Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
1996-жылдын 17-июну ПЖ N 214
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маселелери жөнүндө
(КР Президентинин 2015-жылдын 27-ноябрындагы ПЖ № 258, 2021-жылдын 19-мартындагы ПЖ № 78 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүлгөндөрдү ар тараптан жана обьективдүү кароо, ошондой эле аларга коомдук баа берүү максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия түзүлсүн.
2. (КР Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы ПЖ № 78 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 4-февралындагы N 152 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Акаев |