КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 10-сентябрындагы № 236 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 23-декабры ПЖ № 458
Кыргыз Республикасынын региондорунда кадр саясатын
ишке ашырууда жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын
жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын
ролун күчөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" мыйзамдарына ылайык республиканын региондорунда кадр саясатын ишке ашырууда жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун күчөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин облустук жана райондук мамлекеттик администрация башчылары менен макулдашуу боюнча кызмат ордуна дайындоонун жана бошотуунун тартиби жөнүндө Жобо ушул Жарлыктын № 1 тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери менен макулдашуу боюнча кызмат ордуна дайындоонун жана бошотуунун тартиби жөнүндө Жобо ушул Жарлыктын № 2 тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 19-августундагы № 332 "Кыргыз Республикасынын борбордук жана жергиликтүү мамлекеттик башкаруу органдарынын ишин андан ары өркүндөтүү боюнча кээ бир чаралар жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 26-сентябрындагы № 469 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 19-августундагы "Кыргыз Республикасынын борбордук жана жергиликтүү мамлекеттик башкаруу органдарынын ишин андан ары өркүндөтүү боюнча кээ бир чаралар жөнүндө "Жарлыгына өзгөртүүлөрдө киргизүү тууралуу" Жарлыгы.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |