ЖарлыкКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы № 465 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

                            КР Президентинин

               2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына

                         ылайык күчүн жоготту

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 23-октябры ПЖ № 465

 

             КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

               Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

                депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону

                           дайындоо жөнүндө

 

     Бул Жарлыктын аткарылышын КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 5-ноябрындагы №

532 токтомун карањыз.

 

     Кыргыз Республикасынын  Жогорку  Кењеши мөөнөтүнөн мурда таркатыл-

гандыгына байланыштуу  жана  Кыргыз Республикасынын он экинчи шайланган

Жогорку Кењешинин  он  экинчи  сессиясында  1993-жылдын 5-майында кабыл

алынган, 2003-жылдын  3-февралындагы  референдумда кабыл алынган Кыргыз

Республикасынын 2003-жылдын  18-февралындагы № 40 "Кыргыз Республикасы-

нын Конституциясынын  жањы  редакциясы  жөнүндө"  Мыйзамында баяндалган

Кыргыз Республикасынын   Конституциясынын   46-статьясынын  6-пунктунун

3-пунктчасына, 63-статьясынын  5-пунктуна ылайык, ошондой эле 2007-жылы

21-октябрда Кыргыз  Республикасынын  референдумунун (бүткүл элдик добуш

берүүнүн) жыйынтыгын эске алуу менен токтом кылам:

     1. Кыргыз Республикасынын жањы чакырылыштагы Жогорку Кењешинин де-

путаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жекшембиге, 2007-жылдын 16-декабрына

дайындалсын

     2. Кыргыз Республикасынын жањы чакырылыштагы Жогорку Кењешинин де-

путаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2007-жылдын 21-октябрындагы референ-

думда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын

Конституциясынын жањы редакциясына жана Кыргыз Республикасындагы шайлоо

жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жањы редакциясына ылайык алар

күчүнө киргенден кийин жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.

     3. Кыргыз  Республикасынын  Шайлоо  жана референдум өткөрүү боюнча

Борбордук комиссиясы  Кыргыз Республикасынын жањы чакырылыштагы Жогорку

Кењешинин депутаттарын  мөөнөтүнөн мурда шайлоону ушул Жарлыктын 1 жана

2-пункттарына ылайык өткөрүүнү камсыз кылсын:

     4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

     - Кыргыз  Республикасынын  Шайлоо  жана  референдум өткөрүү боюнча

Борбордук комиссиясына чыгымдардын сметасына ылайык шайлоо өткөрүү үчүн

зарыл финансы каражаттарын бөлсүн;

     - шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда мыйзамдуулукту, жарандар-

дын укуктарын  жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо

боюнча чараларды көрсүн.

     5. Кыргыз  Республикасынын  Башкы прокуратурасы шайлоону даярдоодо

жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдары-

нын сакталышын камсыз кылсын.

     6. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана жер-

гиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын жетекчи-

лери, аскердик  бөлүктөрдүн командирлери шайлоо мыйзамдары менен белги-

ленген мөөнөттө шайлоочулардын тизмелерин түзүүнү, тактоону жана шайлоо

комиссияларына өткөрүп  берүүнү  камсыз  кылсын жана шайлоону даярдоодо

жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтсүн.

     7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев