Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 8-майы № 242
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (2011-жылдын 5-июлундагы "Эркин Тоо" гезити, № 54) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 40-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "жана шайлоо комиссияларынын атайын фонддорунун" деген сөздөр алып салынсын;
2) 41-беренесинин 3-бөлүгүндөгү он экинчи абзацынын үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна жогоруда аталган жеке жана юридикалык жактардан акча каражаты келип түшсө, анда соттун чечими боюнча банк же башка мекеме бул каражаттарды мамлекеттик бюджетке же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которууга милдеттүү.";
3) 49-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "атайын" деген сөз "депозиттик" деген сөз менен алмаштырылсын;
4) 61-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "атайын фондуна" деген сөздөр "депозиттик эсебине" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
1. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ушул конституциялык Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|