 райондон ашпаган санда түзүлөт.
5. Ушул Мыйзамда жөнгө салынбаган администрациялык райондорду башкаруунун тартиби Бишкек шаарынын мэриясынын сунушу боюнча Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.
6. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун администрациялык райондоруна жетекчиликти Бишкек шаарынын мэри тарабынан дайындалган администрациялык райондордун башчылары жүзөгө ашырат.
7-берене. Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставы
1. Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кабыл алынган жергиликтүү жамаатынын Уставына ээ.
2. Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы шаардын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу маселелерин чечүүдө Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү менен Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара мамилелеринин тартибин; борбордогу аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын түзүүнүн жана ыйгарым укуктарынын өзгөчөлүктөрүн, шаар куруу түзүлүштөрүн, шаардын жергиликтүү жамаатынын мүчөсүнүн статусун берүүнүн шарттарын жана тартибин, шаар тарабынан ушул Мыйзамда белгиленген иш-милдеттерди жүзөгө ашырууга тийиштүү башка маселелерди аныктайт.
3. Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталган тартипте Бишкек шаарынын мэриясынын сунуштамасы боюнча Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.
Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
4. Жергиликтүү жамааттын Уставынын жоболору өзүнө ведомстволук караштуулуктагы аймакта жайгашкан, менчигинин формасына карабастан бардык ишканалар, уюмдар, мекемелер жана жарандар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болот.
5. Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сайтында жарыяланат.
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-глава. Бишкек шаарында жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун өзгөчөлүктөрү
8-берене. Жергиликтүү маанидеги маселелер
1. "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган жергиликтүү маанидеги маселелерге Бишкек шаарынын аймагында кошумча төмөнкүлөр таандык болот:
1) Бишкек шаарына жүктөлгөн борбордун иш-милдеттерин эске алуу менен анын комплекстүү социалдык-экономикалык өнүгүшүн стратегиялык пландаштыруу жана камсыз кылуу, шаар экономикасын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
2) шаардын аймагында шаар курулуш маселелерин, ошондой эле архитектура, курулуш, реконструкция, көркөм жасалгалоо маселелерин чечүү;
3) саламаттык сактоонун, мектептик мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүнүн, дене тарбиянын жана спорттун, социалдык коргоонун муниципалдык тутумунун иштешин жана өнүгүшүн уюштуруу;
4) Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун тарыхый жана маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муницииалдык мекемелерин өнүктүрүү;
5) ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте жана чектерде коомдук тартипти сактоого жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;
6) шаардын аймагында санитардык тазалоону, тазалыкты жана тартипти сактоону контролдоо боюнча иш-чараларды уюштуруу;
7) социалдык-маданий, турак жана турмуш-тиричилик муниципалдык объекттерин куруу;
8) жылуулук менен жабдууну уюштуруу;
9) муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жана алар боюнча жеңилдиктерге тарифтерди белгилөө;
10) шаардан тышкаркы транспорттордун Бишкек шаарына киришин уюштуруу жана жеңил автомобиль таксилердин, жүк ташуучулардын жана атайын транспорттун ишин жөнгө салуу.
2. Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жергиликтүү маанидеги маселелер катары каралбаган жана мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген башка маселелерди чечет.
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-берене. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму
1. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумун төмөнкүлөр түзөт:
1) Бишкек шаардык кеңеши - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы;
2) Бишкек шаарынын мэриясы - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы.
2. Бишкек шаарынын мэриясы жана анын кызмат адамдары өз ишинде Бишкек шаардык кеңешине отчёт берет жана анын контролдугу астында болот.
10-берене. Бишкек шаардык кеңеши
1. Бишкек шаардык кеңеши - мыйзам менен белгиленген тартипте шаардын коомдоштугу тарабынан түздөн түз шайлануучу жана өз ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашыруучу, шаардык өз алдынча башкаруунун шайлануучу өкүлчүлүктүү органы.
2. Бишкек шаардык кеңешинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - 5 жыл. Бишкек шаардык кеңешине шайлоолорду өткөрүүнүн жана депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
3. Бишкек шаардык кеңешинин сандык курамы - 51 депутат.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 29-июлундагы № 152, 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 166 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
11-берене. Бишкек шаардык кеңешинин ишин уюштуруу
1. Бишкек шаардык кеңешинин ишинин негизги уюштуруучулук формасы сессия болуп саналат.
2. Бишкек шаардык кеңешинин сессияларын чакыруунун тартиби жана өткөрүүнүн мезгилдуүлүгү анын Регламенти менен аныкталат.
3. Бишкек шаардык кеңешинин биринчи сессиясында жашы боюнча улуу депутат төрагалык кылат.
4. Аймактын кызыкчылыгын козгогон маселелер боюнча Бишкек шаардык кеңеши сессиянын ишине, туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн өкүлдөрүн катышуу үчүн чакыра алат.
12-берене. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттык фракциялары
1. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары депутаттык фракцияларга биригет.
2. Депутаттык фракция (мындан ары - фракция) партиялык тизменин негизинде түзүлөт жана Бишкек шаардык кеңеши тарабынан катталууга жатат.
3. Фракциялар фракциялардын коалициясына биригиши мүмкүн. Коалицияга биригүү үчүн каалоосун билдирген фракциялар Бишкек шаардык кеңешинин жыйналышында фракциялардын коалициясын түзүү жөнүндө жарыялайт.
4. Депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон, фракциялардын коалициясын түзүү жөнүндө расмий жарыялаган фракция же фракциялардын коалициясы Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк деп эсептелинет.
Көпчүлүктүн курамына кирбеген жана көпчүлүккө карата өзүнүн оппозициясы жөнүндө жарыялаган фракция же фракциялардын коалициясы Бишкек шаардык кеңешиндеги оппозиция деп эсептелет.
Фракциянын же көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясынын курамына кирбеген жана көпчүлүккө карата өзүнүн оппозициясы жөнүндө жарыялабаган фракция же фракциялардын коалициясы Бишкек шаардык кеңешиндеги азчылык деп эсептелет.
5. Бишкек шаардык кеңешиндеги бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы оппозициялык фракциянын же фракциялардын оппозициялык коалициясынын курамынан шайланат.
Эгерде Бишкек шаардык кеңешинде бир да фракция же фракциялардын коалициясы өздөрүн оппозициялык деп жарыя кылышпаса, анда бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы азчылыктын курамынан шайланат.
Эгерде Бишкек шаардык кеңешинин курамында оппозиция же азчылык жок болгон учурда, мындай эреже колдонулбайт.
6. Депутаттык фракцияларды түзүүнүн жана ишинин тартиби Бишкек шаардык кеңешинин Регламенти менен белгиленет.
13-берене. Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
1. Бишкек шаардык кеңешинин карамагына таандык болгон маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан мекемелердин жана уюмдардын анын чечимдерин ишке ашырууга катышуусу, анын чечимдеринин аткарылышын контролдоо үчүн туруктуу комиссиялар түзүлөт.
2. Бишкек шаардык кеңеши айрым маселелерди иликтөө жана аларга териштирилүүлөрдү жүргүзүү үчүн убактылуу комиссияларды түзүшү мүмкүн.
Убактылуу комиссияларды түзүү жөнүндө сунушту фракциялар же туруктуу комиссиялар киргизүүгө укуктуу.
3. Туруктуу жана убактылуу комиссиялардын сандык курамы, аларды түзүүнүн тартиби жана ыйгарым укуктары Бишкек шаардык кеңешинин Регламенти менен аныкталат.
4. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-берене. Бишкек шаардык кеңешинин жетекчилиги
1. Бишкек шаардык кеңешинин жетекчилиги төрагадан жана эки орун басарынан турат.
2. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы жана төраганын орун басарлары Бишкек шаардык кеңешинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө сессияда депутаттардын ичинен жашыруун добуш берүү менен шайланат.
3. Талапкерлерди көрсөтүүнүн, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасын жана төраганын орун басарларын шайлоонун жана ээлеген кызматынан бошотуунун тартиби Бишкек шаардык кеңешинин Регламенти менен белгиленет.
4. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын жана төраганын орун басарларынын иши туруктуу жана акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылат.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы жана төрагасынын орун басарлары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, башка акы төлөнүүчү кызматты ээлөөгө укуксуз.
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-берене. Бишкек шаардык кеңешинин компетенциясы
1. Бишкек шаардык кеңешинин компетенциясы "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ушул Мыйзам жана Бишкек шаарынын Уставы менен аныкталат.
2. Бишкек шаардык кеңешинин компетенциясына "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралгандардан тышкары, төмөнкүлөр кирет:
1) муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди бекитүү;
2) шаардын аймактык түзүлүшүнүн тартибин бекитүү, администрациялык райондорду атоо, кайра атоо, ошондой эле алардын чек араларын белгилөө жана өзгөртүү жана алардын башкаруу органдарын күтүү;
3) шаардын аймагында көрктөндүрүү, соода, тышкы жарнакты жана маалыматтарды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;
4) шаардын аймагында үй жаныбарларын кармоонун жана мал жаюунун эрежелерин бекитүү.
3. Бишкек шаардык кеңешинин сессияларында жалпы кызыкчылык туудурган иш-чараларды жүзөгө ашыруу же иштерди аткаруу үчүн ата мекендик жана чет өлкөлүк чарба жүргүзүүчү субъекттер жана коомдук уюмдар менен кызматташуу жөнүндө маселелер чечилиши мүмкүн.
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-берене. Бишкек шаардык кеңешинин чечимдери
1. Бишкек шаардык кеңеши өз компетенциясынын чегинде чечимдерин токтом жана тескеме түрүндө кабыл алат.
2. Шаардык кеңештин токтому - ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн шаардык кеңеш тарабынан өз компетенциясынын чегинде кабыл алынган жана шаардын аймагында милдеттүү түрдө юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук акт.
Шаардык кеңештин токтому "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
3. Шаардык кеңештин тескемеси - ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аны аткаруу үчүн шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган жана шаардын аймагында милдеттүү түрдө юридикалык күчкө ээ болгон уюштуруу-тескөө мүнөзүндөгү акт.
Шаардык кеңештин тескемеси, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, кабыл ын күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Шаардык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде ыкчам, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча кабыл алынган чечимдери тескеме түрүндө жеке өзү гана тарабынан кабыл алынат.
Шаардык кеңештин төрагасынын тескемеси, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бишкек шаардык кеңешинин чечимдери менчигинин формасына карабастан шаардын аймагында жайгашкан бардык ишканалар, мекемелер, уюмдар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү.
6. Бишкек шаардык кеңешинин чечимдери Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына карама-каршы келген учурда, аларды жокко чыгаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы № 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
17-берене. Бишкек шаардык кеңешинин Регламенти
1. Бишкек шаардык кеңешинин Регламенти Бишкек шаардык кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле анын ишин уюштуруунун эрежелеринде каралган ыйгарым укуктардын жүзөгө ашырылышынын тартибин жана жол-жоболорун аныктайт.
2. Бишкек шаардык кеңешинин Регламенти Бишкек шаардык кеңеши тарабынан сессияда бекитилет.
18-берене. Бишкек шаарынын мэри жана мэриясы
1. Мэр башында турган Бишкек шаарынын мэриясы шаардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы болуп саналат.
2. Бишкек шаарынын мэриясы шаардагы жергиликтүү ез алдынча башкаруунун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен Кыргыз Республикасынын башка органдарынын компетенциясына таандык кылынган ыйгарым укуктарды кошпогондо, мамлекеттик ыйгарым укуктардын жана жергиликтүү өз алдынча ыйгарым укуктардын бардык өткөрүлүп берилген маселелерин аткаруучу орган болуп саналат.
3. Мэр - шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумунда дайындалуучу кызмат адамы, шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын жетекчиси, шаарда мамлекеттик саясатты жүргүзүү жана мыйзамдарда белгиленген тартипте өзүнө мамлекет тарабынан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын чектеринде аткаруу бийлигинин иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу жетекчи.
4. Анын компетенциясына кирген маселелер боюнча мэрия тарабынан кабыл алынган чечимдерге шаардын мэри кол коёт.
Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдери Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына карама-каршы келген учурларда, аларды жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-берене. Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү
1. Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү типтүү түзүмдүн жана штаттык ырааттаманын негизинде Бишкек шаарынын мэри бекитет.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын карамагында ал уюштуруучу жана/же анын карамагына берилүүчү уюмдар, ишканалар, фонддор жана мекемелер болушу мүмкүн.
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-берене. Бишкек шаарынын мэриясынын компетенциялары
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган Бишкек шаарынын мэриясынын компетенцияларына кошумча төмөнкү маселелер кирет:
1) Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилген жергиликтүү бюджетке ылайык шаардык жана аймактык маанидеги объекттерди өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоо;
2) муниципалдык мекемелер жана ишканалар тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн жана иштердин реестрин иштеп чыгуу;
3) көрсөтүлгөн максаттарга каралган каражаттардын чектеринде муниципалдык ишканаларга жана мекемелерге жергиликтүү бюджеттен ссудаларды берүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
4) жергиликтүү бюджеттен капиталдык салымдарды пландаштыруу жана шаардык кеңеш бекиткенден кийин аны жүзөгө ашыруу;
5) саламаттык сактоонун, билим берүүнүн, архитектуранын жана шаар куруунун, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселелерге таандык башка чөйрөлөрдөгү мамлекеттик мекемелердин аймактык бөлүмчөлөрүнүн ишин жетектөөнү жана контролдоону жүзөгө ашыруу;
6) (КР 2019-жылдын 18-майындагы № 66 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7) шаардын аймагында көрктөндүрүү, соода, тышкы жарнакты жана маалыматты жайгаштыруу эрежелеринин сакталышына контролду жүзөгө ашыруу;
8) шаар куруу, экологияны коргоо, шаар жолдорун, турак жай-коммуналдык чарба, объекттерин күтүү жана өнүктүрүү, шаар аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, керектөө калдыктарын башкаруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу,
9) Бишкек шаардык кеңешинин макулдугу менен турак жай жана социалдык-маданий курулуш үчүн программаларды иштеп чыгуу жана шарттарды түзүү;
10) шаардын аймагында жана шаарга чектеш зонада колдонулуучу мамлекеттик, архитектуралык, шаар куруу жана курулуш саясатын иштеп чыгууга катышуу;
11) калдыктарды таштоо жаатындагы укук бузуулар үчүн, жалпы пайдалануудагы жерлерди, соода жүргүзүү жерлерин көрктөндүрүү, санитардык күтүү эрежелерин бузгандык үчүн, ошондой эле уруксат берүүчү документтери жок жеңилдетилген типтеги объекттерди өз бет алдынча куруу жана орнотуу үчүн укук бузууларды кароо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча ыйгарым укуктуу органдарды (комиссияларды) түзүү;
12) шаарды өнүктүрүүнүн жана куруунун мыйзамдарда белгиленген тартипте бекитилген башкы планын ишке ашыруу боюнча субъекттердин ишин координациялоо;
13) капиталдык объекттерди долбоорлоонун, куруунун жана пайдаланууга берүүнүн мөөнөттөрүн контролдоону жүзөгө ашыруу, объекттерди пайдаланууга берүү боюнча комиссиянын ишине катышуу;
14) Бишкек шаардык кеңешинин макулдугу менен шаардын экологиялык, социалдык жана маданий өнүгүшүнүн комплекстүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
141) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте автоматташтырылган маалыматтык системаларды колдонуу менен иш жүргүзүү;
142) шаардын административдик-аймактык чектеринде мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча иштерди уюштуруу, ошондой эле жайыттарды мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жана аларды пайдалануу тартибин белгилөө;
143) калктуу конуштун ичинде суу пайдалануунун эрежелерин белгилөө, ирригациялык курулмаларды эксплуатациялоо, күтүү;
15) жылуулук-, энергия-, суу-, газ менен жабдуу, канализация жана суу агызып чыгаруу, жол иши, шаардык транспорттун жана байланыштын бардык түрлөрү, шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык тазалоо, ошондой эле турак жай фондун инженердик камсыз кылуу, пайдаланууга берүү жана оңдоо жаатындагы иштерди координациялоо;
16) муниципалдык менчикти мыйзамсыз орнотулган объекттерден, өз алдынча курулган же колдонуудагы ченемдерди бузуу менен курулуп жаткан имараттардан жана курулмалардан бошотуу;
17) Бишкек шаардык кеңеши менен макулдашуу боюнча объекттерди, анын ичинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жер участокторун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатып алуу;
18) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жерлерди пайдалангандыгы үчүн контролду жүзөгө ашыруу;
19) укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссияларды уюштуруу жана түзүү;
20) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет элдик жактар менен мыйзамда белгиленген тартипте келишимдерди жана макулдашууларды түзүү;
21) жер мыйзамдарында аныкталган компетенцияга ылайык чечим түрүндө жерлердин бардык категорияларын жана жерлердин түрлөрүн жерлердин башка категорияларына же жерлердин түрлөрүнө которуу (трансформациялоо) же которууга макулдук берүү;
22) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 1-июнундагы № 95, 2019-жылдын 18-майындагы № 66, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152, 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
21-берене. Бишкек шаарынын мэринин ыйгарым укуктары
1. "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген ыйгарым укуктарынан тышкары, Бишкек шаарынын мэри:
1) чарбалык иштерди жүзөгө ашыруу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн белгиленген тартипте түзүмдүк бөлүмдөрдү түзөт;
2) шаардын аймактык түзүлүшү боюнча сунуштарды Бишкек шаардык кеңешинин бекитүүсүнө киргизет;
3) биринчи орун басарды (орун басарды), шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерин дайындайт, ошондой эле ушул Мыйзамда белгиленген тартипте аларды кызмат орундарынан бошотот;
4) мэрдин биринчи орун басарына (орун басарына) алар тескеген маселелер боюнча ыйгарым укуктарды берет;
5) администрациялык райондордун башчыларын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
6) администрациялык райондун башчысынын сунуштамасы боюнча администрациялык райондун башчысынын орун басарларын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
7) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жүзөгө ашырат, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды түзөт жана аларды ишке ашырууну камсыз кылат;
8) жыл сайын калк менен милдеттүү жолугушууларды өткөрөт.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 8-пунктунда көрсөтүлгөн Бишкек шаарынын мэринин калк менен милдеттүү жолугушуулары жылына 2 жолу, ар бир жылдын февраль-мартында жана ноябрь-декабрында өткөрүлөт.
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 , 2026-жылдын 2-июлундагы № 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
22-берене. Бишкек шаарынын мэри кызмат ордуна талапкерге коюлуучу талаптар
1. Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарда жыйындысында 10 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызмат орундарында 5 жылдык иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 15 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта иштөө менен байланышпаган чөйрөлөрдө 10 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.
2. Бишкек шаарынын мэри кызмат ордуна талапкер кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик тилди тиешелүү деңгээлде билүүгө тийиш, бул деңгээл Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү "Кыргызтесттин" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тутумунун талаптарына ылайык "ортодон жогорку" деңгээл катары мүнөздөлөт. Тилди билүүнүн деңгээли белгиленген үлгүдөгү сертификат (мындан ары - мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификат) менен ырасталат.
Мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификат тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлине баа берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
3. Төмөнкүдөй адам мэр боло албайт:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган;
2) башка мамлекеттин жарандыгы бар;
3) ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө белгиленген талаптарга ылайык келбеген;
4) соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган же болбосо муниципалдык кызматчы катары ишти жүзөгө ашырууга же муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө соттун чечими менен тыюу салынган;
5) ушул бөлүктүн 6-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар;
6) соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугу бар;
7) ага карата ушул бөлүктүн 6-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган.
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
23-берене. Мэрди кызмат ордуна дайындоонун жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби
1. Шаардын мэри Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен белгиленген тартипте дайындалат.
2. Мэрдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - 5 жыл.
3. Мэрдин ыйгарым укуктары шаардык кеңештин же Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө көз каранды эмес.
4. Бишкек шаарынын мэри ээлеген кызмат ордунан Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан төмөнкүдөй учурларда бошотулушу мүмкүн:
1) жеке арызынын негизинде;
2) мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн;
3) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмүнүн негизинде;
4) сот тарабынан ал аракетке жөндөмсүз деп таанылган учурда;
5) аны өлдү, дайынсыз жоголду деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген, ошондой эле ал каза болгон учурда;
6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;
7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;
8) эмгекке туруктуу жөндөмсүздүгүнүн натыйжасында өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүн болбогон учурда;
9) шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен ишеним көрсөтүлбөгөн учурда;
10) анын иши кабыл алынган чечимдерге жана саясий жетекчилик тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка шайкеш келбегенде;
11) ишенимди жоготкондо;
12) тараптардын эркине көз каранды эмес жагдайлар боюнча.
5. Мэр кызмат ордунан бошотулган учурда, анын милдеттери жаңы мэр дайындалганга чейин мэрдин биринчи орун басарына жүктөлөт.
Мэрдин биринчи орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда, мэрдин милдеттери мэрдин орун басарына жүктөлөт.
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
24-берене. Бишкек шаарынын мэрин ээлеген кызматынан бошотуу
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
25-берене. Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкерлерди каттоо
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
26-берене. Шайлоого катышуудан баш тартуу, талапкерди чакыртып алуу
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
27-берене. Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары
1. Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары (орун басарлары) мэр тарабынан өз алдынча дайындалат.
2. Шаардын мэринин биринчи орун басары (орун басарлары) кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен дайындалат.
3. Мэрдин биринчи орун басары мэр жок мезгилде анын ордун ээлеп турат жана мэр тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткарат. Мэрдин орун басары мэр жүктөгөн милдеттерди аткарат жана биринчи орун басардын кызмат орду жок болгон учурда анын ордун ээлейт.
4. Мэрдин биринчи орун басары (орун басарлары) өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыргандыгы үчүн мэрдин алдында жоопкерчилик тартат.";
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
28-берене. Бишкек шаарынын администрациялык районунун башчысы
1. Бишкек шаарынын администрациялык районунун башчысы шаардын мэриясынын аймактык бөлүмчөсүнүн жетекчиси болуп саналат жана иш-милдеттерин өзүнө шаардын мэри тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чектеринде жүзөгө ашырат.
2. Бишкек шаарынын администрациялык районунун башчысы:
1) администрациялык райондун, райондун жашоо-тиричилигин камсыз кылуу боюнча ведомстволук баш ийүүдөгү уюмдардын жана мекемелердин ишине жетекчилик кылат, ошол иштердин натыйжалары үчүн жооп берет;
2) Бишкек шаарынын мэри тарабынан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды тийиштүү деңгээлде аткарууну уюштуруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) өзүнө Бишкек шаарынын мэри тарабынан өткөрүлүп берилген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
29-берене. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун финансылык-экономикалык негиздери
1. Шаардын өнүгүшүнүн экономикалык негизин шаардын аймагында турган муниципалдык менчик, финансылык, жаратылыш жана башка ресурстар, ошондой эле ишин шаардын аймагында жүзөгө ашырып жаткан ишканалар, уюмдар жана мекемелер түзөт.
2. Шаардын өнүгүшүнүн финансылык негизин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген кирешелердин салыктык жана салыктык эмес булактары, муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелер, акы төлөнүучү кызматтарды көрсөткөндүк жана жумуштарды аткаргандык үчүн кирешелер, ошондой эле кредиттик жана башка финансылык ресурстар түзөт.
3. Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетин түзүү, кароо, бекитүү жана аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
4. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кредиттик-финансы институттарын, ошондой эле иши шаардын жашоо-тиричилигин камсыз кылууга багытталган башка муниципалдык мекемелерди, ишканаларды түзүшү мүмкүн. Бишкек шаарынын мэриясы коммерциялык уюмдардын уставдык капиталдарындагы жана долбоорлордогу пайлардын, акциялардын жана башка үлүштөрдүн ээси болушу жана уставдык капиталдагы үлушүнө ылайык пайданы же анын бир бөлүгүн алышы мүмкүн.
5. Республикалык бюджетти түзүүдө илим, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо мекемелерин жана республикалык мааниси бар экологиялык, анын ичинде Кыргыз Республикасынын калкынын миграциясы жана иш менен камсыз болуусу менен байланышкан программаларды өнүктүрүү үчүн жергиликтүү бюджетти каржылоо каралат.
30-берене. Бишкек шаарын өнүктүрүү фонду
1. Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана анын көйгөйлөрүн чечүү максатында Бишкек шаарынын мэриясы шаарды өнүктүрүү фондун түзүшү мүмкүн.
2. Фонддун каражаттарын пайдалануу жана пайдаланууну контролдоо тартибин камтыган шаарды өнүктүрүү фондусу жөнүндө жобо Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.
3. Шаарды өнүктүрүү фондун түзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
31-берене. Бишкек шаарынын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара мамилелери
Бишкек шаары мамлекеттик бийлик органдарына, ошондой эле чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө алардын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышы үчүн зарыл болгон муниципалдык менчикте турган жер участокторун, имараттарды жана курулмаларды, турак жай-коммуналдык жана башка кызматтарды акы төлөнүүчү негизде берет; мамлекеттик жана эл аралык иш-чараларды өткөрүү үчүн шарттарды камсыз кылат.
Шаардын аймагында турган министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана чарба жүргүзүүчү субъекттер менен өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт.
Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ортосундагы милдеттенмелер боюнча талаш-тартыштар макулдашуу жол-жоболору аркылуу же сот органдары тарабынан чечилет.
3-глава. Корутунду жоболор
32-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул беренеде күчүнө кирүүнүн башка тартиби жана мөөнөттөрү белгиленген жоболорду кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин шайланган Бишкек шаарынын мэри ал шайланган мөөнөт аяктаганга чейин өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууну уланта берет.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон чараларды көрсүн;
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- "Кыргыз Республикасынын борборунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 16-апрелиндеги № 1492-XII Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1994-ж., № 6, 186-ст.);
- "Кыргыз Республикасынын борборунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 16-апрелиндеги № 1493- XII Мыйзамын колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1994-ж., № 6, 187-ст.);
- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 22-октябрындагы № 284 Мыйзамынын 4-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 9, 871-ст.).
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
|