Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы ПЖ № 79 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 22-марты №104
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Жарандардын мыйзам менен корголгон укуктарын жана эркиндиктерин
сактоо, коомду жана мамлекетти коргоо боюнча укук коргоо
органдырынын ишин координациялоону андан ары јркүндјтіү
боюнча чаралар жјніндј
Укуктук мамлекетти жана жарандык коомду калыптандырууга багытталган
республикада жүргүзүлүп жаткан конституциялык реформалар жана демократиялык
кайра түзүүлөр, кылмыштуулуктун, мамлекеттик жана финансылык тартип бузуу
фактыларынын өсүшү жарандардын Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана
мыйзамдары менен корголуучу укуктары менен эркиндиктерине кепилдик кылууну
натыйжалуу камсыз кылуу боюнча чечкиндүү чараларды кабыл алууну талап кылат.
Жарандардын мыйзам менен корголуучу укуктарын жана эркиндиктерин коомду
жана мамлекетти кылмыштуу кол салуулардан коргоону талаптагыдай уюштуруу,
кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча укук коргоо органдарынын ишин координациялоо
боюнча аткаруу бийлик органдарынын уюштуруучулук ролун чыњдоо максатында токтом
кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, ал эми жер-жерлерде жергиликтіү
мамлекеттик администрациялардын башчылары жарандардын мыйзам менен корголуучу
укуктары менен эркиндиктерин, коомду жана мамлекетти кылмыштуу кол салуулардан
коргоо боюнча ички иштер, улуттук коопсуздук, прокуратура, финансылык полиция
органдарынын жала башка укук коргоо органдарынын ишин коордииањиялай тургандыгы
белгиленсин. Ушул максатта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри республикалык
децгээлде, ал эми жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары
жергиликтүү децгээлде ички иштер, улуттук коопсуздук, прокуратура, финансылык
полициясы органдарынын, башка укук коргоо органдарынын жана башка аткаруу бийлик
органдарынын жетекчилеринин катышуусу менен мыйзамдуулукту сактоо маселеси
боюнча координациялык кењешмени чакырсын, жумушчу топторду түзсүн, статистикалык
жана башка зарыл маалыматгарды суратсын, мыйзамдуулукту жана укук тартибин
чыњдоо ишинде башка ыйгарым укуктарды аткарсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мјөнөттј:
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишин коорцннациялоо
жјнүндө Жобону иштеп чыксын жана бекитсин;
- јз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
- Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына јзгјртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү жјнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз
Республикасынын Премьер-министрине жүктјлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 6-февралындагы №48
«Кыргыз Республикасында прокурордук кјзјмјлдү јркіндјтіі жана мыйзамдуулукту
андан ары бекемдјј боюнча чаралар жјніндјгі» Указынын 1-пункт жана 3-пунктунун
экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндјн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев