Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-июну № 17/2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2020-жылдагы № 64 токтомунун негизинде айылдык кеңештин катчысы кызмат оруну киргизилгендигине байланыштуу Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн аппаратынын штаттык түзүмүн кайрадан бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 31.01.2017-жылдагы №17-“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндөгү ” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2020-жылдагы № 64 токтомун негиз кылып калкынын саны 6001ден ашкан айылдык аймактарда айылдык кеңештин катчысы кызмат оруну киргизилгендиги боюнча Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн аппаратынын штаттык түзүмү боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Жолдошованын берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2020-жылдагы № 64 токтомун негизинде калкынын саны 6001ден ашкан айылдык аймактарда айылдык кеңештин катчысы кызмат оруну киргизилгендиги байланыштуу Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн аппаратынын өзгөртүлгөн штаттык түзүмү тиркемеге ылайык бекитилсин. ( тиркеме тиркелет ).
2. Айылдык Кеңештин катчысынын ишмердүүлүгүн камсыз кылууда, анын эмгек акы жана башка чыгымдары менен каржылоону Кара-Кулжа райондук Каржы башкармалыгы менен макулдашып жүзөгө ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Жолдошовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы У.Ажимаматов) тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин төрагасы: Н.Жолдошов
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин
19.06.2020-жылдагы
№ 17/2 токтомуна тиркеме
Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн аппаратынын өзгөртүлгөн типтүү түзүмү жана штаттык
саны төмөндөгүдөй
КУРАМДА
№ | Аталышы | Саны |
1 | Айыл өкмөтүнүн башчысы | 1 |
2 | Башчынын орун басары | 1 |
3 | Жооптуу катчы | 1 |
4 | Бөлүм башчы | 1 |
Кеңештин иштери боюнча: | ||
1 | Айылдык кеңештин катчысы | 1 |
Башкы адистер: | ||
1 | Айыл чарбасы жана жер, турак жай маселелери боюнча адис | 1 |
2 | Мал чарбасы жана ветеринария жана адис | 1 |
3 | Коммуналдык менчик, турак жай, өзгөчө кырдаалдар боюнча адис | 1 |
4 | Компьютердик технологиялар жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис | 1 |
Жетектөөчү адистер | ||
1 | Социалдык коргоо жана маданий маселелер боюнча адис | 1 |
2 | Статист-экономист | 1 |
3 | Кирешелер боюнча адис | 2 |
Адистер | ||
1 | Кадр маселелери боюнча адис | 1 |
2 | Маалымат алмашуу адиси | 1 |
Айыл башчылар: | ||
1 | Сай айылынын айыл башчысы | 1 |
2 | Шаркыратма айылынын айыл башчысы | 1 |
3 | Жылкол айылынын айыл башчысы | 1 |
4 | Сары-Таш айылынын айыл башчысы | 1 |
Аскердик каттого алуу бөлүмү | ||
1 | Аскердик иштер боюнча адис | 1 |
2 | Аскердик иштер боюнча адис | 1 |
ТОП, МОПтор боюнча | ||
1 | Кароол | 1 |
2 | Уборщица | 1 |
|
|
|
| Жалпы айыл өкмөт боюнча: | 23 штат |
Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы : С.Осмоналиев
Ылай-Талаа айылдык Кеңеши Ылай-Талаа айыл өкмөтү
2020-жылдын 19-июну 2020-жылдын 19-июну
№ 17/3 № 68
БИРГЕЛЕШКЕН БУЙРУК
“Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн жана Ылай-Талаа айылдык кеңешинин биргелешкен конкурстук комиссиясын түзүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына, 1996-жылдын 12-декабрында бекитилген Ылай-Талаа айылдык кеңеши жөнүндө уставына, 2004-жылдын 3-ноябрында бекитилген Ылай-Талаа айыл өкмөтү жөнүндө уставына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө” Жобого ылайык буйрук кылабыз
1. Ылай-Талаа айылдык кеңешинин катчысы бош административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө конкурсту өткөрүү боюнча комиссиянын түзүмү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Карабаев Садык-айылдык кеңештин депутаты, конкурстук комиссиянын төрагасы;
Комиссиянын мүчөлөрү:
-Турдубай уулу Самаган-райондук мамлкеттик администрациясынын адиси;
-Мырзабаева Майрамкан-айыл өкмөтүнүн кадр маселеси боюнча адиси;
-Жолдошова Айнагүл-айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы;
-Осмоналиев Сулайман-айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;
-Исмаилов Орозмат-айыл өкмөтүнүн статист-экономисти;
-Жаңыбаева Гүлсүнбү-айыл аймагындагы аялдар кеңешинин төрайымы.
2. Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы бош административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө конкурсту өткөрүү боюнча комиссиянын түзүмү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Бекиев Шерали-айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, конкурстук комиссиянын төрагасы;
Комиссиянын мүчөлөрү:
-Турдубай уулу Самаган-райондук мамлкеттик администрациясынын адиси;
-Мырзабаева Майрамкан-айыл өкмөтүнүн кадр маселеси боюнча адиси;
-Жолдошова Айнагүл-айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы;
-Осмоналиев Сулайман-айылдык кеңештин катчысы;
-Исмаилов Орозмат-айыл өкмөтүнүн статист-экономисти;
-Жаңыбаева Гүлсүнбү-айыл аймагындагы аялдар кеңешинин төрайымы.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ш.Бекиевге, жооптуу катчысы С.Осмоналиевге жүктөлсүн.
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы:
төрагасы______________Н.Жолдошов _____________К.Баатыров