Загрузка документа…
КР Президентинин
2011-жылдын 17-августундагы ПЖ N 199 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 28-декабры ПЖ № 637
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Саламаттыкты сактоо кызматкерлерине эмгек
акыны жогорулатуу жөнүндө
Саламаттыкты сактоо кызматкерлерин социалдык жактан коргоону кам-
сыз кылуу, ошондой эле медициналык кызматкерлердин кесибинин баркын
арттыруу максатында токтом кылам:
1. Эмгек акысы Бирдиктүү тарифтик торчо боюнча аныкталган саламат-
тыкты сактоо кызматкерлерине эмгек акы 2007-жылдын 1-январынан тартып
30 процентке жогорулатылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ыла-
йык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучуга жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев