Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2021-жылдын 19-марты ПЖ № 79
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 102-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 6-февралындагы № 48 "Кыргыз Республикасында прокурордук көзөмөлдү өркүндөтүү жана мыйзамдуулукту андан ары чыңдоо боюнча чаралар жөнүндө" Указы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 19-апрелиндеги № 132 "Кыргыз Республикасында прокурордук көзөмөлдү өркүндөтүү жана мыйзамдуулукту андан ары чыңдоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 6-февралындагы Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Указы;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 17-мартындагы № 129 "Прокуратура жана сот бийлик органдарынын ишин андан ары өркүндөтүү жана күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 22-мартындагы № 104 "Жарандардын мыйзам менен корголгон укуктарын жана эркиндиктерин сактоо, коомду жана мамлекеттик коргоо боюнча укук коргоо органдарынын ишин координациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Н. Жапаров
|