КР Президентинин
2011-жылдын 17-августундагы ПЖ N 199 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 28-декабры №640
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Маданият кызматкерлерине эмгек
акыны жогорулатуу жөнүндө
Маданият кызматкерлерин социалдык жактан камсыз кылуу,
эмгегине дем беруу максатында токтом кылам:
1. Эмгек акысы Бирдиктүү тарифтик торчо боюнча
аныкталган маданият мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы
2007-жылдын 1-январынан тартып 30 процентке жогорулатылсын.
2. Кыргыз Республикасыкын Өкмөтү өз чечимдерин ушул
Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин
аткаруучуга жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев