Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 140 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
1997-жылдын 1-апрели ПУ № 71
Ээлик кылуу ишкердигин коргоо жана контролдоочу органдардын ишин тартипке салуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө
Салык, бажы жана башка контролдоочу органдардын ишинде зарыл координациянын жоктугу артыкбаш удаалашууну пайда кылып жана мамлекеттик контролдоо функциясын натыйжалуу жүргүзүүгө тоскоол болуп, ошондой эле ээлик кылуу ишкердигин жүргүзгөн граждандар үчүн адилетсиз кыйынчылыктарды түзүп жатат.
Ээлик кылуу ишкердигинин андан ары өнүгүшү үчүн шартты камсыз кылуу жана контролдоочу органдардын ишин тартипке салуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 1997-жылга мамлекеттик саясаттын эң негизги багыттарынын бири деп ээлик кылуу ишкердигин, барыдан мурда өндүрүш секторунда тездик менен өнүктүрүү үчүн бекем жана натыйжалуу нормативдик-укуктук базаны түзүү эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
а) 1997-жылдын 1-июлуна чейин төмөнкүлөрдү караган (анын ичинде мыйзам мүнөзүндөгү) чаралардын комплексин иштеп чыксын жана ишке киргизсин:
- Өкмөттүк структуралардын жана аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын салыктык текшерүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык инспекциясы жана анын аймактык органдары гана жүргүзө тургандыгынын тартибин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын кынтыксыз аткарышын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик бажы инспекциясы жана ага баш ийген бажы органдары (бажыканалар, бажы посттору жана топтору) адамдардын жана юридикалык жактардын товарларды (иш жана кызмат көрсөтүү) алып чыгууда жана алып кирүүдө бажы жыйымдарын жана пошлиналарды, акциздерди жана кошумча нарктан алынуучу салыкты өз убагында жана толук төлөшүнө контролдукту жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу бирден-бир орган болуп санала тургандыгын;
- ички иштер, улуттук коопсуздук, прокуратура, салык полициясынын органдары тарабынан салык жана бажы текшерүүлөрүн жүргүзүүгө тыюу салынышын;
- бардык контролдоочу органдардын ишинде катуу тартиптин орнотулушун, ага ылайык чарба жүргүзүүчү субъекттерди ар кандай текшерүү тийиштүү контролдоочу органдын жетекчисинин көрсөтмөсүнүн негизинде гана (текшерилүүгө тийиш болгон ишканалардын аталышын жана анын мөөнөтүн көрсөтүү менен) жүргүзүлүүгө тийиш. Текшерүүнүн натыйжасына карабастан контролдоочу органдын кызматкери тийиштүү справка (акт, протокол ж.б.) толтуруп, анын бир нускасын текшерилген объекттин жетекчисине сөзсүз берет (мындай тартип сакталбастан жүргүзүлгөн текшерүү укуксуз болуп саналат);
- борбордук, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жеке менчикке негизделген ишканалардын финансы жана чарбалык иштерине мыйзамда каралбаган ар кандай кийлигишүүнүн (анын ичинде кандайдыр бир төлөмдөрдү жана жыйымдарды белгилөөнүн) жол берилгистигин;
б) чет өлкөлүк тажрыйбаны үйрөнүүнүн негизинде салык жана бажы мыйзамдарынын чөйрөсүндө жасалган (жасалып жаткан) укук бузуулар жана кылмыштар жөнүндө граждандардын билдирүүлөрүнө (анын ичинде тоголок билдирүүлөрүнө), андай билдирүүлөр ырасталса граждандарды сыйлоону караган тартипти орнотуу менен, оперативдүү мамиле кылуунун комплекстүү системасын иштеп чыксын жана ишке киргизсин.
3. Акы төлөөнү киргизүү жана анын ставкасынын өлчөмүн аныктоо, мамлекеттик контролдоо функцияларын аткарууда (уруксат берүү, каттоо жана башка иштерде) министрликтер, ведомстволор жана башка аткаруу бийлик органдары көрсөткөн акы төлөнүүчү кызматтар менен байланышкан башка маселелерди чечүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актылары менен гана жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
4. Жалпы көзөмөлдүк кылуу чөйрөсүндө ушул Указдын талаптарын бузган контролдоочу органдардын кызматкерлеринин аракеттери жөнүндө граждандардын арыздары боюнча, андай кызматкерлерди ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө маселени коюу менен мыйзамда каралган чараларды дароо көрүү прокуратура органдарынын артыкчылыктуу милдеттеринин бири деп эсептелсин. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору райондордун, шаарлардын жана областтардын прокурорлорун, ошондой эле аларга теңештирилген прокурорлорду тийиштүү прокуратуралардын кызматкерлеринин ушул талаптарды аткарышын камсыз кылууну алардын жеке жоопкерчилигине милдеттендирсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы ушул Указдан келип чыккан милдеттер жана анын максатка жетиши үчүн граждандардын жигердүү катышуусунун зарылдыгы жөнүндө калктын кеңири катмарына маалымдоо боюнча чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Указга ылайык келтирсин.
7. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри 1997-жылдын 1-июлуна карата ушул Указдын аткарылышы жөнүндө отчет берсин, ал кийин басма сөздө жарыялансын.
8. Ушул Указдын аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
9. Бул Указ жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Акаев |