Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 20-августу № 01-5/24
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 11-августундагы №01-36/846 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз V-сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын түндүк тарабындагы Тоскоол-Ата токой чарбасынын балансындагы жерде жайгашкан “Келечек” кичи районунун жашоочуларынын жалпы чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген жобосун жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 11-августундагы №01-36/846 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын түндүк тарабындагы Тоскоол-Ата токой чарбасынын балансындагы жерде жайгашкан “Келечек” калктуу конушу, Кочкор-Ата шаарынын административдик аймагына кошулсун.
3. Жогорудагы аталган Кочкор-Ата шаарынын “Келечек” калктуу конушу Кочкор-Ата шаарынын административдик аймагына кошуу жагы Ноокен мамлекеттик райондук администрациясына сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Н.А. Абдуразаков |