Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-ноябры № 01-5/51
Шаардык Кеңештин 2020-жылдын 01-февралындагы №01-5/219 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясына караштуу ММБ Департаментинин башчысы А.Б.Шерматовдун шаардык Кеңештин 2020-жылдын 01-февралындагы №01-5/219 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексин” жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясына караштуу ММБ Департаментинин башчысы А.Б.Шерматовдун кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Шаардык Кеңештин 2020-жылдын 01-февралындагы №01-5/219 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатында, төмөндөгү пункттар менен толукталсын:
1) “Тоскоол-Ата” токой чарбасынын “Көлмөн” участкасынын 8,0 га жайыт жеринен шаарга таштанды таштоочу жай ажыратуу максатында, токой фондунун жери категориясынан өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлердин категориясына которулсун (трансформациялансын);
2) Токой фондунун жерин өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлердин категориясына которуу (транформациялоо) жагы Ноокен райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын;
3) Которулуучу (транформациялануучу) токой фондунун жайыт жер аянттары төмөндөгү контурларда жайгашкан: К-335, 6,0 га, К-246, 2,0 га жалпысы 8,0 га.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэриясына караштуу ММБ Департаментинин башчысы А.Б.Шерматовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Н.А. Абдуразаков |