Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
1997-жылдын 2-июну ПУ № 162
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Кыргыз илимий гематология борборун түзүү жөнүндө
(КР Президентинин 2017-жылдын 10-мартындагы № 47 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кан ооруларын дарылоонун натыйжалуулугун андан ары жогорулатуу, ооруга чалдыгууну азайтуу жана Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын натыйжасында жапа чеккен адамдарды жана алардын балдарын медициналык жактан айыктыруу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын элинин ден соолугун коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык токтом кылам:
1. (КР Президентинин 2017-жылдын 10-мартындагы № 47 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
2. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысы - мэри "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун карамагына берилүүчү объекттердин тизмеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-октябрындагы № 460 токтому менен Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун муниципалдык менчик объекттеринин тизмесине киргизилген мурдагы "Таалай" балдар санаторийинин имаратын (Бишкек шаары, Молодежная көчөсү, 4) мамлекеттин менчигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө:
бул Указдын 2-пунктунда көрсөтүлгөн имаратты мамлекеттик менчикке кабыл алсын жана анда Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Кыргыз илимий гематология борборун жайгаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин балансына берсин;
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Кыргыз илимий гематология борборунун уставын, анын структурасын бекитсин, каржылоо булактарын, эмгек акы төлөө шарттарын жана анын иштеши менен байланышкан башка маселелерди аныктасын.
4. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул Указ жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Президент |
| А.Акаев |