Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 14-июну ПЖ № 140
Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин мурда кабыл алынган чечимдерин инвентаризациялоонун алкагында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 18-январындагы № 22 "Бажы органдарынын кызмат адамдарынын атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды алып жүрүшүнүн жана колдонушунун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө" Указы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 1-апрелиндеги № 71 "Ээлик кылуу ишкердигин коргоо жана контролдоочу органдардын ишин тартипке салуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Указы;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 1-октябрындагы № 289 "Кыргыз Республикасында ишкердик жана инвестициялык жагымдуу чөйрөнү түзүү боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү" Указы;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 9-октябрындагы № 305 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы жөнүндө" Указы;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 17-августундагы № 208 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдери жөнүндө" Указынын 2-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 19-июлундагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 1-октябрындагы "Кыргыз Республикасында ишкердик жана инвестициялык жагымдуу чөйрөнү түзүү боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү" Указына өзгөртүү киргизүү тууралу" Жарлыгы.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |