Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 22-сентябры № 497
"Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | К.А. Боронов |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө
Ушул Мыйзам терроризмге каршы аракеттенүүнүн негизги принциптерин, терроризмди профилактикалоонун жана аны менен күрөшүүнүн, терроризм көрүнүштөрүнүн кесепеттерин азайтуунун жана (же) жоюунун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, ошондой эле терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык кызматташтыктын укуктук негиздерин белгилейт.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Терроризмге карты аракеттенүүнүн укуктук негизи
Терроризмге каршы аракеттенүүнүн укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери түзөт.
2-берене. Ушул Мыйзамдын максаты жана милдеттери
1. Ушул Мыйзамдын максаты адам укуктарын жана эркиндигин коргоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч катары терроризмге каршы аракеттенүүнү уюштуруу болуп саналат.
2. Ушул Мыйзамдын милдеттери төмөнкүлөр үчүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерди аныктоо жана белгилөө болуп саналат:
1) террордук иштин алдын алуу, аныктоо, бөгөт коюу, бул жосундарды жасоого түрткү берген себептерди жана шарттарды четтетүү, ошондой эле терроризмдин кесепеттерин азайтуу жана (же) жоюу;
2) терроризмге каршы аракеттенүү субъекттеринин мамлекет ичинде өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү;
3) терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.
3-берене. Терроризмге каршы аракеттенүүнүн негизги принциптери
Кыргыз Республикасында терроризмге каршы аракеттенүү төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
1) адам укуктарын жана эркиндигин коргоо;
2) мыйзамдуулук;
3) терроризмге каршы аракеттенүүнүн саясий, маалыматтык-пропагандалык, социалдык-экономикалык, укуктук, атайын жана башка чараларын колдонуунун системалуулугу жана комплекстүүлүгү;
4) саясий, философиялык, идеологиялык, расалык, этностук, диний мүнөздөгү кандайдыр бир пикирлер менен терроризмди актоого жол бербөөчүлүк;
5) терроризмге каршы аракеттенүүдө мамлекеттин коомдук бирикмелер, диний, эл аралык жана башка уюмдар, жеке жактар менен кызматташуусу;
6) терроризм менен күрөшүүдө атайын каражаттар, техникалык ыкмалар, иш-аракеттердин тактикасы, ошондой эле алардын катышуучуларынын курамы тууралуу маалыматтардын купуялуулугу;
7) террористтерге саясий чегинүүлөргө жол берилбестиги;
8) терроризмге каршы аракеттенүү чараларынын террордук коркунучтун мүнөзүнө жана даражасына шайкештиги.
4-берене. Терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык кызматташтык
Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы аракеттенүүчү мамлекеттик органдары улуттук мыйзамдарга ылайык жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде чет мамлекеттердин террорго каршы органдары жана кызматтары, ошондой эле эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенет.
5-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) террорго каршы операция - терроризм актысынын кесепеттерин азайтууга багытталган, кара күчтү, аскердик, күжүрмөн жана башка техниканы, куралды, атайын каражаттарды, кызматтык иттерди колдонуу менен терроризм актысына бөгөт коюу, террористтерди, жардыруучу түзүлүштөрдү зыянсыздандыруу, жеке жактардын жана уюмдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүүчү атайын, ыкчам-күжүрмөн, аскердик жана башка иш-чаралардын комплекси;
2) террорго каршы машыгуулар - террордук коркунучтарга бөгөт коюу жана сокку берүү үчүн Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары, анын ичинде терроризмге каршы аракеттенүүчү башка субъекттер менен биргеликте, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлүүчү терроризмди профилактикалоого, макулдашылган иш-аракеттерди өркүндөтүүгө жана иштеп чыгууга багытталган иш-чаралардын комплекси;
3) терроризм актысы - калкты коркутуу, коомдук коопсуздукту бузуу же бийлик органдарынын же болбосо эл аралык уюмдардын чечим кабыл алуусуна таасир этүү максатында жардыруу, өрт коюу же адамдардын өлүү же башка оор кесепеттердин болуу коркунучуна алып келүүчү башка иш-аракеттерди жасоо, ага тете ошол эле максатта ушул иш-аракеттерди жасоого коркутуу;
4) барымтага алынган адам - мамлекетти, эл аралык уюмду, юридикалык же жеке жакты (адамдардын тобун) барымтага алынган адамды бошотуунун түздөн-түз же кыйыр шарты катары кандайдыр бир иш-аракетти жасоого же жасоодон баш тартууга мажбурлоо максатында туткунга алынган жана (же) кармалган жеке жак;
5) террорго каршы операцияны жүргүзүү зонасы - жердин, суу объекттеринин айрым участоктору же аба мейкиндиги, транспорт каражаты, имарат, курулуш, курулма, жай жана ага жанаша аймактар же террорго каршы операция жүргүзүлүп жаткан акваториялар;
6) маалыматтык терроризм - террордук ишти жүзөгө ашыруу үчүн маалыматтык технологияларды колдонуу;
7) терроризмге каршы аракеттенүү - мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын төмөнкүлөр боюнча иши:
- терроризмди профилактикалоо;
- террордук ишти аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу, террордук мүнөздөгү кылмыштарды ачуу жана териштирүү (терроризм менен күрөшүү);
- терроризмдин кесепеттерин азайтуу жана/же жоюу;
8) терроризмди профилактикалоо - жарандарда зомбулук идеологиясын кабыл албоого тарбиялоо жана аларды терроризмге каршы аракеттенүүгө катышууга тартуу максатында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлүүчү терроризмдин маңызын жана коркунучун түшүндүрүү, терроризмдин пайда болушуна жана жайылышына түрткү берүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо, изилдөө, жок кылуу боюнча укуктук, экономикалык, социалдык, уюштуруучулук, тарбиялык, пропагандалык, атайын жана башка чаралардын комплекси;
9) террордук уюм - террордук ишти жүзөгө ашыруучу, же болбосо аларга карата Кыргыз Республикасынын сотунун аларды террордук деп таануу жөнүндө чечими кабыл алынган жана мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген, өз ишинде терроризм актысынын мүмкүндүгүн таануучу адамдардын тобу;
10) терроризм - калкты коркутууга жана (же) укукка каршы зомбулук иш-аракеттердин башка формаларына байланышкан зомбулук идеологиясы жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же эл аралык уюмдардын чечим кабыл алуусуна таасир этүү практикасы;
11) террорист - терроризм актысын жасоочу же кандай формада болбосун террордук мүнөздөгү кылмыштарды жасоого катышуучу жеке жак;
12) террордук материалдар - террордук иштин белгилерин жана (же) аны жасоого чакырыктарды камтыган терроризм актысын жасоо ыкмалары жана каражаттары тууралуу, же болбосо мындай ишти жасоо зарылдыгын негиздеген же актаган бардык маалыматтык материалдар;
13) террордук иш:
а) террордук мүнөздөгү төмөнкү кылмыштардын кайсынысын болбосун жасоо:
- терроризм актысын уюштуруу, пландоо, даярдоо, жасоо, же болбосо аны жасоого коркутуу;
- террордук ишти жасоого ачык чакырыктар же терроризмди ачык актоо, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарын же Интернет тармагын колдонуу менен;
- терроризм актысын жасоо максатында мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү, кылмыштуу уюмду же уюшкан топторду түзүү, ага тете мындай түзүмдөргө катышуу;
- терроризм актысын жасоо үчүн жарандарды даярдоо;
- террордук ишке көмөк көрсөтүү;
- террордук ишти каржылоо;
- жарандын чет мамлекеттин аймагында куралдуу чыр-чатактарга же согуштук иш-аракеттерге катышуусу же террордук даярдоодон өтүүсү;
- террордук максаттарда адамды барымтага алуу же кармоо;
- террордук максаттарда имараттарды, курулмаларды, жолдорду же каттам жана байланыш каражаттарын, башка коммуникацияларды басып алуу же болбосо кармоо;
- террордук максаттарда башка кылмыштарды жасоо;
б) Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык террордук түшүнүккө туура келген башка жосундарды жасоо.
2-глава. Терроризмге каршы аракеттенүүнү уюштуруунун негиздери
6-берене. Терроризмге каршы аракеттенүүнүн субъекттери
1. Терроризмден коопсуздукту камсыздоо субъекти мамлекет болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Президенти Коопсуздук кеңешинин төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысынын конституциялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу менен терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү жарлыктарды жана буйруктарды чыгарат;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) терроризмге каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик программаларды (пландарды) иштеп чыгууну уюштурат жана бекитет, аларды ишке ашыруу үчүн зарыл чараларды көрөт;
2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын терроризмди профилактикалоо боюнча өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;
3) терроризмге каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик органдардын ишин зарыл күчтөр, каражаттар жана ресурстар менен камсыздоону уюштурат;
4) террордук коркунучтун деңгээлдерин, аларды киргизүү тартибин белгилейт, ошондой эле террордук коркунучтун деңгээлдерин киргизүүдө инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо боюнча кошумча чаралардын мазмунун аныктайт;
5) Стратегиялык жана террорго каршы корголууга тийиш болгон башка объекттердин тизмегин аныктайт;
6) улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Террорго каршы борбору (мындан ары - Террорго каршы борбор) жөнүндө жобону бекитет, ал анын ишинин тартибин жана компетенциясын аныктайт;
7) Террорго каршы операцияны башкаруу боюнча республикалык жана аймактык ыкчам штабдардын ишинин тартибин, түзүмүн жана ыйгарым укуктарын аныктоочу Террорго каршы операцияны башкаруу боюнча ыкчам штаб жөнүндө жобону бекитет;
8) Терроризмге каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссия жөнүндө жобону жана анын курамын бекитет;
9) террорго каршы операцияны жүргүзүүдө транспорт каражаттарын колдонууга байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу тартибин аныктайт;
10) терроризм актысын жасоонун натыйжасында каза болгон адамдарды көмүү тартибин аныктайт;
11) терроризм актысынын натыйжасында жабыр тарткан адамдарды, ошондой эле терроризм менен күрөшүү боюнча иш-чараларды же террорго каршы операцияны жүргүзүүгө катышкан адамдарды реабилитациялоо тартибин аныктайт;
12) терроризм актысына бөгөт коюуда келтирилген материалдык зыянды компенсациялоо тартибин аныктайт;
13) террордук кол салуу мүмкүн болгон объекттердин террорго каршы коргоо абалын аныктоого багытталган окуу-практикалык жана профилактикалык иш-чаралардын түрлөрүн жана өткөрүү тартибин аныктайт.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
1) терроризмге каршы аракеттенүүчү мамлекеттик органдар менен биргеликте терроризмди профилактикалоо, ошондой эле анын көрүнүштөрүнүн кесепеттерин азайтуу жана (же) жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө катышат;
2) муниципалдык менчиктеги же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы объекттерди террорго каршы коргоого карата талаптарды аткарууну камсыз кылат;
3) жарандарда зомбулук идеологиясын кабыл албоону калыптандыруу жана аларды терроризмге каршы аракеттенүүгө катышууга тартуу максатында терроризмге каршы аракеттенүүчү мамлекеттик органдар менен биргеликте терроризмдин маңызын жана анын коомдук коркунучун түшүндүрүү боюнча маалыматтык-пропагандалык иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт;
4) терроризмге каршы аракеттенүүчү мамлекеттик органдарга террордук иш тууралуу аларга белгилүү болгон маалыматтар, ошондой эле алар тууралуу маалымат террордук иштин алдын алууга, аныктоого жана бөгөт коюуга, ошондой эле анын кесепеттерин азайтууга алып келиши мүмкүн болгон бардык башка кырдаалдар тууралуу маалымдайт.
7-берене. Терроризмге каршы аракеттенүү жаагындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын компетенциялары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына төмөнкүдөй компетенцияларды бөлүштүрөт жана берет:
1) террордук ишти алдын алуу, аныктоо, бөгөт коюу, анын ичинде контрчалгындоо чараларын жүргүзүү аркылуу;
2) терроризм актысын даярдоого жана жасоого түрткү берген себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюу, ошондой эле террордук коркунучтарды талдоо жана божомолдоо;
3) террорго каршы операцияларды уюштуруу жана жүргүзүү;
4) террорго каршы машыгууларды, ошондой эле террордук кол салуу мүмкүн болгон объекттердин террорго каршы коргоо абалын белгилөөгө (аныктоого) багытталган башка атайын иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
5) маалыматтык терроризмге жана терроризм максаттары үчүн локалдык жана глобалдык маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарды колдонууга каршы аракеттенүү;
6) терроризмге каршы аракеттенүүчү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо;
7) маалымат системасынын мазмунун аныктоо жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча маалымат алмашуу;
8) террордук ишти каржылоого каршы аракеттенүү;
9) мамлекеттик чек арада, чек ара тилкесинде жана чек ара зонасында террористтерди табуу жана кармоо, ошондой эле террористтердин мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу;
10) террордук мүнөздөгү кылмыштары үчүн жазасын өтөп жаткан адамдарды түзөтүү жана ресоциалдаштыруу үчүн шарттарды түзүү;
11) жасалган терроризм актысынын натыйжасында пайда болгон өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоо жана анын кесепеттерин жоюу;
12) терроризм актысынын натыйжасында жабыр тарткан адамдарга шашылыш медициналык жардамды, медициналык-психологиялык коштоону уюштуруу;
13) терроризмге каршы натыйжалуу аракеттенүү үчүн зарыл болгон башка компетенциялар.
8-берене. Терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
1. Кыргыз Республикасында терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу жана мамлекеттик органдардын бул чөйрөдөгү өз ара аракеттенүүсүн камсыздоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) эсептелет.
2. Терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоону ыйгарым укуктуу органдын Террорго каршы борбору жүргүзөт.
3. Терроризмге каршы натыйжалуу аракеттенүү, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жана ишин өркүндөтүүнү уюштуруу максатында терроризмге каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссия түзүлөт.
9-берене. Терроризм менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн пайдалануу
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү террорго каршы операцияларды жүргүзүүдө аба, суу жана жердеги мейкиндиктин коопсуздугун камсыздоого, ошондой эле курал-жаракты жана аскердик техниканы колдонуу менен терроризм актысынын коркунучтарын жок кылууга катышат.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн айрым бөлүмдөрүн жана аскердик бөлүктөрүн террорго каршы операцияга пайдалануу жөнүндө чечимди террорго каршы операциянын жетекчисинин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги кабыл алат.
10-берене. Терроризмге каршы аракеттенүүчү мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүү
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук, диний жана башка бирикмелер, жеке жана юридикалык жактар коомдо терроризмди кабыл албоону калыптандырууда терроризмге каршы аракеттенүүчү мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтөт.
2. Жарандардын көмөгү, анын ичинде террордук иш тууралуу аларга белгилүү болгон, ошондой эле алар тууралуу маалымат террордук иштин алдын алууга, аныктоого, бөгөт коюуга, анын кесепеттерин азайтууга шарт түзүшү мүмкүн болгон бардык башка кырдаалдар тууралуу билдирүү ар бир адамдын жарандык милдети болуп саналат.
11-берене. Терроризмге каршы аракеттенүүгө көмөк көрсөтүү үчүн сыйакы
1. Террордук мүнөздөгү кылмыштарды аныктоого, алдын алууга, бөгөт коюуга, бетин ачууга жана териштирүүгө, мындай кылмыштарды даярдап, жасап жаткан же жасаган адамдарды табууга жана кармоого көмөк көрсөткөн жеке жактарга улуттук коопсуздук органдарына тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардан акчалай сыйакы төлөнүшү мүмкүн.
2. Акчалай сыйакынын өлчөмүн, төлөө негизин жана тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
3. Көмөк көрсөткөн адамдарга карата алар тууралуу маалыматты ачыкка чыгарбоо боюнча чаралар көрүлөт.
3-глава. Терроризмге каршы маалыматтык-профилактикалык аракеттенүү
12-берене. Терроризм идеологиясын жайылтууга каршы аракеттенүү
1. Терроризмге каршы маалыматтык-пропагандалык аракеттенүү төмөнкүдөй максаттарда жүргүзүлөт:
1) терроризм коркунучун түшүндүрүү;
2) терроризмдин идеологиясын пропагандалоо формаларын жана методдорун аныктоо;
3) коомдо террорго каршы пикирди калыптандыруу;
4) терроризмди профилактикалоодо терроризмге каршы аракеттенүүчү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун институттарынын күч-аракетин бириктирүү;
5) терроризмди колдоонун социалдык-экономикалык базасын кыскартуу;
6) маалыматтык терроризмге каршы аракеттенүү.
2. Терроризмге каршы маалыматтык-профилактикалык аракеттенүүнү Террорго каршы борбордун координациялоочу ролунда терроризмге каршы аракеттенүүчү мамлекеттик органдар жүргүзөт.
13-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын терроризмге каршы аракеттенүүгө көмөк көрсөтүүсү
1. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери терроризм актыларына жана террорго каршы ишке байланышкан окуяларды чагылдырууда маалыматты эркин алуу жана таратуу укугу адамдардын жашоого болгон укугуна жана коопсуздугуна зыян келтирбестен ишке ашырыла тургандыгын эске алууга милдеттүү.
2. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкери даярдалып жаткан терроризм актысы жөнүндө маалыматты алган учурда, ал терроризмге каршы аракеттенүүчү мамлекеттик органдарга бул тууралуу кечиктирбестен маалымдоого милдеттүү.
3. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкеринде террордук мүнөздөгү кылмыштар жөнүндө иштер боюнча буюм далилдер болушу мүмкүн болгон, же болбосо террордук иштин алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу кызыкчылыгында пайдаланылышы мүмкүн болгон маалымат же документ материалдар болгон учурда, ал терроризмге каршы аракеттенүүчү мамлекеттик органдарга аларды берүүгө милдеттүү.
4. Террорго каршы операция жүргүзүү убагында жалпыга маалымдоо каражаттарына жана алардын кызматкерлерине төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) террорго каршы операцияны башкаруу боюнча ыкчам штабдын жетекчисинин уруксатынан башка учурда өз демилгеси менен террористтерден ишервью алууга жана аларга эфир убактысын берүүгө;
2) өз алдынча ортомчулук ролду алууга;
3) барымтага алынган адамдар, алардын туугандары жана жакын адамдары тууралуу, ошондой эле террорго каршы операция жүргүзүүгө катышкан мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана сотко чейинки өндүрүш тууралуу маалыматты жайылтууга.
14-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу менен профилактика чараларын жүргүзүү
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери өздөрү жетектеген уюмдарда даярдалган материалдар терроризмди актоочу болбошуна, ага чакырбашына, аны көкүтпөшүнө, ошондой эле расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (араздашууну) пропагандалоону камтыбашына чара көрүүгө милдеттүү.
4-глава. Террордук иштин алдын алуу
15-берене. Террордук иштин алдын алуу
1. Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) террордук ишти жасоого ачык чакырыктарга жана терроризмди ачык актоого;
2) террордук уюмдарды түзүүгө, каттоого жана иштетүүгө, ошондой эле мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү түзүүгө жана катышууга;
3) юридикалык жакты террордук максатта пайдаланууга.
2. Террордук ишке катышкан чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасына кирүүгө тыюу салынган. Киргизүүдөн баш тартуу Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган тартипте ишке ашырылат.
16-берене. Уюмдарды, ошондой эле маалыматтык материалдарды террордук деп таануу тартиби
1. Соттун чечиминин негизинде уюм террордук деп таанылат жана жоюлууга тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын соту уюмду, анын ичинде чет өлкөлүк же эл аралык уюмду (анын бөлүмчөлөрүн, филиалдарын, өкүлчүлүктөрүн) террордук деп тааныган учурда ошол уюмдун Кыргыз Республикасынын аймагындагы ишине тыюу салынат, анын бөлүмчөлөрү, филиалдары, өкүлчүлүктөрү жоюлат, аларга таандык мүлк жана ошол уюмдун Кыргыз Республикасынын аймагындагы мүлкү соттун чечими менен мамлекеттин кирешесине айландырылат.
Террордук уюмдун түз же кыйыр башкаруусундагы мүлкү да, ошондой эле анын кызыкчылыгында башкарылуучу жана пайдаланылуучу башка мүлк да алынууга тийиш.
3. Уюмду террордук деп таануу жана анын Кыргыз Республикасынын аймагындагы ишине тыюу салуу тууралуу доо арыз Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан терроризмге каршы аракеттенүүчү мамлекеттик органдар берген материалдардын негизинде сотко берилет.
4. Маалыматтык материалдарды террордук деп таануу тууралуу арыз Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабына терроризмге каршы аракеттенүүчү мамлекеттик органдардын сунушу боюнча сотко берилет.
5. Соттор тарабынан террордук деп таанылган уюмдардын жана маалыматтык материалдардын реестрин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жүргүзөт.
6. Соттор тарабынан террордук деп таанылган уюмдардын тизмеси мезгилдүү басылмаларга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын расмий сайтына жыл сайын жарыяланууга тийиш.
17-берене. Террордук ишти каржылоого каршы аракеттенүүгө багытталган чаралар
Террордук ишти каржылоого каршы аракеттенүүгө багытталган чаралар Кыргыз Республикасынын террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык көрүлөт.
18-берене. Объекттерди террорго каршы коргоо боюнча чаралардын системасы
1. Объекттерди террорго каршы коргоо ошол объекттердин терроризм актысына болгон туруктуулугун жана мамлекеттик органдардын, юридикалык жактардын терроризм актысынын кесепеттерин азайтууга жана жоюуга даярдыгын жогорулатууга багытталган чаралардын системасы менен жүргүзүлөт.
2. Объекттерди террорго каршы коргоо боюнча чаралардын системасы укуктук, уюштуруу, инженердик-техникалык, аскердик, атайын, режимдик-күзөт жана башка чараларды камтыйт.
Объекттерди террорго каршы коргоо боюнча чаралардын системасы жарыяланбоого тийиш.
3. Терроризм актысынын коркунучу пайда болгондугу жана аны жасоого каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүүчү ишти уюштуруу жөнүндө калкка өз убагында маалымдоо үчүн инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо боюнча кошумча чараларды көрүүнү караган террордук коркунучтун деңгээлдери белгиленет.
19-берене. Стратегиялык жана башка объекттерди террорго каршы коргоо
1. Стратегиялык жана башка объекттерди мүмкүн болуучу террордук кол салуудан коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан алардын террорго каршы коргоо талаптары бекитилет.
2. Стратегиялык жана башка объекттердин жетекчилери жана менчик ээлери алардын карамагындагы объекттерди террорго каршы коргоо жаатындагы талаптарды аткаруу үчүн иш-чараларды пландаштырууга жана ишке ашырууга, ошондой эле аларды каржылоону кароого милдеттүү.
5-глава. Террордук ишке бөгөт коюу жана террорго каршы операция жүргүзүү
20-берене. Террордук ишке бөгөт коюу
Терроризмге каршы аракеттенүүчү мамлекеттик органдар террордук ишке же айрым бир терроризм актысына бөгөт коюуда кара күчтү, атайын каражаттарды, курал-жаракты, аскердик жана күжүрмөн техниканы укук коргоо органдарында кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарында белгиленген тартипте колдонууга укуктуу.
21-берене. Террорго каршы операция жүргүзүүнүн шарттары
1. Эгерде терроризм актысына башка күчтөр же ыкмалар менен бөгөт коюу мүмкүн болбосо, ага бөгөт коюу үчүн террорго каршы операция жүргүзүлөт.
2. Террорго каршы операцияны жүргүзүү жана жокко чыгаруу, ошондой эле террорго каршы операциянын жетекчисин дайындоо жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси, же болбосо анын тапшырмасы менен Террорго каршы борбордун жетекчиси кабыл алат.
3. Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жана (зарыл болгон учурда) башка кызмат адамдарына террордук коркунуч деңгээлин киргизүү жана террорго каршы операцияны жүргүзүү, ошондой эле ал жүргүзүлүп жаткан аймак жөнүндө кабарлайт.
4. Даярдалып жаткан же жасалган терроризм актысы тууралуу билдирүү жазык-процесстик мыйзамдарга ылайык Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизилет.
22-берене. Террорго каршы операцияны жетектөө
1. Террорго каршы операциянын жетекчиси аны жүргүзүүгө жеке жоопкерчилик тартат. Ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чечими менен террорго каршы операциянын жетекчисин алмаштырууга жол берилет.
2. Террорго каршы операцияны жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып анын жетекчиси террорго каршы операцияны башкаруу боюнча ыкчам штабды (мындан ары - ыкчам штаб) жетектейт жана ошол эле учурда террорго каршы операция жүргүзүүгө тартылуучу бардык аскер кызматчыларына, кызматкерлерге жана адистерге начальник болуп эсептелет.
3. Террорго каршы операцияны жетектөөгө кийлигишүүгө жол берилбейт.
4. Ыкчам штабдын жетекчиси:
1) ыкчам штабдын түзүмүн жана иш тартибин, ошондой эле ыкчам штабдын курамына киргизилген кызмат адамдарынын милдеттерин жана функцияларын аныктайт;
2) ыкчам штабга террорго каршы операцияны жүргүзүү планын, ошондой эле аны жүргүзүү боюнча эсептерди жана сунуштарды даярдоо жөнүндө буйрук берет;
3) террорго каршы операцияны жүргүзүү планын бекитет;
4) чегинде укуктук режим киргизилип жаткан террорго каршы операцияны жүргүзүү зонасын аныктайт жана ушул Мыйзамдын 26-беренесинде каралган чаралардын комплексин жана убактылуу чектөөлөрдү белгилейт;
5) террорго каршы операцияны жүргүзүүгө тартылуучу күчтөрдү, каражаттарды аныктайт жана аларды пайдалануу жөнүндө чечимди кабыл алат, ошондой эле ыкчам штабдын ишине катышууга башка адамдарды тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат;
6) зарыл болгон учурда кошумча күчтөрдү жана каражаттарды сурайт;
7) терроризм актысынын масштабына жана коомдук коркунуч даражасына, күтүлүүчү терс кесепеттерине, мүнөзүнө жараша ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине Террорго каршы операцияны башкаруу боюнча республикалык ыкчам штабды чакырууну демилгелөөгө укуктуу;
8) террористтер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө чечимди кабыл алат, сүйлөшүүлөрдүн тактикасын жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө уруксат берилген адамдардын жүрүм-турум багытын бекитет;
9) ыкчам штабдын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана коомчулук менен байланышты колдоого жооптуу өкүлүн аныктайт;
10) террористтерди зыянсыздандыруу боюнча күжүрмөн буйрук берет;
11) терроризмге каршы аракеттенүү жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган террорго каршы операцияны жетектөө боюнча башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
23-берене. Террорго каршы операцияны башкаруу боюнча ыкчам штабдар
1. Террорго каршы операцияны башкаруу үчүн анын жетекчиси тарабынан террорго каршы операцияны башкаруу боюнча ыкчам штаб чакырылат.
2. Терроризм актысынын масштабына жана коомдук коркунуч даражасына, күтүлүүчү терс кесепеттерине, мүнөзүнө жараша террорго каршы операцияны башкаруу үчүн Республикалык, же болбосо аймактык ыкчам штаб чакырылат.
24-берене. Террорго каршы операцияны башкаруу боюнча ыкчам штабдын негизги компетенциялары
Ыкчам штаб:
1) даярдалып жаткан же жасалуучу терроризм актысынын мүнөзүн жана масштабын аныктоо максатында кырдаал тууралуу маалыматты топтойт, жалпылайт, талдайт жана баа берет;
2) террорго каршы операцияны жүргүзүү боюнча эсептерди жана сунуштарды даярдайт;
3) террорго каршы операцияны жүргүзүү планын иштеп чыгат жана аталган план бекитилгенден кийин аны аткарууну контролдоону уюштурат;
4) күжүрмөн буйрук, террорго каршы операцияны даярдоо жана жүргүзүү тартибин, террорго каршы операциянын укуктук режимин аныктоочу башка документтерди даярдайт;
5) террорго каршы операцияны жүргүзүүгө тартылуучу күчтөр менен каражаттардын өз ара аракеттенүүсүн уюштурат,
6) терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган башка чараларды көрөт.
25-берене. Террорго каршы операцияны жүргүзүүдө пайдаланылуучу күчтөр менен каражаттар
Террорго каршы операцияны жүргүзүү үчүн ыкчам штаб төмөнкүлөрдүн зарыл болгон күчтөрүн жана каражаттарын тартууга укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын;
2) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн;
3) Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттердин атайын багыттагы бөлүмдөрүнүн, ошондой эле абадан жана космостон байкоо жүргүзүүнүн атайын техникалык каражаттарын.
26-берене. Террорго каршы операцияны жүргүзүү зонасындагы укуктук режим
1. Терроризм актысына бөгөт коюу, анын кесепеттерин азайтуу, инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо үчүн ыкчам штабдын жетекчисинин чечими менен террорго каршы операция жүргүзүү зонасында ал жүргүзүлө турган мезгилге террорго каршы операцияны жүргүзүүнүн укуктук режими киргизилет жана жокко чыгарылат.
2. Террорго каршы операцияны жүргүзүү зонасында укуктук режимди киргизүү жана жокко чыгаруу жөнүндө чечим токтоосуз жарыяланууга тийиш. Маалыматты жарыялоо өзүнө чегинде мындай режим киргизилип жаткан аймак (объекттердин тизмеги) тууралуу маалыматты, көрүлүүчү чаралардын жана убактылуу чектөөлөрдүн тизмегин камтыйт.
3. Террорго каршы операциянын укуктук режими киргизилген террорго каршы операцияны жүргүзүү зонасында төмөнкүдөй чараларды жана убактылуу чектөөлөрдү колдонууга жол берилет:
1) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтерди текшерүү;
2) транспорт каражаттарынын жана жөө адамдардын кыймылын убактылуу чектөө же тыюу салуу, транспорт каражаттарын, анын ичинде дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин транспорт каражаттарын жердин айрым участокторуна жана объекттерге киргизбөө, ошондой эле транспорт каражаттарын сүйрөтүп чыгаруу;
3) коомдук тартипти, мамлекет тарабынан кайтарылууга тийиш объекттерди, калктын жашоо-тиричилигин камсыздоочу объекттерди жана транспорттун иштөөсүн, ошондой эле өзгөчө материалдык, тарыхый, илимий, көркөм же маданий баалуулукка ээ объекттерди кайтарууну күчөтүү;
4) байланыш каражаттарын, тез медициналык жардамга муктаж адамдарды ташуу зарыл болгон учурда, ошондой эле терроризм актысына катышкан адамдардын изине түшүү үчүн юридикалык же жеке жактарга таандык транспорт каражаттарын (чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук жана башка мекемелеринин жана эл аралык уюмдардын транспорт каражаттарынан тышкары) пайдалануу;
5) жардыруучу, радиоактивдүү, химиялык, биологиялык жана башка коркунучтуу заттар пайдаланылган өндүрүштөрдүн жана объекттердин ишин токтото туруу;
6) байланыш кызматтарын көрсөтүүнү токтото туруу же байланыш тармактарын жана байланыш каражаттарын пайдаланууну чектөө;
7) убактылуу жайларга жайгаштыруу менен коопсуз райондорго адамдарды эвакуациялоо;
8) санитардык-эпидемияга каршы, ветеринардык жана башка карантиндик иш-чараларды жүргүзүү;
9) эгерде кечиктирүү адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна реалдуу коркунуч келтириши мүмкүн болсо, террорго каршы операцияга катышып жаткан адамдардын кандай болбосун жайларга жана ага жанаша аймактарга, ошондой эле транспорт каражаттарына тоскоолдуксуз кирүүсү;
10) кирүүдө (чыгууда) адамдарды, предметтерди, буюмдарды жана транспорт каражаттарын кароо, анын ичинде атайын каражаттарды колдонуу менен текшерүү;
11) курал, ок-дары, жардыруучу заттарды, атайын каражаттарды жана уулуу заттарды сатууга тыюу салуу, баңги каражаттарын камтыган дары каражаттарын жана препараттарды, психотроптук же катуу таасир этүүчү заттарды, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны жүгүртүүнүн өзгөчө режимин белгилөө;
12) террорго каршы операцияны жүргүзүүгө тоскоолдук жараткан адамдарды, ошондой эле террорго каршы операция жүргүзүү зонасына кирүүгө аракет кылууга же кирүүгө байланышкан иш-аракеттер үчүн укук коргоо органдарына жеткирүү.
4. Террорго каршы операциянын жүрүшүндө жазык-процесстик мыйзамдарга ылайык төмөнкүлөргө жол берилет:
1) адамдарды кармоого;
2) абоненттер ортосундагы байланыш тууралуу маалыматты алууга;
3) телефон аркылуу жана башка сүйлөшүүлөрдү тыңшоого;
4) башка тергөө жана атайын тергөө иш-аракеттерин жүргүзүүгө.
5. Террорго каршы операция жүргүзгөн адамдар террорго каршы операция жүргүзүү зонасында терроризм актысын жоюу жана бөгөт коюу боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгышат.
6. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн террорго каршы операция зонасында жүрүүсүнө ыкчам штабдын жетекчисинин уруксаты менен гана жол берилет.
27-берене. Террористтер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү
1. Террорго каршы операцияны жүргүзүү учурунда адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, материалдык баалуулуктарды сактоо, ошондой эле терроризм актысына бөгөт коюу мүмкүндүгүн изилдөө максатында террористтер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө уруксат берилет.
Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ыкчам штабдын жетекчиси атайын ыйгарым укук берген адамдарга гана уруксат берет.
2. Террористтер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө алардын терроризм актысын токтотуусу үчүн шарт катары террористтерге кайсыл адамдарды болбосун берүү, колдонуу адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтириши мүмкүн болгон куралды, башка каражаттарды жана предметтерди террористтерге берүү маселелери, ошондой эле террористтердин саясий талаптарын аткаруу маселелери каралбашы керек.
3. Террористтер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аларды жасаган жосуну үчүн жоопкерчиликтен бошотууга негиз же шарт боло албайт.
4. Эгерде террорист (террористтер) менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө анын (алардын) терроризм актысын токтотууга макул болбогондугунан улам сүйлөшүүлөр максатына жетпей калса жана адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна реалдуу коркунуч сакталса, ыкчам штабдын жетекчиси атайын каражаттарды, курал-жаракты, аскердик жана күжүрмөн техниканы колдонуу жөнүндө чечимди кабыл алууга укуктуу.
28-берене. Укук ченемдүү зыян келтирүү
Террорго каршы операцияга катышкан адамдардын ал башталгандан тартып аяктаганга чейинки мезгилдеги өмүргө, ден соолукка, мүлккө жана башка мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарга аргасыз зыян келтирүүгө байланышкан иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде каралган шарттар сакталган учурда жосундун жазык укуктук каршылыктуулугун алып салуучу иш-аракеттер болуп эсептелет.
29-берене. Терроризм актысы жөнүндө коомчулукка маалымдоо
1. Террорго каршы операцияны жүргүзүүдө терроризм актысы жөнүндө коомчулукка маалымдоо ыкчам штабдын жетекчиси же аталган штабдын коомчулук менен байланышты колдоого жооптуу өкүлү тарабынан аныкталган формада жана көлөмдө ишке ашырылат.
2. Төмөнкүдөй маалыматтарды жайылтууга жол берилбейт:
1) террорго каршы операция жүргүзүүнү кыйындаткан жана террорго каршы операция жүргүзүү зонасында калган же аталган зонанын чегинен тышкары жүргөн адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү;
2) террорго каршы операцияга катышкан адамдар жөнүндө, ошондой эле аталган операцияны жүргүзүүгө көмөк көрсөткөн адамдар жөнүндө;
3) террорго каршы операцияны жүргүзүүнүн атайын техникалык ыкмаларын жана тактикасын ачыкка чыгаруучу;
4) терроризмди пропагандалоого же актоого кызмат кылуучу.
30-берене. Террорго каршы операциянын аякташы
1. Терроризм актысына бөгөт коюлганда (токтотулганда) жана террорго каршы операция жүргүзүү зонасындагы адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө жана башка мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарына коркунуч жоюлганда террорго каршы операция аяктады деп эсептелет.
2. Террорго каршы операциянын аякташы жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси кабыл алат.
31-берене. Терроризм актысын жасоонун натыйжасында каза болгон адамдарды көмүү
1. Терроризм актысын жасоонун, алар жасаган терроризм актысына бөгөт коюунун жана (же) аларды кармоонун натыйжасында каза болгондугуна байланыштуу аларга карата жазык куугунтугу кыскартылган адамдарды көмүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүргүзүлөт.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө аталган адамдардын сөөгү көмүүгө берилбейт жана алар кайсы жерге көмүлгөнү тууралуу билдирилбейт. Аталган адамдардын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актылары чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.
6-глава. Терроризм актысынын натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана терроризм актысынын натыйжасында жабыр тарткан адамдарды реабилитациялоо
32-берене. Терроризм актысынын же ага бөгөт коюунун натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу
1. Терроризм актысынын натыйжасында келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу жана (же) моралдык зыянды компенсациялоо жазык-процесстик мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
2. Терроризм актысына бөгөт коюуда келтирилген материалдык зыянды компенсациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.
3. Терроризм актысын жасоого катышкан адамга материалдык зыяндын орду толтурулбайт.
33-берене. Терроризм актысынын натыйжасында жабыр тарткан адамдарды реабилитациялоо
1. Терроризм актысынын натыйжасында жабыр тарткан, ошондой эле ушул Мыйзамдын 34-беренесинде саналган адамдарды реабилитациялоо мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Реабилитациялоо акысыз укуктук, социалдык, психологиялык, медициналык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жардамды камтыйт.
7-глава. Терроризмге каршы аракеттенүүгө катышкан адамдарды укуктук жана социалдык коргоо
34-берене. Терроризмге каршы аракеттенүүгө катышкан, укуктук жана социалдык жактан корголууга тийиш адамдар
1. Терроризмге каршы аракеттенүүгө катышкан адамдар мамлекеттин коргоосунда болот.
2. Төмөнкүлөр укуктук жана социалдык жактан корголууга тийиш:
1) терроризм менен күрөшүүгө тикелей катышып жаткан (катышкан) мамлекеттик органдардын аскер кызматчылары, кызматкерлери жана адистери;
2) терроризмге каршы аракеттенүүчү мамлекеттик органдарга террордук иштин алдын алууга, аныктоого, бөгөт коюуга жана анын кесепеттерин азайтууга туруктуу же убактылуу негизде көмөк көрсөткөн адамдар;
3) ушул беренеде саналган адамдардын үй-бүлө мүчөлөрү.
35-берене. Терроризм менен күрөшүүгө катышкан адамдарды коргоо
Терроризм менен тикелей күрөшүүчү мамлекеттик органдардын бөлүмдөрүндө кызмат өтөп жаткан кызматкерлердин жана терроризм менен күрөшүүгө көмөк көрсөткөн адамдардын, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирилген учурда алар "Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык корголушат.
8-глава. Терроризмге каршы аракеттенүүдө мыйзамдуулукту көзөмөлдөө
36-берене. Терроризмге каршы аракеттенүүдө мыйзамдуулукту көзөмөлдөө
Терроризмге каршы аракеттенүүдө мыйзамдуулуктун сакталышын Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ага баш ийген прокурорлор көзөмөлдөшөт.
9-глава. Корутунду жоболор
37-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
2) ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон чечимдерди даярдасын жана кабыл алсын.
3. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 178 "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 10, 854-ст.);
2) Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 6-февралындагы № 39 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 2-беренеси ("Эркин Тоо" гезити, 2009-жылдын 10-февралы, № 10);
3) Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 2-беренеси ("Эркин Тоо" гезити, 2009-жылдын 3-апрели, № 22);
4) Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 148 "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2011-жылдын 10-августу, № 66);
5) Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 29-майындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2013-жылдын 31-майы, № 44-45);
6) Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 27-декабрындагы № 225 "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2013-жылдын 31-декабры № 104);
7) Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 2-августундагы № 162 "Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 4-беренеси ("Эркин Тоо" гезити, 2016-жылдын 16-августу, № 71);
8) Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 13-майындагы № 82 "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2017-жылдын 26-майы, № 64);
9) Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 6-августундагы № 88 "Террордук ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 12-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-жылдын 30-августу, № 7-8 (1292), 488-ст.).
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|