Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-июну № 17/4
Ылай-Талаа айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун айрым жерлерин ижара акысынан бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-III токтомунун 3-бөлүгүнүн 21-бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу” токтомунун 3-бөлүмүнүн 21-бөлүмчөсүнүн негизинде айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча башкы адиси Б.Исаевдин берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ылай-Талаа айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун төмөндөгү тиркемеде белгиленген контурда жайгашкан жерлерине аукцион аркылуу ижарага берүүдө эч бир жарандан сунуш түшпөгөндүгүнө байланыштуу төлөнүүчү ижара акысынан бошотулсун.( тиркеме тиркелет )
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы У.Ажимаматов) тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин төрагасы: Н.Жолдошов
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин
19.06.2020- жылдагы № 17/4
токтомуна тиркеме
Ылай-Талаа айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун ижара акысынан бошотулган жерлеринин жайгашкан контуру боюнча
ТИЗМЕСИ
№ |
Жайгашкан дареги, аталышы | Жер тилкесинин өлчөмү га менен |
Жайгашкан контуру |
1 | Жазы-Кечүү | 20 | 360 |
2 | Ак-Колот | 8 | 312 |
3 | Ак-Курбу | 29 | 466 |
4 | Бел-Башат | 62 | 172 |
5 | Сары-Башыл | 25 | 358 |
6 | Шамалдуу-Конуш | 17 |
|
7 | Кичи-Ак-Ой | 4 | 479 |
8 | Сары-Ой | 25 | 174 |
9 | Ийри-Суу | 45 | 340/334 |
10 | Кара-Ойдун бети | 3.6 | 362 |
11 | Чоң-Боз-Дөң | 20 | 297 |
12 | Бакпас | 6.10 | 457 |
13 | Кара-Чачтын ою | 2.5 | 300 |
14 | Беш-Теректин чуңкуру | 4.2 | 259 |
15 | Караган чуңкур | 25 |
|
16 | Көк-Жар | 1.6 | 258 |
17 | Түрк кончу | 12 |
|
18 | Күндө көчөр | 4 |
|
19 | Суу кирген пор | 5 |
|
| Бардыгы: | 319 |
|
Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы: С.Осмоналиев