Загрузка документа…
КР Президентинин
2008-жылдын 23-декабрындагы ПЖ № 458 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2006-жылдын 26-сентябры ПЖ № 469
"Кыргыз Республикасында борбордук жана
жергиликтүү мамлекеттик башкаруу органдарынын
ишин андан ары өркүндөтүү боюнча кээ бир чаралар
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин
2005-жылдын 19-августундагы Жарлыгына өзгөртүү
киргизүү тууралу
Мамлекеттик чегараны кайтаруу жана коргоо боюнча жүктөлгөн милдеттерди ойдогудай аткаруу жана Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын ишин жакшыртуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасында борбордук жана жергиликтүү мамлекеттик башкаруу органдарынын ишин андан ары өркүндөтүү боюнча кээ бир чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 19-августундагы № 332 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Бул жобонун Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын, Улуттук коопсуздук кызматынын, Чегара кызматынын жана Улуттук статистика комитетинин жетекчилерине тиешеси жок.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |