Загрузка документа…
КР Президентинин 2016-жылдын 9-декабрындагы ПЖ № 292 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 23-июлу ПЖ № 344
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасында уруксат берүү-жөнгө
салуу системасын оптималдаштыруу боюнча
айрым чаралар жөнүндө
Карањыз:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Указына Түшүндүрмө
Ишкерликти мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүн иретке келтирүү, мый-
замдарга ылайык келбеген жана рыноктук экономикага багытталбаган урук-
сат берүү документтеринин санын кыскартуу, уруксат берүүчү ченемдик
укуктук актылардын ишкерликке жөнгө салуучу таасирин талдоо жол-жоболо-
рун киргизүү, уруксат берүү-жөнгө салуу системасын оптималдаштыруу мак-
сатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-статьясын жетекчи-
ликке алып, токтом кылам:
1. Ишкерлик жана инвестициялык иш чөйрөсүндө администрациялык тос-
коолдуктарды жана чектөөлөрдү андан ары жоюу бул тармактагы жөнгө са-
луунун уруксат берүүчү ченемдик укуктук базасын кайра карап чыгуу жана
оптималдаштыруу катары жөнгө салуу таасирин талдоо аркылуу жүзөгө ашы-
рылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
- ченемдик укуктук актылардын ишкерлик субъекттеринин ишине жөнгө
салуучу таасирин талдоо ыкмасын (мындан ары - жөнгө салуучу таасирди
талдоо ыкмасы) бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин;
- ишкерликти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдашты-
руу жөнүндө мыйзам долбоорун эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыр-
гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна киргизсин, ал өзүнө тө-
мөнкүлөрдү камтыйт:
ишкерликти жөнгө сапуунун уруксат берүүчү ченемдик укуктук базасын
кайра карап чыгуунун жана оптималдаштыруунун негизги принциптерин;
аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу
органдарынын жөнгө салуучу таасирди талдоо ыкмасынын негизинде даярдал-
ган негиздемелерин алар бербеген учурда жөнгө салуучу ченемдик укуктук
актыларды автоматтык түрдө алып салуу механизмин;
аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор-
гандары, ошондой эле алардын түзүмдүк бөлүмдөрү берүүчү уруксат берүүчү
документтердин реестрин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен
бекитүүнү;
аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор-
гандары берүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү жана документтерди берүү үчүн акы-
ны мыйзам тарабынан белгилөөнү;
жөнгө салуучу уруксат берүү документин киргизүү үчүн негиздемелер-
дин жетиштүүлүгүнө баа берүү учурунда таламдаш бизнес-жамааттардын
өкүлдөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусун камсыз кылууну.
3. Аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу
органдары жөнгө салуучу таасирди талдоо ыкмасы бекитилген күндөн тартып
бир айлык мөөнөттө ишкерликтин уруксат берүүчү ченемдик актылары боюнча
негиздемелерди даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнү-
гүү жана соода министрлигине берсин. Жогоруда көрсөтүлгөн негиздемелер
тиешелүү чөйрөлөрдө ишти жүзөгө ашырып жаткан бизнес ассоциациялардын
өкүлдөрү менен милдеттүү тартипте макулдашылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик органдардын жана биз-
нес-жамааттардын өкүлдөрүнөн турган Жөнгө салуучу реформа боюнча ведом-
стволор аралык комиссияны түзсүн. Жөнгө салуучу реформа боюнча ведомст-
волор аралык комиссия:
- уруксат берүүчү жөнгө салуу документтери боюнча сунуштарды чо-
гултуунун жана даярдоонун мониторингин жана координацияланышын жүзөгө
ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбеген уруксат бе-
рүүчү ченемдик укуктук актыларды кайра карап чыгуу же күчүн жоготту деп
табуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
- аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу
органдарынын жөнгө салуучу таасирди талдоонун негизинде даярдалган не-
гиздемелерин алар бербеген учурда автоматтык түрдө алып салынуучу, Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилүүчү жөнгө салуучу
ченемдик укуктук актылардын тизмесин даярдайт.
5. Ведомстволор аралык комиссия ушул Жарлыктын 3-пунктунда көрсө-
түлгөн мөөнөт аяктагандан кийин үч айлык мөөнөттө ишкерликти мамлекет-
тик жөнгө салуу чөйрөсүндө уруксат берүүчү ченемдик укуктук актыларды
кайра карап чыгуу боюнча сунуштарды жалпыласын жана Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнө киргизсин.
6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социал-
дык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев