КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 62 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2007-жылдын 1-августу ПЖ № 361 Жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды, жергиликтүү бюджеттерге толугу менен келип түшүүчү жалпы мамлекеттик салыктарды башкаруу функцияларын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө (КР Президентинин
2008-жылдын 23-майындагы №172 указына ылайык) Финансылык децентралдаштыруу принциптерин андан ары илгерилетүү,бул чөйрөдө аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча баш-каруу органдарынын натыйжалуу биргелешкен ишин уюштуруу максатында,ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана
96-стать-яларына, Кыргаз Республикасынын Салык кодексинин 34-главасына ылайыктоктом кылам: 1. Жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды, жергиликтүү бюджеттергетолугу менен келип түшүүчү жалпы мамлекеттик салыктарды башкаруу функ-цияларын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү боюн-ча пилоттук долбоорду 2007-жылдын 1-августунан 2008-жылдын 31-декабрына чейин жүргүзүү жагынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу колдоогоалынсын жана жактырылсын.(КР Президентинин
2008-жылдын 23-майындагы №172 указына ылайык) 2. Жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды, жергиликтүү бюджеттергетолугу менен келип түшүүчү жалпы мамлекеттик салыктарды башкаруу функ-цияларын өткөрүп берүү боюнча долбоорго катышуучу жергиликтүү езалдынчабашкаруу органдарынын тиркелген
тизмеси бекитилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-тик комитети жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды, жергиликтүү бюд-жеттерге толугу менен келип түшүүчү жалпы мамлекеттик салыктарды башка-руу боюнча функцияларды жана ыйгарым укуктарды пилоттук долбоорго каты-шуучу жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына өткөрүп берсин. 4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-нын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети жана Кыргыз Рес-публикасынын Жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча улуттук аген-ттиги менен бирдикте: - жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарында пилоттук долбоордужүргүзүүнүн жүрүшүн координацияласын жана Кыргыз Республикасынын салыкмыйзамдары сакталышына контролдук кылсын; - жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды, жергиликтүү бюджеттергетолугу менен келип түшүүчү жалпы мамлекеттик салыктарды жергиликтүүөзалдынча башкаруу органдары башкарышынын функцияларын өткөрүп берүүжана андан ары өздөштүрүү механизмдерин иштеп чыксын жана бекитсин; - пилоттук долбоорду жүргүзүү мезгилинде жергиликтүү өзалдынчабашкаруунун пилоттук органдары салыктык башкарууну жүзөгө ашырышынынтартиби жөнүндө Жобону иштеп чыксын жана бекитсин. 5. Пилоттук долбоорго катышкан жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор-гандарына 2007-жылдын 1-августунан 2008-жылдын 31-декабрына чейин жергилик-түү салыктарды жана жыйымдарды, жергиликтүү бюджеттерге толугу мененкелип түшүүчү жалпы мамлекеттик салыктарды өз алдынча башкаруу укугуберилсин, мында төмөнкүдөй ыйгарым укуктар өткөрүп берилет: - салык төлөөчүлөрдүн эсебин жүргүзүү боюнча; - тиешелүү жергиликтүү бюджетке каражаттар келип түшүшүн эсепкеалууну жүргүзүү боюнча; - рейддик текшерүүлөрдү жана хронометраждык иликтөөлөрдү жүргүзүүбоюнча; - жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды, жергиликтүү бюджеььергетолугу менен келип түшүүчү жалпы мамлекеттик салыктарды эсептөө жанатөлөө боюнча документтерди салык төлөөчүлөрдөн талап кылуу жана алуу; - жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды, жергиликтүү бюджеттергетолугу менен келип түшүүчү жалпы мамлекеттик салыктарды чогултуу; - салык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн санкцияларды салуу жана колдо-нуу.(КР Президентинин
2008-жылдын 23-майындагы №172 указына ылайык) 6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бюджеттик турук-суздук тобокелдиги жана терс натыйжалар табылган учурда жергиликтүүөзалдынча башкаруу органдарында пилоттук долбоорду жүргүзүүнү убактылуутоктотууга укук берилсин. 7. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башчыларына пилот-тук долбоорду жүргүзүүнүн алкагында жана белгиленген штаттык сандынчектеринде салык инспекторлорунун штаттык санын өз алдынча аныктоого,эмгек акы фондунун чектеринде эмгек акыны белгилөөгө укук берилсин.Штаттык сан кыскарган учурда үнөмдөлгөн каражаттар салык инспекторлору-на сыйлык акы берүүгө жана алардын эмгек акысын жогорулатууга жумшал-сын. 8. Ушул Жарлык менен бекитилген тизмеде көрсөтүлгөн жергиликтүүмамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор-гандарынын башчылары пилоттук долбоордун катышуучуларына көмөк көрсөт-сүн. 9. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 1-августундагы № 361 Жарлыгы менен бекитилген Салыктарды башкаруу функцияларын өткөрүп берүү боюнча жергиликтүү өзалдынча башкаруунун пилоттук органдарынын ТИЗМЕСИ -----------------------------------------------------------------------| Облус | Район, шаар | Жергиликтүү || | | өзалдынча башкаруу || | | органы ||--------------------|------------------------|-----------------------||Нарын |Кочкор |Кочкор айыл өкмөтү ||--------------------|------------------------|-----------------------||Чүй |Аламүдүн |Төмөнкү Аларча айыл || | |өкмөтү || |------------------------|-----------------------|| |Ысыката |Узункыр айыл өкмөтү || |------------------------|-----------------------|| |Жайыл |Карабалта шаарынын || | |шаар башкаруусу ||--------------------|------------------------|-----------------------||Баткен |Лейлек |Жањыжер айыл өкмөтү || |------------------------|-----------------------|| |Кызылкыя шаары |Кызылкыя шаарынын || | |мэриясы ||--------------------|------------------------|-----------------------||Ысыккөл |Ысыккөл |Караой айыл өкмөтү || |------------------------|-----------------------|| |Ысыккөл |Чолпоната шаарынын || | |шаар башкаруусу ||--------------------|------------------------|-----------------------||Ош |Өзгөн |Саламалик айыл өкмөтү ||--------------------|------------------------|-----------------------||Жалалабат |Базаркоргон |Базаркоргон айыл өкмөтү|-----------------------------------------------------------------------