Загрузка документа…
КР Президентинин
2011-жылдын 17-августундагы ПЖ N 199 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 28-декабры №638
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Билим берүү кызматкерлерине эмгек
акыны жогорулатуу жөнүндө
Билим берүү кызматкерлерин социалдык жактан коргоону
камсыз кылуу, ошондой эле алардын кесибинин баркын арттыруу
максатында токтом кылам:
1. Эмгек акысы Биртдиктүү тарифтик торчо боюнча
аныкталган билим берүү кызматкерлерине эмгек акы 2007-жылдын
1-январынан тартып 30 процентке жогорулатылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул
Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин
аткаруучуга жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев