Загрузка документа…
КР Президентинин
2012-жылдын 17-апрелиндеги ПЖ № 87 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 7-майы ПЖ № 158
Кыргыз Республикасынын Президентинин
кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Президентинин 2009-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 183 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңешинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана ага жаңы дем берүү, гендердик саясатты жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү, мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоону жакшыртуу жана гендердик өнүктүрүү чөйрөсүндө жарандык коом менен эларалык уюмдардын күч-аракетин бириктирүүнү камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 15-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңешинин катчылыгынын алдындагы ченемдик-укуктук актыларды гендердик экспертизалоо боюнча комиссия жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышында жана 1-пункттагы "катчылыктын алдындагы" деген сөздөр "жумушчу органдын - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн алдындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- преамбула төмөнкү редакцияда баяндалсын:
- "Гендердик теңчиликти камсыз кылуунун мамлекеттик кепилдиктеринин негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык" жана Кыргыз Республикасында андан аркы гендердик өнүктүрүү максатында токтом кылам:":
- аталышында жана жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңешинин катчылыгынын алдындагы ченемдик-укуктук актыларды гендердик экспертизалоо боюнча комиссия жөнүндө Жобонун бүткүл текстти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "катчылыгында" деген сөз тийиштүү жөндөмөдөгү "жумушчу органда - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13-февралындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңешинин Жобосун жана курамын бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңеши жөнүндө Жобо" деген № 1 тиркемеде:
"IV. Улуттук кеңештин курамы, иштөө регламенти жана түзүмү" деген бөлүктүн бешинчи абзацындагы "Президенттин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат" деген сөздөр "Өкмөттүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңешинин курамы" деген
№ 2 тиркемеде:
төртүнчү саптагы "9" деген сан "8" деген сан менен алмаштырылсын;
он үчүнчү жана он бешинчи саптар алып салынсын;
он алтынчы саптагы "Улуттук кеңештин төрагасынын орунбасары" деген сөздөр алып салынсын;
он төртүнчү, он алтынчы саптар тийиштүү түрдө он үчүнчү-он төртүнчү саптар деп эсептелсин;
кеңештин курамы төмөнкү мазмундагы он бешинчи сап менен толукталсын:
"
┌───────────────────────────────────────────────┬─────────────────────┐
│"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын │ 1 киши - Кыргыз │
│социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы │ Республикасынын │
│ │Президентине караштуу│
│ │ аялдар, үйбүлө жана │
│ │ гендердик өнүктүрүү │
│ │ маселелери боюнча │
│ │ Улуттук кеңештин │
│ │ жооптуу катчысы"; │
└───────────────────────────────────────────────┴─────────────────────┘
он жетинчи - жыйырма экинчи саптар тийиштүү түрдө он алтынчы жыйырма биринчи саптар деп эсептелсин.
3. (КР Президентинин 2009-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 183 Жарлыгына ылайык күчн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 20-августундагы № 369 "2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча аракеттенүүнүн Улуттук Планы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 6-пункттагы "Президенттин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат" деген сөздөр "Өкмөттүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча аракеттенүүнүн Улуттук Планында:
"2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча аракеттенүүнүн Улуттук Планын жүзөгө ашыруунун, мониторинг жүргүзүүнүн жана баа берүүнүн механизмдери" деген V бөлүктө:
жетинчи жана он бешинчи абзацтардагы "Президенттин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат" деген сөздөр "Өкмөттүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын:
он бешинчи абзацтагы "квартал сайын" деген сөздөр "жарым жылдык" деген сөз менен алмаштырылсын.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 27-февралындагы № 96 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" буйругунун 1-пунктунун экинчи абзацы 2.4-пункттары:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 5-мартындагы № 81 "Кыргызстанда гендердик өнүктүрүү жагындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" Жарлыгы.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз ченемдик актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
7. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |