Загрузка документа…
КР Президентинин 2016-жылдын 9-декабрындагы ПЖ № 292 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 18-июлу ПЖ № 343
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасында спирт жана алкоголь
продукциясын чыгаруу жана жүгүртүү чөйрөсүнө контролдук
кылууну оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө
"Этил спиртин, алкоголь жана спирт камтылган продукцияны чыгаруу
жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасында ушул продукцияны
чыгаруу жана жүгүртүү чөйрөсүнө контролдукту оптималдаштыруу максатында
токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аткаруу органдар системасында
төмөнкүлөрдү аныкташы максатка ылайыктуу деп эсептелсин:
- этил спиртин, алкоголь жана спирт камтылган продукцияларды чыга-
рууну жана жүгүртүүнү жөнгө салуу жана министрликке "Карабалта спирт
заводу", "Каракол" спирт заводу" жана "Талас облусунун Акдөбө айылында-
гы спирт чыгаруу боюнча мини-кант заводу" мамлекеттик ишканаларынын
ишин координациялоону жүктөө менен алкоголь тармагын өнүктүрүү страте-
гиясын аныктоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча функ-
цияларды жүзөгө ашырган аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик
органы катары Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү
өнөржай министрлигин;
- этил спиртин, алкоголь жана спирт камтылган продукцияларды чыга-
рууга, жүгүртүүгө. Анын сапатына жана коопсуздугуна мамлекеттик конт-
ролдоо; спирт, шарап жасоо, ликер-арак, пиво кайнатуу тармактарын андан
ары өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча программаларды иштеп чыгуу жана
чараларды кабыл алуу; алкоголь продукциясын чыгарууну лицензиялоо,
спиртти жана алкоголдук продукцияны импорттоону лицензиялоо; спирттин
жана алкоголь продукцияларын жана пивонун импорттук көлөмүн котировка-
лоо боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл. суу чарба жана кайра иштетүү
өнөржай министрлиги үчүн сунуштарды иштеп чыгуу функцияларын жүзөгө
ашырган аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы катары
Кыргыз Республикасынын Айыл. суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай ми-
нистрлигине караштуу Спирт жана алкоголь продукцияларын чыгаруу, сактоо
жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агенттигин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
- эки айлык мөөнөттө кайталоочулукту жана аталган Мыйзамдын айрым
жоболорунун башка мыйзам актыларына, ошондой эле ушул Жарлыктан келип
чыккан башка мыйзамдарга ылайык келбегендигин жокко чыгаруу максатында
"Этил спиртин, алкоголь жана спирт камтылган продукцияларды чыгарууну
жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолорду иштеп чыксын жана Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењешине киргизсин;
- эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана
кайра иштетүү өнөржай министрлигине караштуу Спирт жана алкоголь про-
дукцияларын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик аген-
ттик жөнүндө Жобону иштеп чыксын жана бекитсин;
- үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасында спирт ичкиликтеринин
чекене соодасынын Эрежесин иштеп чыксын жана бекитсин;
- белгиленген тартипте "Алкопром" мамлекеттик ишканасын жойсун;
- өз ишин алкоголь продукциясын чыгаруу жагында жүргүзгөн, мамле-
кеттин үлүшү бар чарба жүргүзүүчү коомдордун уюштуруучуларынын курамы-
нан чыксын жана ал үлүштү белгиленген тартипте аукциондордо сатып өт-
көрсүн;
- мурда кабыл алынган чечимдердин аткарылышына контролдукту күчөт-
сүн;
- ушул Жарлыктан келип чыккан бардык уюштуруу-укуктук, финансылык
жана башка маселелерди чечсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 24-майындагы №
282 "Кыргыз Республикасынын алкоголь тармагын башкаруу түзүмүн оптимал-
даштыруу боюнча чаралар жөнүндөгү" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социал-
дык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев