Загрузка документа…
КР Президентинин
2012-жылдын 17-апрелиндеги ПЖ № 87 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2007-жылдын 20-августу ПЖ № 369
2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасында
гендердик теңдештикке жетишүү боюнча
Улуттук иш-аракеттер планы жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2008-жылдын 7-майындагы ПЖ № 158 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында гендердик теңдештикке жетишүү боюнча мамлекеттик саясатты натыйжалуу турмушка ашыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Тиркелген 2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасында гендердик теңдештикке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планы жана 2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасында гендердик теңдештикке жетишүү боюнча тиркелген Улуттук иш-аракеттер планын жүзөгө ашыруу жагынан иш-чаралардын матрицасы (мындан ары - Улуттук иш-аракеттер планы жана иш-чаралардын матрицасы) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары бийликтин мыйзам чыгаруучу жана сот бутактарынын, эларалык донор уюмдардын жана жарандык коомдун өнөктөштүк катышуусу менен:
- Улуттук иш-аракеттер планын жана иш-чаралардын матрицасын аткарууну камсыз кылсын;
- программалык негизде бюджетти түзүүнү эске алуу менен, Улуттук иш-аракеттер планынын жана иш-чаралардын матрицасынын жоболорун турмушка ашырууга каражаттарды бөлүүнү караган 2007-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
- жыл сайын тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу учурунда Улуттук иш-аракеттер планын жана иш-чаралардын матрицасын финансылык жактан камсыз кылууга каражаттарды бөлүүнү карасын.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары өкмөттүк эмес уюмдардын, жеке сектордун, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен:
- Улуттук иш-аракеттер планын жана иш-чаралардын матрицасын аткаруу боюнча толук чараларды көрсүн;
- жарым жылдыктын жыйынтыктары боюнча Улуттук иш-аракеттер планын жана иш-чаралардын матрицасын аткаруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Аялдардын, үйбүлөнүн маселелери жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш Улуттук иш-аракеттер планынын жана иш-чаралардын матрицасынын жоболорун турмушка ашырууга эларалык инситуттарды, республиканын коомдук жана жеке уюмдарын, жарандарын жигердүү тартсын.
5. "2002-2006-жылдары Кыргыз Республикасында гендердик теңдештикке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 2-мартындагы № 52 Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 7-майындагы ПЖ № 158 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
7. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |